Көпчүлүк сыяктуу эле мен да 5-6 жылдан бери Бишкекте батирлеп жашайм. Батир жашоосунда көп эле кызыктар, кыйынчылыктар болот дечи, бирок бир окуя жүрөгүмдүн үшүн алып, жашоо тууралуу дагы бир ирет ойлонууга түрткү берди.
Шаардын 10-кичи районунда батирде иним, жээним болуп үчөөбүз жашайбыз. Мен иштейм, берки экөө студент. Жайкы каникул болуп студенттерди айылга кетирип жиберип, өзүм жалгыз калдым. Ал күн дем алыш болчу... Түшкү саат 11лерде туруп курсакты кампайтып алып кайра жаттым, эч жакка чыккым келген жок, жадакалса эч ким чалбай эле койсо экен деп телефонду өчүрүп койдум. Эк, мындай камылгамды эшиктин коңгуроосу бузуп салбадыбы. Ыргылжың боло эшик ачтым.
– Чоң кыз, силердин ваннаңарга, унитазга суу толуп калган жокпу? Биз силердин үстүнкү кабатта жашайбыз…- деп орус улутундагы кошуна безеленди.
– Жок, бизде баары эле таза, суу агып жатат.
– Биздин унитаз менен ванна бок-сакка толуп калды. Түтүккө бир нерсе тыгылып калган окшойт. Үйгө кирип текшерип көрсөм болобу?
Түтүктөрдү кармалап, ары чукуп, бери чукуп алып кетти. Кошунамды узатып коюп кайра жылуу төшөккө кирип кеттим. Бирок мемиреп уйкуга баратканымда кайрадан эшиктин коңгуроосу кагылды. Балээ баскырдыкы, коңгуроонун үнүн өчүрүп салбай... Баягы эле кошунам экен, жанына подъезддин чоңу болгон аял жана сантехник кошулуп алыптыр. Биз турган батирден гана түтүктү ачып көрүүгө мүмкүн экен. Эмне демек элем, кожойкеге чалсам ал уруксат берди. Ошентип 3-4 адам убараланып жатып ачышты. Эми түтүктүн ичинде түркүн оокат бар экен, кичинекей кол чатыр, чүпүрөк-чапырак, кум-таш… Кызык, булардын баарын кандай адам салат болду экен деп коём өзүмчө.
– Жакында буларды батыра албай түтүк жарылмак экен. Ошондо накта концерт болмок, - деп күлүп койду сантехник.
– Колунан кармап албагандан кийин кимди күнөөлөйсүң?! - деп дагы бири сөзгө аралашты.
Бирок андан кийинки чыккан нерсе баарыбыздын сөзүбүздү жулуп, күтүлбөгөн жерден муздак суу чачып жибергендей ичиркентти окшойт. Же мен эле ошондой абалда болдумбу…
– Чёрт! - орус сөгүнүп алды. – Это же ребёнок?!
"Түйүлдүк экен" дешти… Көңүлүм айланып эшикке чуркап чыктым. Байкуш кайсы макулукка (адам деп айтууга оозум барбады) буюрган бала болду экен?! Балада эмне күнөө?! Жок дегенде күкүккө окшоп башка үйдүн алдына таштап кетсе өз күнүн көрөт эле го ал бала! Жаман чымчыкча боло алган эмес экен эне сөрөй… Ушундай адамдарга наристе жиберип жаткан Кудай дарегин алмаштырып алат окшобойбу, антпесе бала жытына зар болуп жүргөндөр канча…
Өзүмдү күнөөлүү сездим негедир. Оюма өткөндөгүм келди дароо... Мен сүйгөн адамыма турмушка чыгып, экөөбүз үйлөнгөндөн бир жума өтпөй менден кичүүлөрү "жеңе, качан бөбөктүү кыласыз?" десе, улуулары "бирдеме барбы курсакта?" деп айламды кетиришчү. Башкаларчылап 5-10 жыл күтүп убара болгон жок, 2 жылдан соң "мен туяксыз өтө албайм, үйдөгүлөр жанымды койбой койду" деди... Мени түбөлүк сүйүп, алаканына салып бакчу адамдын махабаты 2 жылга чыдады... "Жок, мен кетпейм, бир күнү төрөйм, чыда" демек белем?! Менде да намыс бар, мен да бирөөнүн бапестеп баккан баласымын. Кете бердим...
Көз алдымдагы окуядан соң жогорудагы дарегинен жаңылган наристени Кудай мага жибергенде баары башкача болот эле го деп сыздадым... Кыз болуп туруп кыздар үчүн уялдым биринчи жолу. Бул батирден кетүүм керек, жок дегенде өзүмдү ушинтип алаксытайынчы…
Мээрим