БИР ИРМЕМ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Айдайчы? Айдайды да чакырыңыз...- Эрлан апасына кайрылды.
– Эй, жок жаныңда эч ким! Эч кандай Айдай жок, түшүндүңбү?! Эч ким жок!
– Тигине турбайбы?- Эрлан эшик тарапка кол жаңсады. Ракыя эмне дээрин билбей калды. Жалгыз уулунун азыркы абалын көрүп ыйлагандан башка арга таппады. "Кудай сактай көр!" деп кайталап жатты.
– "Тез жардамга" чал!- Эркин чочуган түр менен аялына сүйлөдү.
– Айдай! Эмнеге алар сени көрүшпөйт?- Эрлан ызаланып чыкты. "Мен эмне акылымдан аздымбы?" деп өзүнө-өзү суроо берип жатты.
– Балким, молдо чакыртабыз?- Ракыя ыйын токтото албай күйөөсүн тиктеди.
– "Тез жардамды" чакыр!
Ракыя да, Эркин да бүгүн атайы жасанып алышып, болочоктогу келини менен таанышмакчы болуп отурушкан. Бирок иш теңирден тескери болуп чыкты. Алардын ишенген, сыймыктанган, анан калса элдин баары суктанган уулу Эрлан бүгүн акылынан азган кишинин кейпин кийип турду. Экөө тең эмне кыларын билбей, бул жаманчылык алардын башына кайсы күнөөлөрү үчүн түшкөнүнө бушайман болуп, Кудайга жалбарып жатышты.
Бир убакта Эрлан күлүп баштады.
– Мен билдим. Силер муну атайын жасап жатасыңар! Тамашаңар укмуш болду. Адегенде Айдай үйгө келген да, "келгиле Эрланды ушинтип тамашалайбыз" деп силерди көндүргөн. Ал тентек ошентет... Ха-ха-ха... Болду эми. Жүрүгүлө чай ичели, силер таанышып алган турбайсыңарбы көрсө...
– Балам, кана бери карачы. Бул качантан бери башталды?
– Эмне?
– Качантан бери Айдай сенин көзүңө көрүнүп жатат?
– Таанышкандан бери эле...
– Качан тааныштыңар эле?
– Бир жыл мурун. Мен Ысык-Көлгө дос балдар менен барып, анан ал жактан бул периштени көрүп калгам, - Эрлан Айдайын карап бир жылмайып койду. Кыз да ага жылмая жооп берди. Ал жигитинин жанында анын колун кармап отурган.
– Карачы, апа, Айдайдын колдору сеникине окшоп сулуу,- деди жигит кыздын колдорун сылап. Ракыя менен Эркин баласы өзүнүн колдорун сылаганын гана көрүштү.
– Токтот! Бас!- Эркин чыдабай кетти. Ал Ракыяны жетелеп бөлмөдөн чыкты. Эрлан болсо бош бөлмөдө өзү менен өзү кобурап сүйлөшүп жатты.
– Айдай, эмнеге сени ата-энем көрбөй жатат?
– Билбейм.
– Алар сени жактырбай жатышабы?
– Билбейм.
– Жок, көрөсүң го, алар сени жакшы көрүп калышат. Билип кой, мен сенден эч качан баш тартпайм.
Эрландын бул сөздөрүн каалганын сыртынан угуп турган Ракыя ого бетер күчөп ыйлады. Эркин коркконунан эмне кыларын билбей турду.

ххх

"Тез жардам" жарым саат өтпөй келип калды. Доктурлар Эрландын көзүн тиктешип, кан басымын текшерип, ар кыл суроолорду беришти. Жигит анын жанында Айдай аттуу кыз бар экенин кайталай берди. Акыры аргасы түгөнгөндө ыйлап жиберди.
– Эмнеге? Эмнеге аны көрбөйсүңөр? Мен эмне акылымдан аздым беле? Апа, айтсаң буларга... Айдай, сен сүйлөп койчу? Бул доктурларды кет дечи, Айдай?- бирок Эрлан улам сүйлөгөн сайын апасынын ыйлаганы күчөп, дарыгерлер болсо бири-бири менен баш ийкешип, "нерви чарчаган окшойт, депрессиядан келип чыккан" деп ар кайсыны айтып, Эрланды алып кетүүгө камынып жатышты.
– Жок. Мен силер менен барбайм! Жоголгула!- бир убакта жигиттин ачуусу келип чыкты. Ал дарыгерлерди түрткүлөп сыртка чыгарып салды. Аз өтпөй сомодой болгон ак халатчан төрт жигит келди да, аны күчкө салып ооруканага алып жөнөштү. Жолдо бара жаткан маалда Эрланга кандайдыр бир дары сайылып, жигит көшүлүп уйкуга кетти.

ххх

– Таак, Эркинов Эрлан! Канча жаштасыз?- ак халатчан жашы кырктарга барып калган дарыгер айым уйкудан ойгонгон Эрланга суроо салды.
– 25те.
– Жакшы. Кайсы жакта иштейсиз?
– Университетте. Дүйнөлүк экономика боюнча лекция окуйм...
– Абдан жакшы.
– Ата-энеңиздин ысымы ким?
– Апамдын аты Ракыя, атамдыкы Эркин...
– Кана, көздөрүңүздү карап коёлу?- дарыгер колундагы кичине жарык бергич менен Эрландын каректерине жарык берип, көпкө тиктеди.
– Эч нерсе ичкен же чеккен эмессизби?
– Жок.
– Эрлан, айтыңызчы, Айдай деген ким?
– Менин сүйлөшкөн кызым.
– Канчадан бери сүйлөшүп жүрөсүз?
– Бир жыл. А эмнеге сурап жатасыз?
– Жөн гана кызык. Сиз аны жакшы көрөсүзбү? Сүйөсүзбү?
– Ооба.
– Жакшы. Айдай азыр жаныңыздабы?
– Жок. Ал үйдө калды. Ата-энем менен.
Дарыгер ордунан туруп барып Эрлан жаткан бөлмөгө Ракыя менен Эркинди чакырды.
– Булар кимдер?
– Мен анчалык жинди боло элекмин, бул ата-энем. А тиги Айдай... Мени бул жакка эмнеге алып келдиңер?
– Жакшы-ы...- дарыгер айым кагазга бир нерселерди чиймелеп жазып баштады.
– Эрлан, Айдай кандай көйнөк кийип турат?
– Ак...
– Ал канча жашта?
– 27.
– Сенден эки жаш улуу экен да, ээ?
– Ооба.
– Аны бизге сүрөттөп бере аласыңбы?
– Эмнеге?
– Себеби биз аны көрбөй жатабыз,- бул сөздөн кийин Эрландын ачуусу келип чыкты.
– Эмне, Айдай мага эле көрүнүп жатабы? Койсоңорчу, турат го мына! Айдай, сүйлөчү...
– Эрлан, баары жакшы болот,- деди кыз көзүн кысып.
– Мына сүйлөп жатат.
– Та-ак, түшүнүктүү!- дарыгер дагы бир нерселерди кагазга чиймелеп жазды. "Жүрүңүздөр" анан ал Ракыя, Эркинди жана Айдайды ээрчитип чыгып кетти. Кыз чыгып баратып Эрланга колун булгалап койду.

ххх

Бул күндүн эртеси Ракыя менен Эркин ооруканага шашып таң атпай жөнөштү. Барышса Эрлан уктап жаткан экен. Баягы дарыгер айым тосуп алды.
– Мен Эрланга бир аз уктатуучу дары сайдым. Ал абдан ачуулуу болуп калыптыр. Анан ал Айдай деген өзү ойлоп таап алган кызга ашык окшойт. Мен ушуларды байкадым. Биз аны психикалык жактан жабыркагандардын ооруканасына жөнөтөбүз. Бир айдын ичинде эле жакшынакай кылып алып келип беребиз. Бул адатта жөн гана нерв чарчагандан же катуу кайгыга батуудан пайда болот. Бир курс дарыласак эле жетиштүү...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
kgtristan
2016-10-17 09:09:39
аз
+10
kgtristan
2016-10-17 09:10:15
ото аз жазылган
+3
kozuwka
2016-10-17 09:19:02
аябай сонун чыгарма экен
+2
azizaziz
2016-10-17 10:10:12
Биртке узунурак жазсанар болбойбу?
+3
ere
2016-10-17 11:07:08
мына аззз
-1
Tansuluu09
2016-10-17 13:05:38
Башталышын кайдан окуса болот
0
ilana
2016-10-17 13:25:11
азго..берилип окуп жаткан жерде бутуп калды (((
+2
belka
2016-10-17 14:03:23
Иий байкуш балага илешип калган окшойт.
0
Kyrgyzka-95
2016-10-19 23:25:52
Аябай кызыктуу экен.
Сураныч бир аз узунураак жазыныздарчы
0
dina-85
2016-10-20 00:42:46
Кызыктуу экен бирок ото кыска жазылган
0
Baatur7777
2016-10-20 17:10:47
Сонун чыгарма экен болгону эртереек бутсо жакшы болмок
0
№ 728, 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан