FINCA БАНК КАРДАРЛАРЫНА ӨЗГӨЧӨ ШАРТТАРДЫ ТҮЗҮҮДӨ

Кыргызстанда 20 жылдык тарыхы бар FINCA Банкы кардарларына ыңгайлуу шарт түзүү иштери менен алек. Алсак, аталган банктын башкы кеңсесинде 27-сентябрь күнү атайын кардарларга ыңгайлуу болгон заманбап Операциялык башкаруу залынын бет ачары болуп өттү. Анда кардарлар үчүн максималдуу ыңгайлуулуктар каралган. Мурун кардарларыбыз банкка келип кезек күтүп зеригип отурган болсо, эми алар үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. Дегенибиз, кардарларды тейлөө залында балдар үчүн атайын оюн аянтчасы бар. FINCA Банкы дал ушундай шарты бар залдарын башка филиалдарында да ачууну көздөйт.
FINCA Банктын кардарлары үчүн жасалган заманбап кеңсенин ачылышында Операциялык башкаруу залынын
жетекчиси Нурайым Манапбаева төмөнкүлөргө токтолду:
– FINCA Банкынын башкы милдети – кардарларына туруктуу, ишенимдүү өнөктөш болуу. Ошондой эле стабилдүүлүктү сактап, аларга сапаттуу кызмат көрсөтүү. Мындай бардык талапка жооп берген заманбап кеңсени ачуу идеясы банктын өсүүсүнө багыт берген кадам болот деп ишенем. Күтүү залдарыбыздын дизайнын жаңыртууда биз кардарларыбыздын ыңгайын ойлодук. Сиз FINCA Банкына келгенде өзүңүздү эркин, жакындарыңыздын курчоосундагыдай сезип отурушуңузду кааладык. Биздин жаңыртылган кеңседе кызматкерлерибиз кардарларыбызга финансылык кызмат көрсөтүүдөн сырткары сизге чай же кофе сунуштап, көңүлүңүздү алууга даяр.
Банктын алдыңкы пландарында Бишкекте жана аймактарда жаңы кеңселерди ачуу планы бар. Биз кардарларыбыз менен бирге өлкөбүздөгү бизнестин өнүгүүсүнө чоң салым кошобуз деп ойлойм.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Tiguuchu
2016-10-03 10:59:15
Мындай залдан коро,толоо системасын озгортуп,жакшыртпайбы.
+2
loyal
2016-10-03 23:20:03
Супер!!!!!! ФИНКА Банк алгааааа
0
atakyzy
2016-10-04 19:26:49
ФИНКА банк Алга!!!!
0
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан