11-октябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан Түркмөнстан командасы менен беттешип, жыйынтыгында оюн 1:0 эсебинде биздин пайдабызга аяктады. Мелдеш Эл аралык кыздар күнүнө арналды. Оюн 20:30да башталып, биринчи тайм кызуу таймаш менен өттү. Экинчи таймдын 33-мүнөтүндө Фархат Мусабеков бурчтан узаткан топту команданын коргоочусу Тамирлан Козубаев атаандаштын дарбазасына башы менен киргизип, жалгыз голдун автору болуп калды. Оюнду башкы калыс Александр Гаузер жетектеген казакстандык калыстар тобу көзөмөлдөдү. Негизги курамдагы Азамат Байматов, Антон Землянухин, Валерий Кичин, Мирлан Мурзаев, Даниэл Тего жана Ахлетдин Исраилов бул оюнга катышкан жок. FIFA’нын рейтингинде Кыргызстан 108-орунда болсо, Түркмөнстан 116-орунда.
Эскерте кетсек, 6-октябрда Кыргызстан Ливан курамасын кабыл алып, 0:0 эсебинде тең чыккан. Түркмөнстан менен болгон оюн бул жылдын эсебинен Кыргызстанда өткөн достук беттештердин акыркысы болду. Эми 2019-жылы өтүүчү Азия чемпиондугуна жолдомо алуу үчүн 24 команда ат салышып, 12си гана бул мүмкүнчүлүккө ээ болот. Талапкер мамлекеттердин арасында Кыргызстан да бар.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg