Ойногон клубдары:
Жетишкендиктери:
Жеке өзүнө тиешелүү наамдар:
Голландиянын мыкты футболчусу;
Голландиядагы футболчулардын экинчи “алтын муунунун” жылдызы.
КИЧИНЕКЕЙ ЧЫГААН ОЮНЧУГолландия футболунун тарыхы эки «алтын муунду» билет. Биринчиси 70-жылдары жаркырап жанган Круифтин аты менен байланыштуу. 80-жылдардын экинчи жарымына туш келген дагы бир муундун негизин Гуллит, Ван Бастен жана Райкард түзөт.
Бала чагынан эле футбол Рууд үчүн жашоосунун бир бөлүгү болуп калган. Гуллит жана Райкард жакын жашашкан жана Амстердамдын аянттарында чогуу топ тээп чоңоюшкан. Рууд дайыма өзүнөн чоңдор менен ойноого умтулчу. Анткени, өзү менен теңдерден бир кыйла узун болуп, алардан эки эседей ылдам чуркачу. Атаандаш командасындагылардын бардыгын алдап барып, гол киргизген учурлары көп кездешчү. 15 жаш курагында Рууд Голландиянын мектеп командасынын намысын коргоп чыгып, ошондо эле аны келечекте жаркын профессионалдык карьера күтөөрү белгилүү болгон. Бирок,16 жашында Рууд күтүлбөгөн окуяга туш болот. Атактуу «Аякс» клубуна тандоодо аны кабыл албай коюшат. Ал эми аны менен бирге барган Франк Райкард өтүп кетет.
Аргасыз Рууд амстердамдык «ДВС» клубуна алынып, дароо эле команда курамы менен ойноп баштайт.
ЛИДЕРЛИККЕ ЖЕТҮҮ
17 жашында Гуллит «Харлем» командасы менен биринчи профессионалдык келишим түзөт. Аталган клубдун намысын коргоп жүргөндө ал улуттук курама командага да чакырылат. Бул 1981-жылдын 1-сентябрында 19 жашка чыккан күнү болот. Ал эми улуттук команданын негизги курамына Рууд андан үч жылдан кийин кошулат.
Гуллиттин келечектүү жолго чыгуусу 1982-жылы, «Фейеноорд» командасына алынганда башталат. Ошол кез өзүнүн карьерасынын аягына чыгуу үчүн бул клубга атактуу Йохан Круифф келген маал эле. Аны менен бирге ойноо Гуллиттин айтымында, чоң ырахат жана чеберчиликтин сырларын үйрөнүүдөгү улуу мүмкүнчүлүк болчу. «Фейеноорддо» өткөргөн үч сезондун эң мыктысы ортодогу 1983-1984-жылдары болду. Анда «Фейеноорд» эки ийгиликке жетишип, өлкө чемпионаты менен бирге Голландия Кубогун алган. Оюнчуга «ПСВ» кызыкдар болуп калып, Рууд жаңы клубга өтөт. Буга чейин жарым коргоочу болуп келген Гуллит «ПСВда» чабуул сызыгына өтө баштайт. Ыкчамдык, талааны мыкты байкоо, ажайып техника жана өзгөчө ойлонуу менен Рууд алгач «ПСВнин», андан соң «Милан» клубунун жана Голландия курама командасынын лидерине айланган. Ал өзүнүн өнөктөштөрүнө пас берип, атаандаштарынын чабуулдарын кесүү менен 1985-1986-жылдары чемпионатта 24 гол, ал эми кийинки биринчиликте 22 гол киргизген. Муну менен команда эки ирет чемпион болгон.
“МИЛАНДЫ” ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТУУ
Суперклубдардын ээлеринин арасынан ага Сильвио Берлускони өтө кызыкдар болгон. Телевизиондук магнат жаңы гана «Миланды» сатып алып, ага мурдагы атактуулукту кайтарып берүүгө умтулган. Берлускони Гуллитти ал мезгилдеги рекорддуу акчага, 10 миллион долларга сатып алган. Ал эле эмес, эң жогорку айлык маяна, жылына 2 миллион доллар төлөп берип турган. Бул акча жумшоолор текке кеткен эмес. Гуллит менен бирге Берлускони Франк Райкардды да сатып алат. Ошентип, эки дос Рууд менен Франк кайра кошулган. Булардан тышкары, Берлускони Марко Ван Бастенди алууга да жетишет. Натыйжада, “Милан” (1987-1988-жж.) соңку он жылдагы Биринчи Чемпиондук Кубокту алган. Ал эми 1988-жылдын жай мезгилинде голландиялыктар Европа чемпиону болушат. СССР – Голландия матчынан демейде, Ван Бастендин суперголу эске түшөт. Бирок, анын алдында эле Дасаевдин дарбазасына (Россиянын футбол командасы жөнүндө сөз болуп жатат) Гуллит гол киргизген.
ИЙГИЛИК КОШТОБОГОН ЖЫЛДАР«Миланга» Фабио Капелло машыктыруучу болуп келгенден баштап Гуллиттин оюнуна балта чабылган. Жаңы машыктыруучу аны оң тараптагы жарым коргоочу кыла коюп, Гуллитти оңтойсуз абалда калтырган. Ал эле эмес, «Миланда» чет элдик легион көбөйүп кетип, орун алмашууга туура келгендиктен, Гуллит көбүнчө ашыкча болуп калчу. Кийин «Сампдория» клубуна барып, эркиндик алуу менен ал кайрадан укмуш оюн көрсөтө баштаган. Бир сезондо 15 гол киргизип, «Сампдорияга» Италия Кубогун алып берет.
«Сампдорияда» дагы бир жыл жаркын оюн көрсөткөн соң 1995-жылы ага «Челси» клубунан сунуш түшөт. Андан баш тартууга болбойт эле. 1996-жылы «Челсинин» машыктыруучусу Гленн Ходдл Англия командасына ишке кетип, өз ордун Гуллитке калтырат. Ал алгачкы кезекте Жанлуко Виаллини сатып алуу демилгесин көтөрүп, команда Англия Кубогун алууга жетишет. Бирок, Рууд 1998-жылы катуу чарчагандыгын айтып, күтүлбөгөн жерден «Челсиден» кетип калган. Бир аз эс алуудан кийин Гуллит «Ньюкасл» командасын баштап калат. Бирок, иштери жүрүшпөгөндүктөн, кайра кетүүгө аргасыз болот.
РУУД - МУЗЫКАНТ
Жаш кезинде Гуллит гитара ойной коюп, бир мезгилде рок-группаны да жетектеген. Чынында, анын тобу анча популярдуу эмес эле. Бирок, иштин баары мында эмес. 1988-жылы Рууд өзүнүн досу жана Голландия курама командасынын жылдызы Франк Райкард менен Германиядагы Европа чемпионатындагы жеңишинен кийин эс алып жүрүшкөн. Гуллит өзүнүн мурдагы жолдошторунун бирине конок болуп кирүүнү чечет. Аны менен убагында Рууд сахнага чыгып жүрчү. Ал жолдошу музыка жолу менен эле жүрүп олтурган, бирок, өзгөчө ийгиликке жете алган эмес. Эски достор чогулуп, гитараларын болушунча кагып, моокуму канган соң тарап кетишет. Анын бардыгы магнитофонго жазылып жатат деген ой Руудга таптакыр келген эмес. Жөндүү жолдошу жазылып алынган ырлардан кандай пайда тапса болот экендигин ойлоно коюп, көп өтпөй пластинка чыгарат. Анын эсеби туптуура чыкты. Футбол дүйнөсүндө атагы алыска угулган Гуллит менен Райкард ырдап жаткан пластинка дароо эле элге тарап, сатылып кетет. Ошентип, шылуун жигит өзүнүн ойдо жок иши менен байый түшкөн. Голландиянын улуу футболчулары өз үлүштөрүн албаганы менен айкөлдүгүн билдирип, эски жолдошко эч кандай доо коюшкан эмес.
Даярдаган Медер Тентимиш уулу