ИЙГИЛИКТИН ЖЫЙЫНТЫКТУУ БАСКЫЧЫ

«НАШЕ» сатып ал – байгелерди утуп ал» акциясында утуп алуу мүмкүнчүлүгү эми 10 эсеге көбөйдү. Байгелер дагы миңдеп саналат, ал эми ойнотуунун аякташына болгону 10 күн калды. Акциянын уюштуруучусу – "Абдыш-Ата" компаниясы мега-байгелүү ойнотуунун катышуучуларына сентябрдын ортосунда дагы бир жагымдуу күтүлбөгөн белек даярдап койду.

http://promo.nashe.kg сайтындагы "Жеңүүчүлөр" бөлүмү акцияда айтылган белектердин дээрлик бардык коллекциясын чогулткан ийгилик ээлеринин жаңы сүрөттөрү менен дайыма толукталып турат. Бул "ийгилик галереясын" өзүңдүн сүрөтүң менен толуктоо абдан эле жөнөкөй: Акциялык "НАШЕ`нин" жакшы көргөн түрүн сатып алып, капкак алдындагы промо-кодду таап, аны SMS менен «8888» номерине жөнөтөсүз. Компьютердик программа кодду иштеп чыккандан кийин жооп бир нече мүнөттөн соң эле келет. Эгер ийгилик сизге жылмайган болсо, анда 0800 00 888 88 тынымсыз байланыш телефонуна чалып, жакынкы Байгелерди берүү борборунун дарегин билсеңиз болот.
Бир телефондун номеринен жөнөтүлгөн коддордун саны чектелбейт. Мега-байгелүү акциядагы жалгыз чектөө – бул катышуучулардын жаш курагы. Катышуучулардын жашы он сегизден ашкан жана "НАШЕ" маркасынын акциялык продукцияларын чектеп ичүүгө жоопкерчилик ала алган жарандар болушу шарт.
Эгер сиз бул байгелерди мега-ойнотууга катыша элек болсоңуз, азыр кошулуңуз! Анткени дагы 10 күн убакыт бар, акыркы SMS-билдирүүнү компьютер 11-октябрь күнү саат 23:59га чейин кабыл алат.
Акция али бүтө элек, бирок азыр "НАШЕ" өз продукцияларынын миңдеген баалоочуларына жакшы маанай тартуулай алды деп ишенимдүү айта берсек болот. Ийгилик тартуулаган суусундуктар жана кызыктыруучу байгелер – бул чынында сонун айкалыш! Мындай "кошулмасыз" эле алар мыкты болчу, анткени "Абдыш-Ата" продукцияларын даярдоо технологиясынын өзү табият тартуулаган мыкты заттарды курамына камтыйт эмеспи. Таза, жумшак суу менен накта чийки заттын айкалышы "НАШЕ" маркасындагы бардык суусундуктарга мүнөздүү көрүнүш. Так ошондуктан акциянын жеңүүчүлөрү белектерге эле эмес, "НАШЕ" продукцияларына да ыраазычылык билдиришет.

Кыялбек Курманбетов, Жалал-Абад: – Ар бир адам жеңүүчү боло ала турган ушундай акциянын уюштуруучуларына рахмат, ар жолу ийгилик жылмайганда бала кезиңдегидей кубанычка батасың. Айтмакчы, биз достор менен эми "НАШЕ`ни" гана тандайбыз, анткени акциянын убагында "Абдыш-Ата" компаниясынын сайтына
(www.abdysh-ata.kg) кирип, алардын продукциялары кандай даярдалары тууралуу видеону көргөнбүз.
Нурлан Сулайманов, Талас: – Акцияга гана катышпастан, "НАШЕ`нин" продукцияларын өз дүкөнүмдө кардарларга да сунуштайм. Өзүм дагы ар бир иш күнүмдү "НАШЕ" бөтөлкөсү менен аяктоо салт болуп калды. Эми бир дагы күнүм «8888» кыска номерине СМС жөнөтпөсөм өтпөй калды.

СИЗ ДАГЫ КОШУЛАСЫЗБЫ?
АНДА ЭРЕЖЕНИ ЭСИҢИЗГЕ САЛАБЫЗ:

  • Суусундуктар текчесинен "Акциялык" деп кызыл маркер менен жазылган "Наше" соода маркасынын продукцияларын издеңиздер;
  • Ар бир бөтөлкөнүн капкагында промо-код бар, аны «8888» кыска номерине жөнөтүү керек (СМС-билдирүүнүн баасы 1 сом);
  • Промо-кодду promo.nashe.kg сайтына бекер каттасаңыз болот;
  • Дароо эле коддун статусу жөнүндө жоопту СМС-билдирүү түрүндө аласыз;
  • Эгер ал утуштуу болсо, паспортуңуз менен Байгелерди берүү борборлорунун бирине келиңиз, жакынкы даректи 0-800 00 888 88 телефону аркылуу билсеңиз болот.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан