АНГЕЛА МЕРКЕЛЬ АЛА-АРЧАНЫ ЖАКТЫРЫП КЕТТИБИ?

Германиянын канцлери Ангела Меркель ушул жылдын июль айында Кыргыз мамлекетине иш сапары менен келип кеткени эсиңизде бар чыгар. Мына ошол визитте расмий иш-чаралар менен катар немис өкмөт башчысы ажо Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн коштоосунда "Ала-Арча" коругунда болуп, жаратылыштын кооздугу менен таанышууга жетишкен. Кыргыздын дагы бир фишкасы – элинин меймандостугу эмеспи, мамлекеттик резиденцияда канцлерге тартылган тамак-аш менен суу өз баасын таап отурат. Европалык стандартка ылайык, батыш өлкөлөрүндө азык-түлүктүн тыкыр текшерүүдөн өтүүсү көндүм болуп калган. Мына ошол талапка жооп берген "Ала-Арча" деген жаңы суу Ангела Меркелге өтө жагып калганын айтып жатышат. Өлкө башчылары жактырып ичкен бул сууну ким чыгарып жатканы азырынча сыр...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан