Жаштардын өз өмүрүнө кол салуусу биринчи ирет болуп жаткан жок. Жакында эле, тагыраак айтканда, 2-октябрь күнү кечки саат 6 чамасында Ош шаарындагы мейманканалардын биринин 7-кабатынан 30 жаштагы келин кулап түшкөн. Ички органдарынан алган жаракаттарынан улам ал ооруканага жетпей "Тез жардам" кызматынын унаасында каза тапкан. Бул окуя боюнча Ош ШИИБинин басма сөз кызматынын кызматкери Замир Сыдыков менен байланышып, окуянын чоо-жайын уктук:
– Алдын ала тергөө иштеринин натыйжасында окуя төмөнкүчө болгон. Маркум интернет аркылуу өзгөндүк жигит менен таанышкан. Жигит ошол күнү интернет аркылуу таанышкан кызга жолугуу үчүн Ош шаарына келген. Экөө жолугуп, чогуу шаардагы мейманканалардын бирине барышкан. Андан соң спирт ичимдиктерин ичишип, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Кийин кыз жигитти бөлмөдөн чыгарып жиберип, эшикти ичинен бекитип алган. Жигит чыгып баратып мейманкананын кызматкерлерине "кызды карап койгула, мас болуп калды" деп эскертип кеткен. Унаасына отуруп, маркумдун калып калган уюлдук телефонун көрөт да, "эртең телефонумду уурдап кетти" деп арызданып жүрбөсүн деген ойдо телефонду алып келип мейманкананын кызматкерлерине таштаган. Алар телефонду кызга бермекчи болуп барышканда ал мас абалында чыгып, уюлдук телефонун албай уруш чыгарып, эшикти кайрадан ичинен бекитип алган. Көп узабай өзү 7-кабаттан кулап түшкөн. Анын өлүмүнө эч ким күнөөлүү эмес. Себеби мейманканадагы видеокамерага окуя толугу менен тартылып калган. Кыз өзү аябай мас абалда болгон. Ал эми жигит суракка чакырылып, окуяны түшүндүрүп берген. Маркумдун ким экендиги такталды. Ал 1986-жылы туулган Ош шаарынын тургуну болуп чыкты. Күйөөсү менен ажырашып кеткен экен. Суусундук саткан компаниялардын биринде сатуучу болуп иштеп келгени белгилүү болду.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg