ТАМАК-АШТЫН ӨҢ-КЕЛБЕТКЕ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Бүгүнкү күндө ар кандай косметикалык каражаттардын жардамы менен жүзүбүздү бат эле иретке келтирип алабыз. Бирок келбетибиздеги кемчиликтерди түп тамырынан жок кылуунун бир гана жолу бар дешет диетологдор. Ал – туура тамактануу.

"ЭМНЕНИ ЖЕСЕҢ, СЕН ОШОЛ НЕРСЕСИҢ"

"Медицинанын атасы" атка конгон Гиппократтын "эмнени жесең, сен ошолсуң" деген сөзү бүгүнкү күндө да абдан актуалдуу. Өң-келбетке кам көрүүнүн биринчи кадамы жеп жаткан тамак-ашыбыздан башталат.
Жылмакай, тунук тери үчүн негизинен үч нерсе жооп берет: каротиноиддер, меланин жана гемоглобин. Бири картаюу процессине жооп берсе, экинчиси теридеги тактардын алдын алат, ал эми үчүнчүсү канды кычкылтек менен камсыздайт.
Жүзүңүзгө бырыш түшпөй, бет териңиз чымыр бойдон турсун десеңиз, анда каротиноиддерге бай азыктарга көбүрөөк басым жасаганыңыз оң. Мындай азыктарды кызгылт сары өңдөгү жер-жемиштерден табасыз. Мисалы, ашкабак, курма, чычырканак, сабиз жана башкалар. Ал эми териге, чачка, алтургай көзүбүзгө да өң берип турган пигмент меланинди көбүнчө уйдун боорунан, төө буурчак, бадам, күрүч, банан жана кызыл балыктан алабыз. Грек жаңгагы, кара шоколад, гречка, анардын ширеси, жашыл алма жана башка азыктар организмге гемоглобин берип турат.

СУЛУУЛУК ТАРТУУЛАГАН АЗЫКТАР

Белгилүү дерматолог Стефани Уильямстын айтымында, шоколад адамдын бет терисинин тунук жана чымыр болушун шарттайт. Ошол эле учурда ден соолукка пайдалуу делген чечевица терини тез картаюуга алып келет экен.

Зайтун майы.

Баарынан да кургак терилүүлөрдүн жүзүнө бырыш тез түшөт. Зайтун майынын курамындагы май кислотасы жана Е, В витаминдери бет териңизди калыбына келтирип, эрте бырыш түшүүдөн сактайт.

Майлуу балык.

Лосось, сардина, сельдь жана скрумбия. Бул балыктар А, D жана омега-3 кислотасына абдан бай. Ал өз кезегинде кан айланууну жакшыртып, терини азыктандырат.

Жумуртканы

жумасына бир нече жолу жеп турган адамдын тырмактары бекем болот. Себеби анда тырмактардын бекемдигин камсыздаган биотин көп.

Помидор.


Англиялык окумуштуулардын изилдөөсү боюнча, помидор, томат пастасы бетке эрте бырыш түшүүдөн сактап, күн нурунан коргойт. Томатты көп жеген адамдын жүзү нурданып, аны таптакыр жебегендерге караганда күн нуруна 33 пайызга көбүрөөк туруштук бере алышат.

Ашкабактын данеги.


Беттеги безеткилердин алдын алуучу бирден бир каражат. Себеби бул азыктын курамында безеткилерди дарылоодо колдонулган цинк бар. Күнүнө 2 аш кашык ашкабактын данын жеген адамда безетки болбойт.

Жаңгак.


Бекеринен жаңгактарды "түбөлүктүү жаштыктын азыгы" дешпесе керек. Анткени алар Е витаминдерине жана коэнзим Q10 антиоксиданттарына бай. Аталган азыктар организмдеги токсиндерден жана күн нурунун терс таасиринен сактайт.

Алма.


"Күнүнө бир алма жеген адам тиш доктурга аз барат" деген кеп бар эмеспи. Тиштин эмалындагы чайдан, кофеден жана тамеки тартуудан калган тактардан арылууга да өз салымын кошот.

Жашыл буурчакта


рекорддук санда кремний бар деп окумуштуулар далилдешкен. Кремний сиздин калың, жумшак жана бекем чачыңыздын кепили.

Кычкыл жер-жемиштер.


Көпчүлүгүбүз билгендей эле апельсин, киви, кара карагат жана кулпунайда С витамини абдан көп. Алар тери алдындагы кан тамырлардын чымыр болушун шарттап, эрте картаюунун алдын алат.

Көк чай.


Тери жана сулуулук үчүн эң керек болгон антиоксиданттарга бай көк чай ичүү да жаштыкты узакка сактоонун бир ыкмасы.

КЕЛБЕТТҮҮ БОЛУУГА ТЕРС ТААСИРИН БЕРГЕН ТАМАК-АШТАР

Таттуулар.


Терибиздин тунук, чымыр, сулуу болуп турушун шарттаган коллаген менен эластин таттуулардын бардык химиялык түрүнөн "коркот". Күн сайын таттуу азыктарды жеп туруу менен бет терибизде кара тактар менен безеткилердин пайда болушуна, эрте бырыш түшүүгө жол ачып берген болобуз.

Айрыкча той, кечелердин эртеси бетибизде жаңы бүдүрлөр пайда болуп, көзүбүздүн алды шишип калганын байкайбыз. Мындай көрүнүш кимге жаксын? Бул туздуу тамактардын таасири: туздалган балык, гриль тоок, туздуу эт жана башкалар.


Бул бирден бир боорго күч келтирип жатканынын белгиси.

Майлуу тамактар,

анын ичинде майлуулугу жогору сүт азыктары да биздин келбетибизге терс таасирин берет. Куурулган, майлуу эттер, ышталган тоок эти дагы тез картаюуга шарт түзөт. Этти бууга же сууга кайнатып жеп, ал эми сүттүн майлуулугу өтө азын тандаганыңыз оң.

Ак ундан жасалган азыктар.


Ак нан, майга бышкан токочтордун бардык түрү, бисквит торттору, макарон азыктары жана фри картошкаларында углеводдордун саны эбегейсиз зор. Бул дагы өз кезегинде май бездерине абдан чоң зыянын тийгизет дагы, тери бат картаят.

Тамекинин, алкоголдук ичимдиктердин,


кофеиндин, консерванттардын жана ар кандай кошулмалары бар газдалган суусундуктардын зыяны тууралуу айтпаса да белгилүү. Бул азыктардан алган зыяндын акыры рак ооруларына чейин жеткирет.

Чолпон Сүйүнбаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Shat.88
2016-10-03 09:36:48
Менин бетим ото майлуу жогоруда айтылгандын баарын сактап диета кармадым, майлуулук азайбай койду бирок бетим агарып тунук болуп калды баарынан жаманы арык элем дагы арыктап кеттим.
+3
Nora
2016-10-08 06:25:37
Shat.88, kolundu betke tyigizbei klatochkige kir samyn suikop alyp betindi juusan,jakshy jardam beret.
0
zaika.tvo9.1990
2016-10-03 12:20:03
Помидор менен кычкыл жер-жемиштер алдындагы сөздөр бирдей окшош го. Админ окуп, оңдоп койсоңор.
+1
ilgis1991
2016-10-04 00:54:00
Биз Кыкемдер дайыма майлуу кучтуу тамак жебесек жашагандай болбойбуз го... Ошондо не кылыш к.к аа?
+3
alhamdu
2016-10-06 17:07:06
ilgis1991,анан дагы укмуш эле нан жейбизго;)
0
nakiw
2016-10-04 14:38:34
Жашым 31 де болсо да жаш баладай таттууну жебесем кунум отпойт((( балдарыман талашып жейм калбай калса кадимкидей таарынам.канча аракет кылып кордум болбоду.картайып кемпир болсом да таттуу жейт окшойм.
+2
dina-85
2016-10-04 15:24:27
Жакшы кенеш,коп нерсе билдим
+2
alykul
2016-10-04 21:50:34
Менин терим өтө кургак жүзүмө бырыш да түшүүдө.эх.х
+1
alina79
2016-10-04 22:46:23
зайтундун орусчасы кандай болот!
+1
sladkaja_konfetka
2016-10-05 10:34:39
alina79,оливка
+1
alhamdu
2016-10-06 17:05:14
Нанга нан кошуп жегендер кантет анда)))
+1
wwwonline
2016-10-07 03:05:18
Et menen undan jazalgan azyktardy az jep, jer jemish, jashylchalardy kop jesener jash boidon kalasynar, anan da Cola, Fanta, Red Bull degenderdi taptakyr ichpesh kerek, anyn orduna, gazdalbagan suu, kok chai, ramashka chaiy jana bashka chopton jazalgan chailardy ichkile, kara chaydy azyraak ichkenge araket kylgyla. Menin vrachymdyn aitymynda, kofe, cappuchino, latte degender da adamdyn organizmin stresske alyp kelet eken, oshonduktan alardy da azaitkyla.
+1
wwwonline
2016-10-07 03:10:59
P.S.
Bishkekte vegetaryanskiy restoran barby? Kim bilet?
+1
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан