Жакында эле он гүлүнүн бири ачыла элек күлгүн курагында бир жигит өз өмүрүнө кол салды. Анын бул кадамга баруусуна ашынган сүйүү же кызганыч себепчиби, азырынча айтыш кыйын...
ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ
Ушул жылдын 30-сентябрынан 1-октябрга караган түнү Бишкектин четинде, тагыраак айтканда, Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Орто-Сай айылынын аймагында кырсык катталды. Анда Баткен облусунун Кадамжай районунун 21 жаштагы тургуну С.К. аттуу жигит ошол эле райондун тургуну С.Т. аттуу сүйлөшкөн кызына бир нече жолу бычак сайып, андан соң Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаасы менен тоодон ылдый түшүп кеткен. Натыйжада бычактан оор жаракаттарды алган жабырлануучу кыз ошол түнү Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилген. Ал эми жигит кырсыкка кабылып мерт болгон. Анын жансыз денеси эртеси күнү Орто-Сай айылындагы тоонун этегинде, жарактан чыккан унаанын жанында жаткан жеринен табылган.
"КЫЗ ЖОЛДОН ЭСИН ЖОГОТУП ЖАТТЫ"
Жабырлануучуну ооруканага жеткирип, анын өмүрүн сактап калууга көмөктөшкөн Каныбек Иманалиев менен байланышып, окуяга кандайча күбө болгонун уктук:
– Өзүм жергиликтүү телеканалдардын биринде оператор болуп иштейм. 30-сентябрь күнү кечинде борбор шаарыбыздын түнкү көрүнүшүн бийиктен тартайын деп Бишкек шаарынын четиндеги Кыргыз Республикасынын желеги илинген Боз-Бөлтөк тоосуна баргам. Тартуу иштери аяктаган соң болжол менен түнкү саат 2 жарымдарда ылдый түшүп келатсам, бир кыз жолдун жээгинде басып келатыптыр. "Байке, жардам бериңизчи" дегенинен токтоп, аны унаама салып алдым. "Эмне болду?" десем, ал "жигитим менен урушуп кеттим" деди. "Жигитиң каякта?" десем, "тоодон ылдый унаасын айдап түшүп кетти" деген жообун айтты. Унаамдан чыгып тоонун ылдый жагын карадым. Караңгы болгондуктан эч нерсе көрө алган жокмун. Ал ортодо тиги кыз "мени тезинен ооруканага жеткириңиз" деп калды. "Бир нерсе болдубу?" десем, "жигитим бычак сайды" деди. Колунда телефон бар эле, туугандарына чалууну сунуштадым. "Бул менин телефонум эмес, жигитимдин телефону" дегенинен жакшылап карасам колдору, кийими кан экен. Дароо эле Бишкек шаарындагы №4-оорукананы көздөй жөнөдүм. Жолдон кыз эсин жогото баштады. Эсин жоготпосун деп жолду катар сүйлөшүп барганга аракет кылдым. Кыз мага жолдон окуя кандайча болгондугун кыскача айтып берди.
Кызды кантип таштаган, аны унаада бычактаганбы же сырттабы, билбейм. Ооруканага барып, аны дарыгерлерге өткөрүп бердим. Кызды ошол замат операция жасоо үчүн жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти. Мен болсо ошол жерде жүргөн милиция кызматкерине окуя тууралуу билдирдим. Андан соң кесиптештеримдин бирин чакырып, экөөбүз окуя болгон жерге барып тиги кыздын жигитин түнү бою издеп, таппай койдук. Анан уйкум келгенинен үйгө кетип калгам. Эртеси саат 9дарда кыз эсине келгенин, жигиттин сөөгүн табышканын уктум.
"УБАГЫНДА КЕЛБЕГЕНДЕ КЫЗДЫН АБАЛЫ ООРЛОШУП КЕТМЕК"
Биз андан соң Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна барып, хирургия жана жаракат бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Шүкүрбаевге жолугуп, андан кыздын абалын билдик:
– Ал кыз бизге 1-октябрь түнү келип түштү. Мен үйдө элем, чакыртышканынан келдим. "Аны бычак менен сайган" деп айтышты. Кыз өзү окуя тууралуу эч нерсе айткан жок. Карасак көп жеринен жаракат алган экен. Көкүрөгүндө, колдорунда жаракат бар болчу. Мындан тышкары бычак курсагынын 3 жерине кирип кеткен.
Дароо операцияга алып кирдик. Операция 1 жарым сааттай созулду. Бычак ички чел кабыкты тешип өтүп, бөйрөктү кесип кетиптир. Ичинде 1 литрге жакын кан бар экен, аны тазалап, бөйрөктү тигип койдук. Бейтап өз убагында жеткирилген. Эгер убакыт өтсө, анын акыбалы оорлошуп кетмек. Мындан тышкары баш мээси да чайкалган экен. Керектүү дарыларды алып жатат. Буюрса, бейтаптын акыбалы жакшы. Өз алдынча басып жүрөт. Жакында ооруканадан чыгат.
"ДОС БОЙДОН КАЛАЛЫ ДЕСЕМ МАКУЛ БОЛГОН ЖОК"
Тергөө учурунда жабырлануучу С.Т. окуя кандайча болгонун төмөнкүчө түшүндүргөн:
– Өзүм Бишкектеги окуу жайлардын биринде окуйм. Айни көчөсүндөгү жатаканалардын биринде жашайм. Жигитим менен 2 жыл сүйлөшүп жүргөнбүз. 2016-жылы жайкы каникулда айылыма барган учурда бирөөлөр колумду сурап келишкен. Ата-энем макул болуп, ал жигитке турмушка чыкканы жаткам. Шаарга келгенде жигитиме "башкага турмушка чыкканы жатам. Мындан ары экөөбүз дос бойдон калалы" дедим. Ал өзүнүн ата-энесин биздикине жуучулукка жиберди. Бирок ата-энем каршы болуп коюшкан.
Ошол күнү ал досунун унаасын айдап мага келиптир. "Эшикке чыксаң, сүйлөшөлү" дегенинен чыктым. Мени ал каршы болгонума карабастан сүйрөп барып унаага салды. Ага "башкага турмушка чыгам" деп дагы айттым. Жыйынтыгында экөөбүз уруша кеттик. Бир маалда ал мени бетке, ичке уруп жиберди. Колу менен ургандай сезилген, канды көргөндө гана бычак сайганын түшүндүм. Анан ал мени унаадан чыгарбастан Бишкектин четине айдап жөнөдү. Жолдон "бүгүн экөөбүз чогуу өлүшүбүз керек!" деди. Мен "өлсөң өзүң өлө бер, мени ооруканага жеткир же ушул жерге ташта" деп бир нече жолу сурандым. Башында макул болбой жаткан. Анан тоо жакка жеткенде уюлдук телефонун "ме, бул сага кереги тиет" деп мага берди да, өзү унаасын айдап тоодон ылдый түшүп кетти.
"БУЛ ИШ ЖАБЫЛАТ"
Окуя боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурбек Токтосуновго кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Окуя боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Өзүн өзү өлтүрүү Аламүдүн районунда катталгандыктан, Аламүдүн РИИБи керектүү документтерди чогултуп, Бишкек шаардык Ленин
РИИБине өткөрүп берген. Себеби бычактоо Ленин районунда болгон. Учурда окуянын негизинде гана тергөө иштери жүрүп жатат. Окуяда күнөөкөр деп шектелген адам каза болуп калгандыгына байланыштуу кылмыш иши козголбойт, иш жабылат.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg