ООРУЛАР, ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ЧЫР-ЧАТАКТАР, ИШТИН ЖҮРҮШПӨСТҮГҮ... БУЛАРДЫ ИЛХАМ ЖӨНГӨ САЛАТ

Биз барганда Илхамдын кабылдамасында ондон ашык адам кезек күтүп отуруптур. Аларды бул жерге түрдүү маселелер алып келген. Сүйлөшө келгенде бирөөсү оорусуна даба таба албай келсе, дагы бири бизнесинин жүрүшпөй жатканына кыжалат болуп кайрылыптыр. Дагы бири күйөөсүнүн аракечтигин таштатуу жолун издеп жүрүптүр. Баары Илхамга чоң үмүт артып келгендер. Арасында ага рахмат айтканы келгендер да бар болуп чыкты, анткени аларга анын сеанстары жакшы жардам берген.

БЕЛАРУСЬ, УКРАИНА, ОРУСИЯ, ПОЛЬША, ИТАЛИЯ, ГЕРМАНИЯ, КАЗАКСТАН ӨЛКӨЛӨРҮНДӨ ИЙГИЛИКТҮҮ ИШ ЖҮРГҮЗҮП КЕЛЕ ЖАТКАН, 20 ЖЫЛДАН АШУУН ТАЖРЫЙБАСЫ БАР БИОЭНЕРГОТЕРАПЕВТ, ПСИХОЛОГ ИЛХАМ ИСМАИЛОВ БИРИНЧИ ЖОЛУ КЫРГЫЗСТАНДА.

“ӨЗ ӨМҮРҮМӨ КОЛ САЛГАНГА АЗ КАЛГАМ”

– Илхамга мени жашоого кайтарганы үчүн ыраазычылык билдирем. Ал өзүнүн касиети менен мени физикалык жана жан дүйнө оорусунан кутултту. Аялым каза болгондон кийин жашоонун кызыгы жоголуп, депрессияга түшүп, ичкен-жегениме да, кийимиме да, үй-жайга да карабай калгам. Кайгымды убактылуу болсо да басат деп аракка жакындап, ал тургай өз өмүрүмө кол салууну да ойлонуп калгам. Мени ошондой жашоодон Илхам сууруп чыкты. Эми жашоого башкача көз караш менен карап, алдыга пландарды түзүүдөмүн. Илхамдын жардамы менен сиздер да маселеңиздерден кутулуп, жакшы жашаңыздар.

Нурбол Эсеналиев,
36 жашта, Бишкек

“МЕНИН МАСЕЛЕЛЕРИМ ЧЕЧИЛДИ”

– Акыркы кезде эмнеден экенин билбейм, өзүмчө эле буулугуп, ар ким менен урушуп, иштен да аз акча тапчу болдум. Башым ооруп, денем талыкшып, уйкум канбай, арыктап, белим ооруганынан эртең менен тура албай, дарылар акырында жардам бербей баштады. Врач тааныштарым болгондуктан текшеришип, так диагноз коё алышпады. Айлам кетип акыры Илхамга бардым. Ага барган биринчи күнү эле абалым оңоло түштү. Ичтейим ачылып, тамак жеп, тынч уктап калдым. Акырындап жеке жашоомдогу маселелер да четинен чечилип, ооруларым билинбей баштады. Азыр ишим жакшы, сыйлыкка да илиндим дегендей. Көрсө, биздин акылыбыз жете бербеген көп нерселер бар тура. Айтор, Илхам мени айыктырды.

Арипжан Тогоноев,
49 жашта, Кара-Балта

“КҮЙӨӨМ КЫЗМАТТАН КӨТӨРҮЛГӨНҮ ТУРАТ”

– Күйөөм кийинки кезде бат жинденип, эч нерсе жактырбай, кылдан кыйкым таба берчү болгон. Жумушуна эптеп барып-келип эле башы ооруп, алы кетип кусуп жатып калчу. Канчалык текшертсек да так диагнозу табылбай койду. Кызым да себепсиз арыктап, алсыз болуп кеткен. Илхамга барганыбызда гана сыры эмнеде экенин билдик. Азыр күйөөмдүн башы оорубай, куспай калды. Жакында кызматынан көтөрүлгөнү турат. Кызым оңолуп, шайыр болуп чыга келди. Илхамга алкыш айтабыз.

Айнур Тазабекова,
47 жашта, Бишкек

“ИНСУЛЬТТАН ТОЛУК АЙЫККАНЫ КАЛДЫМ”

– 2009-жылы инсультка кабылдым. Ден соолугум абдан жай калыптанып жаткан. Илхамдын 2 курс сеансынан кийин сүйлөгөнүм, кыймыл-аракетим, эс-тутумум, ойлонуум жакшыра баштады. Башкысы толук айыгууга чоң ишеним жаралды. Илхам, сага рахмат!

Жээнбү Сапаралиева,
67 жашта, Бишкек

“БУЮРСА, БАЛАЛУУ БОЛОМ”

– Мен Илхамдын сеанстарына барып жүрүп тукумсуздуктан кутулдум. Анткени врачтар жакында эле боюмда бар экенин айтып, куттукташты. Бул үчүн Илхамды жолдошум экөөбүз күн сайын алкап жатабыз. Балалуу болбой жүргөндөр, үмүтүңүздөрдү үзбөңүздөр. Сиздер да балалуу болосуздар.

Жанна Элебесова,
37 жашта, Бишкек

“МАСЕЛЕЛЕР ӨЗҮНӨН-ӨЗҮ ЧЕЧИЛҮҮДӨ”

– Адегенде эле Илхамга ыраазычылык билдирип кетем. Мен ага чечилбей жаткан көптөгөн маселелерден башым катып барган элем. Аларды өз алдымча чечүүгө күчүм жетпей, кээде баш оогон жакка басып кетким келчү. Илхамдын сеанстарынан жан дүйнөм тынчтанып, жаман ойлор жок болду. Түндө тынч уктап, көңүлүм ачылды. Анан дагы бир керемети – маселелерим четинен чечиле баштады. Чечкинсиз, жүүнү бош адамга айланып бараткан жеримден мени Илхам оңдоду.

Элнура Сакеева, 35 жашта, Бишкек

“БАШ ООРУМ БАСЫЛДЫ”

– Жүрөгүм, башым ооруп, көзүмө ар нерселер көрүнгөндөй боло берчү. Андыктан оорума кошул-ташыл болуп түнкүсүн уктабай чыкчумун. Врачтарга көрүнүп, дарылансам да жыйынтык аз болду. Көрсө, анын себептери башка экен. Муну Илхамга барганда билдим. Азыр эч жерим оорубайт, тынч уктайм.

Уланбек Кайназаров,
26 жашта, Бишкек

“ОМУРТКАЛАРЫМ ООРУБАЙ КАЛДЫ”

– Илхамга омурткаларым ооруганынан баргам. 3 жылдан бери бирөө-жарымдын жардамысыз баса алчу эмесмин. Илхамдын сеансынан соң өз алдымча басып, үй иштерин аздан жасай баштадым.

Оля Жанадилова, 62 жашта, Бишкек

“ИНСУЛЬТ АЛГАН АПАМ ОҢОЛДУ”

– Апабыз 2 ирет микроинсультка кабылган. Абалы өтө начар болчу. Өз алдынча баса да албай, тили булдуруктап сүйлөчү. Эмне деген гана дарыларды ичпеди. Жылыш аздан гана болуп жаткан. Биз, жакындары, Илхамга алып баргандан тартып мурункудан жакшы басып, сүйлөгөн сөздөрү тагыраак, түшүнүктүү болуп калды. Тынч уктап, жүзүнө кызыл жүгүрдү. Мына ушул жакшылыгы үчүн Илхамга ыраазыбыз! Ага дагы деле апабызды алпарып жатабыз.

Сирень Муратова, 57 жашта, Бишкек

ИЛХАМ КУТУЛТАТ ЖАНА АЙЫКТЫРАТ:

  • Ичкилик, баңгилик, игромания, фобия, паника, нерв болуу, уйкусуздук, жаман түштөрдү көрүп кыйналуу;
  • Эндокриндик системдин бузулушу: шалдыроо, алсыроо, шишүү, баштын оорушу, арыктоо же семирүү;
  • Ичеги-карын оорулары (гастрит, ашказан жана 12 эли ичегинин жарасы, колит, панкреатит);
  • Зат алмашуудан жана нерв системинин ооруларынын айынан келип чыккан тери ооруларын;
  • Нерв, жүрөк-кан тамыр системдеринин оорулары: кан басым оорулары, баш айлануу, кулактагы шуулдоо, колу-буттун дайыма муздап турушу, чымырап уюшу;
  • Диагноз коюу (ооруларга).
  • Заара жолдорунун жана жыныстык системдин оорулары: простатит, аялдардын жана эркектердин тукумсуздугу;

ЭСКИ ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАРДЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН:

  • Тукум кууган жана кийин пайда болгон каргышты аныктап, андан кутултат;
  • Терс энергиядан арылтат;
  • Көз тийүүнү, кара дубаны жок кылып, жол ачат;
  • Үй-бүлөлүк чыр-чатактан, агрессиядан арылтып, жакшы жашоого кайтарат;
  • Жубайлар арасындагы мамилени (оордугуна карабай) калыптандырат;
  • Адамдагы биоталааны калыптандырып, терс энергиялардан сактана ала тургандай кылат;
  • Ийгиликке, бизнеске жол ачат.

Бишкек шаарынын көптөгөн тургундарынын суранычы боюнча Илхам кайрадан кабыл алуусун баштады!
Каалоочулардын баарын 14-сентябрдан 15-октябрга чейин дем алышсыз
Бишкектин Исанов көчөсү-18 дарегинде күтөбүз (Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишет).
Кабыл алуу убактысы: 11:00-15:00
Кабыл алуу алдын ала: +996 706 840 008, +996 558 840 008 телефон номерлери аркылуу жазылуу менен жүргүзүлөт.
Төлөм акысы – 3500 сом ilham.com.ua
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги, лицензия № 256443


Эскертүү! Өз дарыгериңиз менен кеңешүүнү унутпаңыз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Nakush
2016-10-10 18:31:46
Уят ее ушуга окшогон козу ачыктардын бизнеси аябай кобойду.Кудайга ишенгиле биргана
0
venchiko88
2016-10-11 16:45:03
Кантип жардам берет экен, откондо кызыгып сурап корсом кабыл алуу 3500 сом дейт, бул акча ото кымбат. 3500 сомчолук эмне жардам берет деп сурагым келип жатат.
0
Bubu88
2016-10-14 01:06:05
Админ Москвада жүргөндөр кантип байланышса болот
0
elizaerlan
2016-10-16 20:21:52
Bubu88,мен чалсам телефон аркылуу кабыл албайт экен
0
№ 727, 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан