Кыргызстанда өзгөн күрүчүн жок дегенде бир жолу жеп көрбөгөн адам жок болсо керек, бирок ал кантип өстүрүлөрүн билбегендер көп. Атактуу Барпы акын да ырына кошо кеткен бул күрүч жүздөгөн жылдар мурун кантип өстүрүлсө, азыр деле ошол күрүч өстүрүү маданияты анча-мынча өзгөргөнү менен, негизинен ошондой эле сакталып калган. Бул сапар өзгөчө сапаты, баалуулугу менен башка күрүчтөрдөн айырмаланган өзгөн күрүчү кантип өстүрүлөрү тууралуу маалымат бермекчибиз.
Күрүч тууралуу:
«ӨЗГӨН КҮРҮЧҮ ЭСКИ ЫКМА БОЮНЧА АКТАЛАТ»
Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Макаренко айылынын тургуну, дыйкан Жеңиш Касымбеков күрүч даяр болгуча кандай эмгек талап кылынарын айтып берди:
– Алгач жакшы урук тандалып алынып, ал өнгөнчө сууга чыланып турат. Бул убакыттын ичинде жер айдалып, пал (суу тегиз жаткыдай 4 бурчтуу аянт) даярдалат. Четтерине ылай шыбалган палга суу толтурулган соң ичи чөп-чар, тамырлардан тазалоо үчүн малаланат. Малалоо учурунда палдын ичиндеги суу аябай ылайланат да, дал ошол учурда өнгөн урук себилип, суу тунганда ылай урукту басып калат. Урук 1-2 жуманын ичинде тегиз көгөрүп, 20 күндө чыгат. Ошондой эле көчөт кылып да эгилет, мындай кылып отургузулган шалынын даны чоң-чоң болуп, түшүмдү жакшы берет.
Май айларында эгилген шалы июнь-июль айларында 2 ирет отолот. Шалы канчалык таза отолсо, ошончолук жакшы өсөт да, даны күрмөк аралашпай таза болот. Азыр көпчүлүк дыйкандар сууга түшүп отоп кыйналбастан, чыккан чөптөрдү атайын дары менен жок кылып калышкан.
Шалы сортуна жараша ар кандай убакта бышып жетилет. Мисалы, эң көп эгилген «кара кылтырык» сорту 120, ал эми «марго» сорту 100 күндө бышып жетилип, жыйнап алууга даяр болот.
Шалы саргайып бышкандан кийин суу токтотулуп, жер кургаганда орок менен орулат. Орулган шалынын дандуу жагын ичине, сабагын сыртына каратып тегерек формада, 2-3 метр бийиктикте үймөк кылып жыйналат. Бул учур «шалыны кызытуу» деп аталып, анда шалынын башы кызыл тартып, чыңалат. Эгер шалы кызытылбаса түсү ак болуп калат, ал эми көп кызып кетсе, анда күрүч даста (кээ бирлери өтө кызыл, кээ бирлери саргыч) болуп калат. Күн ачык болсо 10 күндөн кийин кызыган шалыны комбайнга салып, саманы менен даны бири-биринен бөлүнүп алынат. Андан соң дан таза жерге жайылып, 10-12 күндөй кургатылат. Кургатылган шалы эми илгертеден келе жаткан эски ыкма боюнча акжубазда акталат. Акжубазда шалынын кабыгы аарчылып, күрүч сокуда 3 сааттан 10 саатка чейин акталат. Акжубаздан чыккан күрүч жегенге даяр. Мен быйыл 3 гектар жерге шалы эгип, андан 15 тоннага жакын шалы алдым.
«БОЁКТУН ЗЫЯНЫ ЖОК»
Дагы бир дыйкан Замир Сыдыковдун айтымында, өзгөн күрүчүнүн түсү адегенде базардагыдай кызыл болбойт.
– Шалы өстүрүү башка өсүмдүктөрдү өстүрүүгө караганда бир топ эмгекти талап кылат. 1 гектар аянтка 100 килограммдай урук керектелет. Эгер шалы жакшы болсо, бул аянттан 5-6 тоннага чейин түшүм жыйнап алууга болот. Ал шалыны актаганда 3-3,5 тонна таза күрүч чыгат. Негизи өзгөн күрүчүнүн түсү адегенде базардагыдай кызыл болбойт. Күрүч өтүмдүү болуш үчүн гана шалыны акжубазда актап жатканда боёк кошуп коюшат. Анын эч кандай зыяны жок, тамак кылар алдында күрүчтү жууганда боёгу чыгып кетет. Кээ бирлери эч кандай боёк кошушпайт. 2 жыл мурун Орто Азияда биринчи жолу «Биздин жердин күрүчү» деген фестиваль өткөн. Ошондо окумуштуулар «Өзгөн күрүчү башка күрүчкө салыштырмалуу өзгөчө сапатка жана даамга ээ. Анда Менделеевдин таблицасындагы организмге пайдалуу делген элементтердин баары бар экен» деп баа беришкен. Өзгөн күрүчүнүн 2 сорту (ак урук, кара кылтырык) ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн рыногуна чыга алат. Бирок өзүбүздүн элдин керектөөсүнөн көп ашпагандыктан сыртка деле көп чыкпайт.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg