(Башталышы өткөн сандарда)
Сейил бакка келип бир аз отурган соң Айдай каалгый басып келди.
– Кандай, профессор? - кыз эркелей жигитти эриндеринен өптү.
– Жакшы эле. Жашоом бразилиялык сериалдардай эле болуп жатат...
– Мм, кызыктуу экен, айтчы анда...
– Элиза деген студент кыз бар болчу... - анан Эрлан акыркы күндөрү болуп жаткан окуялардын баарын төкпөй-чачпай айтып баштады.
Алысыраакта Элиза Эрландын өзү менен өзү каткырып күлүп сүйлөшүп жатканын көрүп денесин калтырак басты. "Бул эмнеси?.." деди ичинен. Бирок жооп жок болчу. Кыз коркуп чыкты.
– Баса, ушул жуманын аягында мен сени ата-энем менен тааныштырам, - Эрлан сүйлөп бүтүп жылмаюу менен Айдайына кайрылды.
– Мм... - Айдай ойлонуп калды...
– Мен абдан уялчаакмын. Билесиң го... Мүмкүн, кийинчерээк?
– Жок, мен апама айтып койдум. Коркпо, сен апама жагасың.
– Мейли анда...
ххх
Элиза агайынан көз албай көпкө отурду. Бир убакта Эрлан жол жээгине чыкты, арыда турган такси акырын жылып келди да, унаанын ичиндеги жашы өтүп калган айдоочу жигитти унаасына салбай эле андан акча алып, белгисиз тарапка жөнөп кетти. Жигит кайрадан жолдун берки жээгине чыкты да, маанайы көтөрүңкү түрдө басып баратты.
Агайынын караанын узатып карап турган маалда Элиза жаңы эле Эрландан акча алып кетип калган таксинин кайра өз ордуна кайтып келгенин көрдү. Кыз айдоочудан Эрлан тууралуу сурамакчы болду.
– Саламатсызбы? Кызыл-Аскерге чейин канча аласыз?
– 200 сом болот...
Кыз унаанын арткы орундугунан орун алды. Бир аз жүргөн соң Элиза сөз баштады.
– Жаңы эле сиз менен сүйлөшүп турган жигит эмне деди?
– Кайсы жигит?
– Сиз андан акча алып, бир жакка кетимиш болуп эле кайра келдиңиз го...
– Ал сенин ишиң эмес!
– Билесизби, ал жигит менин агайым. Окуу жайда бизге дүйнөлүк экономика боюнча лекция окуйт. Мыкты адам. Бирок байкашымча, ал оорулуу окшойт. Өзү менен өзү сүйлөшүп жатты. Ошондуктан сизден да сурап жатам...
– Аа, агайыңбы? Окуу жайдан өзүн алып жүргөнү кандай?
– Кадимкидей эле. Кадимкидей эмес, калп айтам. Суктанарлык... Ар убак чыкыйып жүрөт. Жарашыктуу кийинет. Сүйлөгөнү да орундуу. Бирок...
– Ал жигитке негизи бир аз жетишпейт го дейм... - айдоочу сөөмөйү менен чыкыйын бурап койду.
– Эмнеге?
– Мен өзүм жанагы сейил бактын жанында адамдарды ташып иштейм. Бир жолу ушул жигит келди. Жанында эч ким жок. Бирөө менен сүйлөшүп жатат. Анан мага карап "байке, бул кызды үйүнө жеткирип коюңузчу" дейт. "Кайсы кызды?" десем жооп бербейт. Жанында эч ким жок болчу да. Анан унаанын арткы эшигин ачып, өзүнчө кобуранып сүйлөнүп, белгисиз бирөө менен эле коштошту да, мага акча карматып кетип калды. Эртеси дагы ошентти. "Эй, жигит, эмнеге акча берип жатасың? Сен эч кимди салган жоксуң" десем, "байке, берген акчаны ала бер да" деп жаман көрөт. Эки күндүн биринде келип калат. Дагы бир такси айдаган байке бар, ага да бир нече жолу жөн эле акча берип, "бул кызды айткан жерине жеткирип коюңуз" деп басып кетиптир...
– Ошол сиздерге салып жаткан кыздын ысымы ким?
– Кайсы кыз? Эч ким жок. Эч кимди салбайт.
– Жок, тиги жигит бир ысымды атайт да, туурабы?
– Аа, ооба. Айдай го дейм. "Мейли, Айдай, жакшы жетип ал" деп калат.
Элиза эмне дээрин билбей калды.
ххх
Бир жума билинбей эле заматта өттү. Элиза күн сайын жумушуна шайыр-шайдоот келип, эч нерсе болбогондой эле, өзүн мурунку калыбында алып жүргөн агайын көрүп таң калып бүтө албай жатты.
Эрлан болсо жуманын аягында Айдайын ата-энеси менен тааныштырмак. Ал өзүнчө толкунданып жүрдү. Акыры Айдайын жетелеп алып үйүнө келип коңгуроо басты. Апасынын чыдамсыздык менен күтүп жатканын элестетип Эрлан бир жылмайып алды.
Апасы эшик ачты.– Жүрүңүз, үйгө кирип алып шашпай...- Эрлан апасы жана Айдайы менен үйгө кирди. Кыз бир аз уялып жаткандай...
– Таанышып алыңыз, апа, бул Айдай! - Эрлан жылмайган калыбында кыз тарапка кол жаңсады. А апасы болсо эч нерсени түшүнбөй калды. Эрландын жанында эч ким жок болчу.
– Эмне дейсиң?!
– Бул Айдай!
– Балам, сен эмне, тамашалап жатасыңбы? - апасынын көздөрүндө коркунуч пайда болду.
– Тамашалап?..
– Сенин жаныңда эч ким жок го. Бери басчы, - апасы Эрландын чекесине алаканын койду.
– Эмне, бир жериң ооруп жатабы?
– Апа, эмне деп жатасыз?
– Койчу ушундай тамашаңды! Кана Айдай?
– Мына, жанымда турбайбы?
– Эркин, бери басчы! - Ракыя күйөөсүн чакырды. Ал Эрландын тамашасы жок эле сүйлөп жатканын байкап коркуп баштады.
– Эмне болуп кетти? - конок бөлмөсүнөн Эркин чыкты.
– Ата, бул Айдай, таанышып алыңыз.
– Эмне? Кана?
– Эмне, силер тамашалап жатасыңарбы? Жанымда турат го...
– Жинди болгон го могу. Ушинтип да тамашалайбы? - атасы Эрланды кекеткен түр менен карады.
– Токтосоң, уулум. Кой эми мындай тамашаны. Чын, бизди коркутпачы?! - Ракыя ыйлап жиберчүдөй сүйлөдү.
– Эмне деп жатасыздар? Тамашалаган жокмун мен. Бул Айдай! Силерге эмне болгон?
– Сенин жаныңда эч ким жок. Капкайдагыны айтпачы?- атасы кыйкырып жиберди. Анын үнүндө да коркунуч бар болчу.
– Айдай, сен апамдарга карап сүйлөп койчу! - жигит Айдайына карады.
– Менимче, алар мени угушпайт!
– Угушат. Сүйлө?!
– Эмне деп?
– Мына! - Эрлан анын маңдайында ооздору ачылып таң калып турган ата-энесине карады... – Мына, Айдай сүйлөп жатпайбы?!
– Эй, тантырабачы азыр! - атасынын ачуусу келип чыкты.
– Айдай, дагы бир сүйлөп койчу буларга...
– Алар мени угушпайт!
– Эй, бери карачы! - Эркин уулунун жаагынан бекем кармап көздөрүнө тиктеди.
– Соо эмес го... Ичтиң беле?
– Балам, бизди коркутпачы! - Ракыя ыйлап жиберди.
– Апа! Силерге эмне болгон? Турат го Айдай жанымда.
– Бас үйгө кир! - Эркин уулун конок бөлмөгө жетелеп кирди.
(Уландысы кийинки санда)