Шайырбек Абдрахманов: "ТУРУКТУУ КОНСТИТУЦИЯ ТУРУКТУУ ӨЛКӨНҮН ПАЙДУБАЛЫ ДЕП БИЛЕМ"

Шайырбек Абдрахманов кыргыздын тагдырына кайдигер эмес адам. Ал азыркы саясий абал, Конституциянын айланасындагы талаш-тартыш боюнча журналист, жөнөкөй жаран катары ойлорун ортого салды.

– Шайырбек мырза, журналисттик ишмердүүлүктүн артынан элге таанылдыңыз. Депутаттыкка да ат салыштыңыз. Өлкөдө акыркы болуп жаткан окуяларга өз ойлоруңуз болсо керек. Мисалы, Конституцияны өзгөртүү аракетинен эмнени көрүп жатасыз?
– Биринчиден, өзгөртөбүз деп камылга көрүп жаткандар "мына бул жерин өзгөртсөк моминтип жыргап кетебиз, биягын өзгөртсөк тигинтип жыргап кетебиз" деп түшүндүрүп беришкен жок. "Азыр иштеп жаткан Конституцияда миналар катылган" дешет. Бирок эмне мина катылганын да түшүндүрүп бере албай жатышат. Мен эле эмес, сиз деле, биз экөөбүз сыяктуу карапайым эл деле "Баш мыйзамды эмне үчүн өзгөртүү зарыл?" дегенге толук кандуу түшүнө албай жатат болушу керек. Кандай ниетте өзгөртөбүз деп жатат, эми алардын ниетине жараша да. "Адам аласы ичинде" деп коёт экен кыргызда, өзгөртөбүз деп жаткандардын ичинде кандай ала жатканын ким билет?! Мисалы, мен үчүн туңгуюк эле болуп турат.
Бирок, менимче, ар бир нерсенин туруктуу болгону жакшы. Туруктуу экономика, туруктуу жашоо туруктуу өлкөдө болот.
А туруктуу Конституция туруктуу өлкөнүн пайдубалы деп билем.
Анан кыргызда "токмогу катуу болсо кийиз казык жерге кирет" дейт. Мына эми токмок өзгөртөм деп жатат, эл болсо кийиз казык болуп бараткандайбыз.
Эң өкүнүчтүүсү, өзгөртүш керек деген маалымат бир тараптуу кетүүдө. Ал эми каршы пикирдегилерди бир беткей каралоо жана тоготпоочулук мамлекеттик "машина" тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул жакшы көрүнүш эмес. Мындайды биз бир эмес, бир нече жолу башыбыздан өткөрбөдүк беле. Эл өзү ойлонуп, кызыгып, анализдеп жыйынтык чыгарышы керек. Элдин каалоосу, ою биринчи орунда болуусу кажет. Ушул өңүттөн алганда каршы пикирдеги адамдар да ушул мамлекеттин эли болуп саналат...

– Социалдык тармактагы баракчаңызда "деле башчыдан жарыбай койдук, бирок бир жамандыктын артында эки жакшылык бар" деген таризде оюңузду билдирдиңиз. Ошол бир жамандыктын артындагы эки жакшылык биз чыдап эле жүрсөк келеби? Же жакшылыктар келүүсү үчүн талап кылышыбыз керекпи?
– Жакшылыкты да, жамандыкты да шаштырып же кечиктирип коё албайт экенбиз. Антиш биздин колубуздан келбейт. Ар нерсенин өз убактысы, өз мөөнөтү бар. Андан эрте да, кеч да эч нерсе болбойт.
Мен жакшылыктан үмүт үзгүм келбейт. Ким эле жакшылыктан үмүт үзсүн?! Кыргыздын башына далай эле мүшкүл иш түштү, бирок ошолордон сабак алдык, тажрыйба жыйнадык дегендей. "Бир жамандыктын артында эки жакшылык бар" деген бул хадис. Эми ошол эки жакшылыкка кантип жетебиз? Күрөшкөн жол бар, талашкан жол бар, талап кылган жол бар... Бирок туурасы, эки жакшылыкка жетүү үчүн өткөндөн сабак алып, кетирген каталарды кайталабаш керек. Ошондо жакшылыктарга жетебиз деп ойлойм.

– Мисалы, улам Конституцияны өзгөртө берүү катасы...
– Өткөн катаны кайталап жатабыз. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча талкуулар кабинеттердин ичинде эле болгонбу деген ойго кептелдим. Талкуу болду деген сөз жүзүндө эле айтылгандай, же талкууга жалгыз эле мени чакырбай коюшканбы? Башкалары барышыптырбы? Сиз бардыңызбы? Биз да Кыргызстандын жарандарыбыз го, же мамлекеттин өгөй балдарыбызбы? Мамлекеттин толук кандуу жарандарынын бул боюнча үнүнө кулак салбай калды деген ойдомун. Сен экөөбүздү койчу, ал тургай мыйзамдын атасы деген депутаттар да "талкууга катышкан жокпуз" деп нааразы болуп жүрүшөт. Аны ошолор талкуулабаса, анда Баш мыйзамдын долбоорун ким талкуулады?

– Парламентке аттанып, бирок босогосун аттай албай калдыңыз. Анан азыркы парламентти карап алып сизде кандай ойлор пайда болот? "Келбей деле калганым жакшы болуптур" дейсизби, же "кап, мен барганда" деп жатасызбы?
– Билесизби, мен аларды сындабайм. Эл аларга ишенип добуш берген.
Балким, кээ бир депутаттарды шайлап катачылык кетирдик. Эми келерки шайлоодо эстүүрөөк болобуз. Бүгүнкү парламентти көрүп алып "аттиң" деп жаткандырбыз, бирок негизгиси кийинкибизге сабак болушу кажет.

– Азыр "Референдумга жол жок" кыймылы парламентти таратуу боюнча кол топтоп жатат. Сиз кандай ойдосуз? Жогорку Кеңешти таратып жиберүү коомдун жарандык активдүү позициядагы катмарынын колунан келеби?
– Ачык айтканда, билбейм. Балким, парламент тарайт, мүмкүн тарабайт. Жогоруда айткандай, ар бир нерсенин өз убакыт-сааты болот.

– Референдумга каршы чыккан жоон топтун курултайына катыштыңыз. Кандай пикирде калдыңыз?
– Журналист катары өлкөдө болуп жаткан окуялардын баарына катышканга аракет кылам. Кесибим ушул. Курултай боюнча айтсам, мындай майнаптуу, бир топ саясий тараптарды бир столго отургузган курултай Кыргызстанда боло элек болчу. Биз бир топ өсүптүрбүз. Провакаторлор болду, ошондо да "эй, токто, коё тур, сөздү угалы" деп аларды тыйып, көңүл койгондор көбүрөөк байкалды.
Курултайга барып мындай жыйынтыкка келдим. Кымыз буркан-шаркан түшүп отуруп жакшы даамына келет. Анын сыңарындай Кыргызстандагы буркан-шаркан түшүп жаткан процесстер келечектеги стабилдүүлүк деп жорудум. Курултайды душмандардын кутуму, аны өткөргөндөрдү эл душманы кылбаш керек. Ар биринин артынан акмалатып ар кайсы бөлүмдүн кызматкерлерин салган туура эмес. Курултайда ар түрдүү пикир айтылды, бул пикирлердин синтези болду. Ар кайсы пикирди уга билүү керек. "Жок, болбойт" деп бир өтүктүн кончуна тыга берген жарабайт. Жолон Мамытов "Баарың жаман, мен жакшымын дебегин, жалгыз өзүң айдабайсың жер үстүн" деп жазыптыр. Пикирлердин көп болгону жакшы нерселерге пайдубал болуп берет.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 728, 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан