Учурда бири-бирине карыз болбогон адамдарды кездештирүү абдан кыйын. Ошондой эле шартка байланыштуу көптөгөн адамдар кредиттик уюмдардан насыя алууга мажбур. Бирок эң негизгиси аларды төлөөдө маселе жаралат. Кайтара албай жүргөн карызын өндүрүү үчүн азыр мезгил талабына ылайык атайын коллектор деген кызмат пайда болууда. Бул кандай кызмат, эмне кылып иш жүргүзөт деп кызыгып жүрсөңүз, анда кеп башынан болсун.
Коллектордун кызматынан кимдер пайдаланат, карызды кантип өндүрүшөт жана бул кесиптин күнгөй-тескейи тууралуу Бишкектеги коллектордук бюронун директору Вячеслав Нуждин менен маектештик.
– Коллектор деген түшүнүк Кыргызстанга жаңы келип жатат. Бул тууралуу түшүндүрүп берсеңиз?
– Коллектор карыз менен иштегендиктен, ал ортомчу болушу зарыл. Карыз алуучунун да, берүүчүнүн да тилин таап, мыкты сүйлөй билип, өз ишин толук кандуу түшүнүшү шарт. Коллектор кайрылган адамдардын маселесин чечип бериши керек.
– Айтсаңыз, сиз бул жумушка кандай жол менен келип калдыңыз?
– 2009-жылы коллектордук бюро ачканбыз. Ал учурда Кыргызстанда бул боюнча маалымат деле жок болчу. Өзүмдүн кесибим инженер, бирок кошумча юридикалык билимим да бар. Башында ондон ашык агенттиктер ачылса, азыр баары жабылып калды. Ошондой эле жарандарга насыя алуу, аны төлөө сыяктуу темаларда бекер кеңеш берем.
– Сиздер кандай жолдор менен иш жүргүзөсүздөр, карызын кайтара албай жаткан адамдарга кандай мамиле кыласыздар?
– Биринчи бизге банктар же жеке ишкерлер кайрылышат, анан ортодо келишим түзүлөт. Андан соң ишти толук түрдө колго алабыз. Биздин операторлор алгач ал адам туурасында маалымат чогулткан соң биринчи аларга телефон чалып карызды төлөө мөөнөтү кечиктирилип жатканын, эгер айткан убагында төлөбөсө айып салынарын эскертишет. Биз карызын төлөбөй жаткан адамдарга телефон чалууга жана билдирүү жөнөтүүгө укуктуубуз. Негизинен коркутуп-үркүтүүгө жол берилбейт, бирок карызды өндүрө албай жаткан болсок, анда тийиштүү иш-аракеттерди кылууга мажбур болобуз. Мисалга, чалууларды көбөйтүп жана анын иштерин текшерүүгө алабыз. Биз кошуна өлкөлөр менен да иштешебиз, мисалы, карыз адам чет өлкөгө качып кетсе да аны баары бир таап алабыз.
– Карыз кайтарууда мамилеңер рэкет сыяктуу эмеспи?
– Мен жеке агенттигим үчүн жооп берсем, бизде андай эмес. Биз мыйзамдуу гана жумуш кылабыз. Кыргызстанда башка мамлекеттердей иш-аракеттер жасалбайт. Мисалы, Орусияда коллекторлор карыз адамдын үйүнүн терезесин талкалап кетип, кесиптештерине карыз экенин айтып уят кылышат.
– Сиздерге кандай адамдар көп кайрылат, карапайым адамдарбы же ишканаларбы? Ставкаңар канча?
– Жалпысынан банктар жана чоң уюмдар кайрылат. Эгер жөнөкөй адамдар кайрыла турган болсо, биз хобби катары жардам беребиз. Алардын ишин бат иликтеп, карызын кайтаргыча шашабыз. Алардан 30 пайыз ала турган болсок, компаниялардан көбүрөөк алабыз. Анткени алардын суммасы да көп, иш жүргүзүү да көпкө созулат.
– Карыз алып, кайтара албай жаткан адамдын эч нерсеси жок дейли, ал адамдан карызды кантип өндүрөсүздөр?
– Андай болушу мүмкүн эмес, себеп дегенде ага насыя берилип жатканда документ топтолуп, келишим түзүлүп жатпайбы. Эч нерсеси жок болсо ал насыя ала албайт да. Жок дегенде ал бир жерде иштейт да, туурабы? Карыз өндүрүүдө маселе жаралбайт, биз баары бир кайтаруунун жолун табабыз.
– Коллектор болуп иштеген адам кандай сапаттарга ээ болушу керек?
– Бизде операторлор, юристтер жана коллектордук штат иш жүргүзөт. Коллекторлор стресске чыдамдуу, тайманбас, тили так жана сабырдуу болушу керек. Биз жумушка алып жатканда адамдын билимине деле карабайбыз. Ал эми коллектордук штаттагылар биздин чалууларга жооп бербей качып жүргөндөр менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.
«ТӨЛӨБӨСӨҢ АР КАНДАЙ ЫКМА ДЕЛЕ КОЛДОНУШАТ»
Азыркы тапта коллекторлордун көзөмөлүндө болгон, карыздар адам Малика (аты өзгөртүлдү) төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Мен өзүм Жогорку Кеңеште иштейм. Коллекторлор менен кезигишип калышыма шеригим себепкер. Экөөбүз банктан насыя алып иш баштаганбыз, ал бирине жоопкерчилик алса, мен экинчисине жоопкер болчумун. Биз ойлогондой болбой, ишибизде маселелер жаралып, карыз болуп калдык. Төлөөгө келгенде шеригим «бул ишке сен жооптуусуң, эми сен төлө» деп коллектордук агенттикке арыз таштап, чет өлкөгө жумуш менен кетип калган. Анан менден карызды бюро талап кыла баштады. Аларга жагдайды түшүндүрсөм, «бул сенин жеке маселең, баары бир карызды төлөйсүң» дешти.
Коллекторлор менен карыздар адамдын ортосунда келишим түзүлөт да, айтылган мөөнөттө карызды төлөшүң керек. Мен болгон аракетимди кылып убагында төлөп жүрдүм. Ошондуктан мени коркутуп же башка чараларды колдонушкан жок. Эгер айткандарын кылбасаң, булар ар кандай ыкмаларды деле колдонот. Билишимче, коркутуулар болот экен. Төлөй албай калсаң, сага кепил болгон адамдан да талап кыла башташат. Эгер төлөөгө таптакыр мүмкүнчүлүгүң жок болсо, үйүңдү алып койгонго чейин барышат.
КОЛЛЕКТОР ТУУРАЛУУ
Коллектор – англис тилинен которгондо «чогултуучу» дегенди түшүндүрөт. Ал эми кесип катары алганда ал карызды кайтарып берүүчү. Коллектордун кызматын көбүнчө банк, фирмалар колдонушат. Бирок жөнөкөй жарандар да кайрылган учурлар көп. Коллектордук агенттиктер Орусияда 2004-жылдан баштап иштеп баштаган. Желдей тараган бул кызматты 2008-2009-жылдары колдонгондордун саны абдан көбөйгөн. Анткени ошол учурда кризис болуп, насыя алып, кайтара албагандар четтен чыга баштаган. Мындай учур коллектордук иштин өнүгүшүнө шарт түзүп, аз убакыттын ичинде эң эле кирешелүү булак да болуп калган. Коллектордук кызмат каржылык чөйрөдө кызыктуу жана келечеги бар кесиптердин катарын толуктоодо. Ал эми Кыргызстанга бул кызмат 2009-жылдын аягы менен келип, иш алып барууда.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg