Карьерасын моделдиктен баштаган Ким У Бин учурда популярдуу, сексуалдуу корей актёрлорунун бири. Көпчүлүк учурда мүнөзү оор, керсейген каармандардын образын жаратканы менен, жакындары аны жөнөкөй, ак көңүл жигит катары таанышат.
Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 16-июль
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары
Бою – 188 сантиметр
Салмагы – 70 килограмм
Кесиби – Модель, актёр, телеалпаруучу
Тартылган сериалдары – "Акылга баш ийбеген ашыктык", "Ак рождество", "Сүйүүнүн ДНКсы", "Мураскерлер", "Мектеп-2013", "Сен үчүн гүлдөп турам" жана башкалар
Тартылган тасмалары – "20 жаштагылар", "Техниктер", "Подиумдагы полиция кызматкери", "Сүйүү фабрикасы"
ЧАЧЫН ӨСТҮРҮП МОДЕЛЬ БОЛГУСУ КЕЛЧҮ
Ким У Бин Сеулда төрөлгөнү менен, ата-энеси Чонжу шаарына көчүп кетип, ошол жакта чоңоюп өскөн. 14 жашынан тартып моделдикке кызыга баштаган У Бин: "Мектептин эрежеси боюнча балдар кыска чач жасалгасы менен жүрүшү керек эле. Бирок директорго барып "мен модель болгум келет, тандоодон өтүш үчүн чачым узун болушу кажет" деп түшүндүргөм. Ошондуктан жогорку класста жалгыз мага гана узун чач менен жүрүүгө уруксат беришкен. Буга классташтарымдын ичи күйчү беле? Жок. Алар мени өлтүрүп салгылары келишчү",- деген. Болочоктогу модель жалаң балдар окуган мектепте билим алгандыктан ал жактын тамашалары да катаал болчу. "Баары дене тарбия сабагынан кийин суусап келип класска кире баштаганда бир бала стаканга кайнак суу куюп, бууну бир саамга кетирүү үчүн үстүнө муздак суу тамчылатып, "ким суу ичкиси келет?" деп сурачу. Муну ичкенге сөзсүз бирөө табылып, оозун күйгүзүп алчу",- деп окуучу кезин эстегени бар.
ДОСТОРУНУН КОЛДООСУ МЕНЕН КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ ЖЕҢГЕН
Ким У Бин 2009-жылы Сеулдагы колледжге тапшырып, жатаканасында жашоо менен катардагы студенттин күнүн кечирип, акчасы жок ачка калган учурлары да болгон. "Сеулдагы оор сыноолорду досторумдун жардамы менен жеңдим. Дүкөн иштеткен досум мени ар кайсы жерлерге алып барып курсагымды тойгузчу. Ошол кезде жалгыз калсам бардык кыялымдан баш тартып, үйүмө кетип калмак болушум керек",- дейт актёр.
Кыялын орундатуу үчүн мода көргөзмөлөрүнө катышып, аз убакыт ичинде кең далысы, шыңга бою, сымбаттуу жүзүнүн жардамы менен модель чөйрөсүндө суроо-талап жогору болгон популярдуу модель болуп чыга келет. Ийгиликтүү моделге жарнамалык роликтерден сунуш түшкөндө актёрдук чеберчилигин арттыруу максатында атайын курстан өтүп, актёрдук өнөргө тартыла баштаган. Резюмесине "Кудай оорчулукту көтөрө алган адамга гана берет" деп жазып, "Ак рождество" сериалына тартылууга мүмкүнчүлүк алат. Кийин арты-артынан тасма, сериалдарга тартылып, кино дүйнөсүнө сүңгүп кирет.
35 ЖАШЫНДА ҮЙЛӨНГҮСҮ КЕЛЕТ
Актёр сүйүүнү 3 нерсе – ишенич, көңүл буруу, түшүнүү сактап калат деп ишенет. Үйлөнүүгө шашылбайт, 35 жашында бойдокчулук статусу менен коштошконду туура көрөт. "Ар бир адам өзүнчө сулуу. Мага жагымдуу жылмайган кыздар жагат" деген актёр жигит кезинде модель Ю Чжи Ан менен кыз-жигит болуп жүрүп, 3 жылдан кийин кол үзүшкөн. 2015-жылы жарнамага бирге тартылган актриса Шин Мин А
менен таанышып, алардын сүйүү романы ушул кезге чейин уланып келет.
“МАГА МАСТАРДЫН АРАСЫНДА ЖҮРГӨН АТМОСФЕРА ЖАГАТ”
"Спирт ичимдиктердин арасынан соджуну (корейлердин арагы)гана кесиптештерим менен ичип калам. Мага мастардын арасында жүргөн атмосфера жагат. Биз модель болгондуктан өзүбүздү карашыбыз керек да. Чогулганда башында баарыбыз бир аздан ууртап, өзүбүздү чектегенге аракет кылабыз, бирок баары бир уланып кетет. Эртеси "болду, экинчи ичпейбиз" деп сөз берген абалга чейин жетебиз. Бир жума өткөндө кайрадан чогулабыз да, баары кайталанат (күлүп)".
"Көбү мени динозаврга окшоштура беришчү. Жакшылап карасам чын эле окшош экенмин (күлүп)".
"Эгер жер шары бир сааттын ичинде жок боло турганын билсем, анда банктагы акчамдын баарын кийим алып коротмокмун".
АКТЁР ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
Динара Абдыкадырова
star@super.kg