КҮЗГҮ МОДА-2016: КАНДАЙ СЫРТ КИЙИМДИ ТАНДОО КЕРЕК?

Быйылкы жылдын күзгү тренди эркектердин кийиминин стилине багытталган. Бул өзгөчөлүктү классикалык, күнүмдүк (кэжуал) кийинүү образдарынан көрүп эле жүрөбүз. Стилисттер айымдарга жеңи жок жилет, кардиган, жука пальто жана кайыш күрмөлөрдү сунуштайт. Ал эми мырзалар  үчүн узун сырт кийимдер, жерге тийген моюн орогуч жана шляпа мода экенин айтышат.

ЖИЛЕТТИ
кыска көйнөк, классикалык,спорттук кийимдер менен кийүүгө болот. Эгер жашыңыз 40тан жогору болсо, анда классикалык, узундугу тизеден ылдый, ак, кара, күрөң түстөргө басым жасаңыз. Бул пикирди толук айымдар да эске алса жакшы жыйынтык берет.


КАРДИГАН. Бул жылы айымдар үчүн узун, ачык деңиз түстөгү кардигандар модада. Аны денеге чыпташкан шым, ботильон же бийик такалуу бут кийимдер менен кийип, колуңузга орто көлөмдөгү сумка көтөрүп алыңыз. Толук айымдар үчүн узундугу тизеге жеткен, бүчүсү жок кардигандар жакшы жарашса, арык чырай айымдарга жоон жиптен токулган, бүчүсү барлар сунушталат.


Мырзалар кардигандын түстөрүн тандабай кие берсе болот, бирок айкалыштырып кийген кийимдери бир өңчөй түстө болгону туура.



КҮЗГҮ ПАЛЬТО
. Быйылкы күз-кыш мезгилинин тренди жамынма (пончо), чатыраш кездемеден тигилген узун жана милитари (эки катар кадалган темир топчулары, чоң чөнтөгү бар, бүктөлмө жакалуу сырт кийим) пальтолору. Жамынма пальтону бардык курактагы айымдар кийсе болот. Ал эми чатыраш узун пальтолор арык, бою узун бийкечтерге гана сунушталат. Милитарини берет, көйнөк жана этеги жайык шымдар менен кийсеңиз жакшы жарашат. Дагы бир жаңы тренд – бул кызыл ашыкка чейинки узундуктагы пальто. Мунун айырмачылыгы – анын жөнөкөйлүгүндө, узундугунда. Стилисттер өзүңүзгө бир көлөм чоң, кенен пальтону сунуштайт.

Ал эми мырзалар пальтону тандоодо тышкы көрүнүшүнө, кездеменин сапаттуулугуна, узундугуна, түсүнө өзгөчө маани бериши керек. Кара, саргыч боз, кара көк түстөгү пальтолор модада.


Парка – мырзалардын көп чөнтөктүү күрмөсү. Ал денени жамбаш бөлүгүнө чейин жаап, шамал өткөрбөй, сууктан сактайт. Парка күрмөсүн кийүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү саргыч боз, кызгылт сары түстөгүлөрүн тандашканы оң.


КҮРМӨ (косуха) – булгаарыдан, баркыттан жана жынсы кездемеден тигилип, илмеги сол капталдан башталып, көкүрөктүн оң капталынан бүтөт. Кийинүүнүн бардык стилине ылайык келет. Кара түстөгү күрмө гардеробуңуздагы бардык кийимдер менен жакшы айкалышат.

Мырзалардын күрмөсүнүн өзгөчөлүгү – "Модада тыюу жок" дегендей, айрым мырзалар косуханы классикалык костюм, шымдар менен кийип жүрүшөт. Стилисттер муну свитер, көйнөк, футболка, жынсы шымдар менен кийүүнү сунушташат.

Бактыгүл Момбекова
Алишер Алиев
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бул күздө кандай сырт кийим модада?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
DNurgiza
2016-10-05 22:02:04
мода деп эле жарашпагандарды кие бергендерди жактырбайм..... өзүнө жарашыктуу кийинсе, ошо мода да.....
+6
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан