Күз. Тойлордун сезону ачылып, ырчылардын капчыгын кампайткан мезгил. 21-сентябрь күнү «Style Мix» триосунун ырчылары Адилет Эркинбек уулу менен Илима Дуйшеналиева баш кошушкан. 10-октябрь күнү эки жаштын заманбап тою борборубуздагы ресторандардын биринде болуп өттү. Эки ырчынын тоюндагы кызыктарды сүрөттөр менен баяндап беребиз.
Күндүн күнөөкөрлөрү дос-курдаштары менен сейилдөөнү Илима курбулары, Адилет достору менен эстеликке сүрөткө түшүүдөн башташты. Сейилдөө учурунда белгилүүлөрдөн Илиманы сахналаш сиңдиси Аяна Касымова, ал эми Адилетти ырчылар Бек Исраилов, Адилет Азимов, «Non-Stop» дуэтинин ырчысы Максат Садырбеков коштоп жүрүштү.
Күзгү сейилдөө аяктап, кече ресторанда уланды. Эки жашты Анжелика «Жар-жар» ырын созуп конокторго алып кирип жүгүнттү.
Махабат жарчысы келип түгөйлөрдүн никесин каттоодон өткөрүп, Адилет менен Илима жаш жубайлар деп жарыяланды. Эки жаш сүйүнгөнүн жашырышкан жок.
Жүз жылдык куда-кудагыйлар: солдон оңго Адилеттин ата-энеси жана Илиманын апасы менен атасы жаңы үйлөнгөн жаштарга батасын беришти.
Жаш жубайларга эки тараптан тең өкүлдөр шайланды. Адилеттин өкүл ата-энеси Мирбек Атабеков менен жубайы Мээрим болсо, ал эми Илиманыкы Атай мырза менен келинчеги Рамия болушту.
Антракттын жылдыздары: ырчы Арсен, Адилет Азимов, тамада Манас Алыкулов бийдин сазайын берип жаткан кез.
Жаштар бири-бирине сюрприз жасап, Адилет гитарада ырдап берсе, Илима бийчи кыздар менен заманбап бийин бийлеп берди.
6 кабаттуу үлпөт тортун жаштарга "Style Мix" тобундагы досу Талас Амантуров белек кылган.
Селфисиз той кызыксыз. Сулуулар күндүн татына айымы менен сүрөткө түшүү үчүн кезекке туруп калышты.
БЛИЦ-МАЕК
– Үлпөт тоюңар кут болсун, Адилет, Илима! Тойго даярдыкка канча убакыт кетти?
Адилет: – Рахмат! Тоюбуз, буюрса, ойдогудай өтүп жатат. Өзүмдүн тоюм болгонго өзгөчө толкунданып турам. Ал эми бул күнгө бир жылдан бери даярданып келе жатканбыз. 10.10.2016 деген датаны мен тандадым, анткени сандарга аябай маани берем. Ушул жылы үйлөнөбүз деп былтыртан бери эле пландап жүрдүк, бирок так датасын чече элек болчубуз. Кудай ушул күнгө буюрган экен, жакындарыбыздын курчоосунда жакшылыгыбызды белгилеп жатабыз.
– Илима, көйнөгүң өзгөчө экен, сатып алдыңбы, тиктирдиңби?
– Көйнөгүмдү издеп жүрүп таптым. Өтө белгилүү эмес, Караколдо жашаган Кымбат Эрнисова деген дизайнер эжеке бар. Ошол эжеге буюртма берип, дизайнын өзүм сунуштадым, бир жумада бүтүрүп берди. Көйнөгүмдүн этеги (шлейфи) 2 метр. Тойдо курбуларым да окшош көйнөктөрдү кийишти, аларды да өзүбүз чогулуп талкуулап, дизайнерге түшүндүрүп тиктирдик.
– Үлпөт тойго даярданууда өзгөчө окуя болдубу?
И.: – Ооба, дал ушул күнү эртең менен Адилет «тишим ооруп жатат» деп калды, дары ичсе да басылбай катуу ооруп, мен курбуларым менен даярданып жүргөндө тиш доктурга барып тишин жулдуруп келди.
– Даярданууда ким кандай жумуш кылды?
А.: – Мен концерттик программаны моюнума алгам. Илима чакыруу кагаздарын жасатуу, таркатуу менен алектенди.
– Кармашкан колуңар үзүлбөсүн!
Лунара Бекиева
Алишер Алиев
star@super.kg