MEGACOM ISO 9001:2015 ЭЛ АРАЛЫК СТАНДАРТЫНЫН ТАЛАПТАРЫНА ШАЙКЕШТИГИН ТАСТЫКТАДЫ

MegaCom ISO 9001:2015 жаңы эл аралык стандартынын талаптарына шайкештиги тастыкталган Кыргызстандагы алгачкы жана бирден-бир уюлдук компания. Бул стандартка шайкеш келүүсү – компаниянын стабилдүүлүгүнүн объективдүү далилдеринин бири.

Көзөмөлдөө, баалоо, сыноо жана сертификациялоо чөйрөсүндө дүйнөгө белгилүү болгон TЬV International Certification (TIC) компаниясы тарабынан өткөрүлгөн аудиттин жүрүшүндө MegaCom компаниясынын сапаттык менеджмент системасынын ISO 9001:2015 эл аралык стандартынын талаптарына шайкештигин далилдеди. Аудиторлор абоненттерди тейлөө, сатып алуу процесстерин ишке ашыруу, камсыздандыруучулар менен иш алып баруудагы келишимдик милдеттенмелерин жана байланыш кызматтарын көрсөтүүгө коюлган техникалык талаптарды аткаруу боюнча жүрүп жаткан иштерге жогору баа беришти.
«Компания учурда
ISO 9001:2008 стандартынын тастыктамасына ээ, 2018-жылдын сентябрь айына чейин эски версияны колдоно берүүгө болот эле. Бирок биз MegaCom сапаттык менеджмент системасынын
ISO 9001:2015 эл аралык стандартынын жакшыртылган версиясынын талаптарына ылайык иш алып барууну чечтик. Сертификациядан өтүүгө 1 жылдай даярдандык. Атайын адистештирилген тренингдер өткөрүлүп, стандарттын талаптарына ылайык келген зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жумушчу топтор түзүлүп жатты. "Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара" эмгектенген компания кызматкерлеринин эмгегинин акыбети кайтты десем болот. Көз карандысыз аудит өткөрүүдө аудиторлор тарабынан жогорку баага татыктуу болуп, натыйжада эл аралык үлгүдөгү тастыктамага ээ болдук»,- деп баса белгилей кетти компаниянын башкы директору Азат Базаркулов.
Телекоммуникациялык компаниянын ийгиликтүү ишмердигинин башкы далили – компания адистеринин кесипкөйлүгү, алдыга коюлган милдеттерди ыкчам аткарууну шарттаган маалымат системаларын кеңири колдоно билүүсү. Андан тышкары кызматкерлердин өз ишине болгон ырааттуу мамилесин, сапаттык менеджмент системасынын принциптерин билүүсүн, ички корпоративдик биримдигин жана ар бир кызматкердин кардарларга жасаган талапка ылайык мамилесин өзгөчөлүк катары кароого болот.
Компаниянын стратегияны жана сапатты башкаруу департаментинин жетекчиси Юрий Данилов өз сөзүндө төмөндөгүлөргө токтоло кетти: «Биринчиден, биз кеңири колдонуп жаткан шайкештик сертификаты компанияга бизнес чөйрөдөгү бедели же жүзү үчүн берилген жок деп баса белгилей кетким келет. Бул бардык бөлүмдөрдүн түйшүктүү жана көп жылдык эмгегинин жемиши. Кардарларды тейлөөдө компания тарабынан көрсөтүлгөн бардык кызматтарда: мобилдик интернетпи же үн кызматтарыбы сапатка умтулуу. Биз сапаттык менеджмент системасын компаниянын ишмердигиндеги кардарларыбыздын мүдөөлөрүнө, мезгил талабына шайкеш өнүгүүнү шарттаган негизги шайман катары карайбыз. Ал эми аталган стандарт өзү дүйнө жүзү боюнча бир канча миңдеген ишканалардын баа жеткис иш тажрыйбасынын негизинде калыптанган.
ISO 9001:2015 стандартынын талабы – бул ишмердиктин бардык түрү боюнча алганда каалагандай масштабдагы уюмду башкаруунун эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбасы. Бүгүнкү күндө MegaCom жогорку талаптарга шайкеш келген Кыргызстандагы эң алгачкы компания экендиги кубандырбай койбойт».
MegaCom жогорку сапаттагы тейлөөнү, кызматтардын кеңири түркүмүн, ишенимдүү байланышты, ыңгайлуу тарифтөөнү сунуштайт. Компания түйүндү кеңейтүү жана оптималдоо, техникалык жактан өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иштерди алып барууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 728, 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан