Жөн гана бир бактылуу көз ирмем менен бөлүшкүм келди. Борбор калаада турам. Үч балам бар. Эки уул, бир кыз. Уулдарымдын улуусу 6-класста, кичүүсү 4-класста. А кызым 3 жашта. Ким балдарын жакшы көрбөсүн?! Айрыкча кызымдын бал тилине тойбой, ага арнап алып келген кийимдиби, таттуунубу же оюнчуктубу, кубануу менен алып, мага ыраазы болуп рахмат дегендей бетимден чоп эттирип өөп койгондо телегейим тегиз боло түшөт.
Бир ирет жумуштан абдан чарчап келдим. Дене табым көтөрүлүп, өзүмдү жаман сезип жаткам. Келинчегим бир жакка жумуштап кеткен окшойт. Үйдө эки уулум, кызым чурулдап жүрүшкөн. Өзүмдү алаксытайын деп телевизор көрүп жатып уйкуга кетиптирмин.
Бир убакта кызым колумдан тартып, илгичте турган сүлгүнү көрсөтүп "тигини, тигини" деп кол жаңсады. Денем талыкшып турган, "кызым, бар ойночу" деп чала бучук айтып, кайра уйкуга кеттим. А кызым жанымда чебелектеп, өзүнчө булдуруктап сүйлөнүп жүргөн. Бир топко уктаптырмын. Дене табым да кайта түшкөндөй. Көзүмдү жумуп алып талыкшып жатсам, сырттан келинчегим келип эле күлүп жиберди. Эмне болуп кетти деп көзүмдү ачсам, үстүмдөн балдарымдын кийимдери шыпырылып түшө баштады. Көрсө, мен уйкуга кеткенден кийин кызым бою жеткен, кол жеткен жерден байкелеринин кийимдерин, апасынын жоолуктарын, жадакалса столдун үстүндөгү майлыкты алып мени үшүбөсүн деп үстүмдү жаап койгон экен. Баарынан кызыгы, менин бутума өзүнүн кичине байпактарын жааптыр. Өзү жанымда жылаңайлак буттарын бойтойтуп отурат. Көрсө, мага бардыгын жаап жатканда буттарым ачылып калган экен. Анан мага келип "тигини" дегени, "сүлгүнү алып бер, бутуңа жабайын" дегени тура. Мен көңүл бурбай коюптурмун. Акыры эч нерсе таппай калганда өзүнүн байпактарын чечип менин бутумду жааптыр да. Ушунчалык ичим элжиреп, көкүрөгүмө сезимдер толду да, кубанганымдан көзүмдөн жаш чыгып кетти. Мына ушул 3 жаштагы кызымдын ушунчалык таза, аруу, эч бир жасалмалуулугу жок жакшы көрүүсүнө татыганыма бактылуу болуп, кызымды боорума кысып алып, жытына тойбой турдум.
Уулдарым болсо эч нерседен бейкапар телевизор көрүп отурушат. Эл ичинде "кыз бала ата-энеге күйүмдүү болот" деп коюшат эмеспи. Бул сөздө эч калет жок экен дедим ичимден. Кээ бирлер "кыз болуп калды" деп жаңы төрөлгөн наристесин жеришет. Кыз – бул бакыт, туугандар! Кыздарыңарды барктагыла, алардын бизге болгон сүйүүсү чексиз...
Мурат