САЯСАТ ЖАНА КООМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

РЕГИОНДОР ДА РЕФОРМАЛАНАТ

“Президенттин жана өкмөттүн аппараты региондор аралык мамлекеттик структураларды реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуусу зарыл”,- деп билдирди президент Курманбек Бакиев.

Ал бул туурасында 9-марттагы республиканын бардык облус губернаторлору Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери катышкан жумушчу кеңешмеде билдирди. Ажо ошондой эле жер-жерлердеги бирин-бири кайталаган мамлекеттик структураларды жоюунун зарылдыгын баса белгиледи. Ал эми губернаторлор мамлекет башчысына аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү туурасында маалымат беришти.


“ЭрК” ПАРТИЯСЫНДА ЧЫР ЧЫРГА УЛАНУУДА

Өткөн апта “ЭрК” партиясынын аймактык жетекчиси Юруслан Истанов кызматтан алынышы тууралуу билдирүү жасады.

«Мен партиянын төрагасынын биринчи орун басарымын. Шайырбек Жусуевдин мени кызматтан алганга моралдык да, юридикалык да укугу жок. Өзүнүн жанындагы 3-4 адамдын чечими чечим эмес. Партиянын түштүктөгү мүчөлөрү Жусуевди төрага катары тааныбайт. Ага ишеним көрсөтүшпөйт. Ишенбесе түштүккө келип партиянын жыйынын өткөрүп, партия мүчөлөрү менен сүйлөшүп көрсүн»,- дейт Истанов. Кошумчалай кетсек, партия 1 айдан бери ич ара ыдырап, жетекчилеринин ортосунда келишпестиктер болууда.


НАРЫНДАГЫ МИТИНГГЕ 5000дей АДАМ КАТЫШТЫ

10-мартта Нарын шаарында жылуулук жана электр кубатына болгон тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы уюштурулган митингге 5000ге жакын адам катышып, катуу талаптарды коюшту.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, митингге Бишкектен Р.Отунбаева, Т.Тургуналиев, А.Шыкмаматов, Т.Сариев жана акыйкатчы Турсунбек Акун барышкан. З саат­ка созулган митингдин аягында облустун губернатору «Жетим-Тоо сатылбайт» деп айтты. Ал эми митингдин аягында чогулган эл президент Курманбек Бакиевге 10 талаптан турган кайрылуу жолдошту. Кайрылууда, негизинен, «электр жана жылуулукка болгон тарифтер мурунку абалына келтирилсин, тоо-кендери сатылбасын, Исмаил Исаков боштондукка чыгарылсын, “Түндүк электро” жана “Кыргызтелеком” кайрадан мамлекеттин менчигине кайтарылсын, Нарын элине берилген 110 кВттык жеңилдиктер калтырылсын, Балыкчы жана Петровка окуясы боюнча камактагылар бошотулсун» деген сыяктуу талаптарды коюшкан. Алар ошондой эле талаптар
16-мартка чейин орундатылбаса, 17-марттан тарта “президент жана өкмөт бийликтен кетсин!” деген талап менен Бишкекке карай жөө жүрүшкө чыгышарын билдиришкен.


АКШ БАТКЕНГЕ АСКЕРДИК БАЗА АЧАБЫ?

«Америка терроризмге каршы дагы бир аскердик машыгуу борборун Кыргызстандын Баткен облусуна ачуу боюнча кыргыз бийлиги менен макулдашты»,- деп жазат “Фергана.Ру” маалымат интернет сайты.

Мындай маалыматты АКШнын Бишкектеги элчилиги жана Кыргызстандын Коргоо министри тастыктаганы айтылат. Аталган борборго 5,5 миллион доллар каражат бөлүнөрү да жазылган. Кошумчалай кетчү жагдай, буга чейин Орусия менен Кыргызстандын президенттери 2009-жылдын 1-августунда Баткен облусуна машыгуу максатында аскердик базаны ачуу боюнча меморандумга кол коюшкан. Бирок аталган борбор ушул күнгө чейин ачылбай келет. Ал эми 11-мартта Оморбай Нарбаев­ баштаган Аксакалдар кеңеши Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, АКШ­нын «Манас» аба майданындагы Транзиттик борборун өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылышты. Кайчылаш чечимдер эмне менен бүтөт, күтө туралы.


ӨКМӨТТҮН КАРЖЫ КЕҢЕШЧИСИ ГУРЕВИЧ КАМАККА АЛЫНАТ

Италиянын соту АКШнын атуулу Евгений Гуревичти камоо тууралуу санкциясын жарыялап, ага издөө салганын «Фергана.Ру» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Гуревичкеиталиялык кылмышкерлер менен кызматташып, алардын мыйзамсыз кирешелерине орток болгон. 2003-2006-жылы “Телеком Италия” жана “Фаствеб” компанияларынан 2,7 миллиард доллар өндүрүүдөгү эң чоң афёрага катышкан” деген айыптар тагылууда.MGN Capital” каржы тобунун жетекчиси Гуревич бир эле маал­да кыргыз өкмөтүнүн эл аралык кеңешчиси болуп эсептелет”,- деп кабарлайт агенттик. «Кыргызстанда Гуревич бардык кызматтарын таштады» деп билдирди “MGN Group” тобунун маалымат кызматы. Такталбаган маалыматтарга караганда, Гуревич жетектеген “MGN Group” компаниясы Кыргызстандын Социалдык фондун, Өнүктүрүү фондунун активдерин башкаруу укугуна ээ болгон. Ошондой эле Кыргызстандагы айрым чоң ишканалардын башкаруу кеңешине мүчө экендиги айтылууда. 10-мартта Кыргызстандын Өнүктүрүү фонду «MGN Group» менен келишимин бузганын жарыялады.


ТЫНЧЫБАГАН НАРЫНДЫ АКМАТАЛИЕВ ТЫНЧЫТАБЫ?

9-мартта президенттин жарлыгы менен Тынчтыкбек Чекиев Нарын облусунун губернаторлук кызматынан бошотулду.

Ошол эле күнү мамлекет башчысынын башка бир жарлыгы менен Алмазбек Акматалиев Нарын облусунун губернатору болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Белгилей кетчү нерсе, Нарын аймагы акыркы убактарда митингдерге бай облуска айлана баштады.


ӨКМде 3,5 МИЛЛИОН СОМ, БИЛИМ БЕРҮҮДӨ 1,5 МИЛЛИОН СОМ УУРДАЛГАН

“2009-жылы мурдагы жылга караганда 1,5 эсе көп каржы мыйзамы бузулган”,- деп билдирди Эсептөө палатасынын төрагасы Искендербек Гаипкулов парламенттин Бюджет жана каржы боюнча комитетинде.

Анын айтымында, 9 айдын ичинде 256 миллион сомго жакын каржылык тартип бузуулардын бети ачылган. Эң көп мыйзам бузуулар Материалдык резервдер мамлекеттик агенттигинде, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде, Билим берүү жана илим министрлигинде, Саламаттыкты сактоо министрлигинде катталган. Тактап айтсак, ӨКМде 3,5 миллион сом, Билим министрлигинде 1,5 миллион сом уурдалган. Ушул тапта 168 кылмыш иши укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. «Натыйжада 2009-жылы 27 адам соттолсо, 40 адам ишинен бошотулган»,- деп билдирди төрага.


Эл аралык кабарлар

ЕВРОПА БИРИМДИГИ АКЧА ФОНДУСУН ТҮЗҮҮНҮ КӨЗДӨӨДӨ

Грециядагы каржы кризиси евро мейкиндиктин орток акчасынын курсун арзандатпай сактап калууга түртүүдө.

Мындан улам Эл аралык валюта фонду сыяктуу Европа акча фондун түзүү идеясы колдоого алынууда. Сунуш кылынган каржылык фонд биримдиктин оор абалга кабылган өлкөсүнө шашылыш акчалай жардам берип, евронун курсун туруктуу кармоого тийиш. Бул фондду түзүү демилгесин Германиянын Каржы министри Волфганг Шойбле көтөрүп чыккан. Анын айтымында, аталган фонд Греция сыяктуу каржы кризисиндеги өлкөлөргө тез жардам берүүсү зарыл. «Бирок бул фонд Евробиримдиктин ичинде гана иш жүргүзөт» дейт министр.


БАЙДЕН ИЗРАИЛДИ КҮНӨӨЛӨДҮ

АКШнын вице-президенти Жо Байдендин Жакынкы Чыгыштагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө Израиль көлөкө түшүрдү.

Байдендин сапарынан мурдараак Израиль бийлиги Чыгыш Иерусалимде дагы 1 миң 600 үй курарын жарыялоосу сүйлөшүүлөргө тоскоол болду. Бирок ал Израилдин бул планын иш сапар учурунда дароо эле айыптаган. 10-мартта Рамаллада Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен жолугушуу убагында да Израилди айыптап, сүйлөшүүлөргө тоскоол болбоосун айткан. Эки жак талашып келе жаткан Чыгыш Иерусалимди палестиндер болочоктогу мамлекетинин борбору катары көрүшөт. Израилдин бул аракетин БУУ, Евробиримдик сыяктуу эл аралык уюмдар да айыпташты.


ТАЖИКСТАН «РОГУН» ГЭСин ЭКСПЕРТИЗАГА БЕРЕТ

Дүйнөлүк Банк Тажикстандагы «Рогун» ГЭСинин курулушу боюнча долбоордун экспертизасын каржылоону моюнуна алды.

Бул тууралуу 11-мартта Дүйнөлүк Банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору маалымдады. Тажикстандын өтүнүчү менен ДБ экспертиза өткөрүүчү компанияны тандап алат. Буга чейин Өзбекстан бул экспертизаны талап кылып келген. Ошол эле расмий Ташкент Кыргызстандын курууга пландаган “Камбар-Ата-1” ГЭСине да экспертизаны талап кылат. «Рогун» ГЭСинин курулушу Вахш дайрасына Союз убагында эле башталып, кийин токтоп калган.


АХМЕДИНЕЖАД КАБУЛДА БАТЫШТЫ СЫНДАДЫ

Ирандын президенти Ооганстандагы иш сапары учурунда Кабулдун союздаштарын сынга алды.

Махмуд Ахмединежад айрыкча Американы катуу сындап: “Ооганстанда эки башка оюнду ойногон Тегеран эмес, Вашингтон”,- деди. Ошондой эле: “АКШ менен НАТО биздин өнүгүшүбүздү, бейкуттугубузду каалабайт. Бирок алар бул өлкөлөрдө, айрыкча Ооганстанда жеңишке жете албастыгына мен ишенем”,- деп кошумчалады Ирандын президенти. Айта кетсек, 9-мартта АКШ­нын Коргоо министри Роберт Гейтс
Ооганстанга жасаган сапары учурунда “Иран талиптерди колдоп, АКШ менен НАТОго бут тосуп жатат” деп күнөөлөгөн эле.

Айбек Кочкоров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Арык киши
2010-03-13 14:28:37
Нарында жашап корсонор анан Нарында кандай катаал шарт бар экенин тушуносунор. Жанга баткан учун митингке чыгып атабыз да. Жашоо жыргал болсо не кыларыбызды билбей кылаарга эч нерсе жок дейсинерби????
0
ymyta
2010-03-13 15:14:05
Туура эле кылып жатышат,негизи жашоо кыйындап бара жатат,шайлангычакты эле тоону томкоро беришет.Шайлангандан кийин элди такыр ойлошпойт.
Андан коро акылдуу карапайым кыргыздын акылудуу .коп эле жаштары журушпойбу,ошолордон кандидатураларын коюшпайбы.
0
Margosha
2010-03-14 00:21:11
mmmmm da!!!!!!!!
0
Rim
2010-03-14 16:10:54
Нарында туура кылышып жатат , жакында бул маселени карап бергендери жакшы болмок элге дагы,
Эл кыйналды туурабы Кыргызстандык туугандар?
0
Debi
2010-03-14 22:22:38
Минтип чыккан менен, алдыларында иштелип чыккан план болбосо, болсо да аны аягына чейин жузого ашырган журоктуу лидер болбосо, бекер эле. Мындай деле болбоду беле, эч озгоруу жок эле турат го
0
Debi
2010-03-14 22:23:30
Айбек Кочкоров деген тетиги кишиби деп чочуп кетсемчи
0
ylduska
2010-03-15 18:03:55
Келгиле Бишкек пикетке чыгалы, кун жылыды!!!
0
kuzekeeva
2010-03-16 16:06:52
degi ka4an onolobuz...
ka4an biylikke ulut4ul,oz jerin,elin suygon,oylogon adamdar kelet...
kyirap 4a4yrap baratabyz go...
:(
0
ylduska
2010-03-17 11:16:56
Ошон учун айтып жатпаймынбы ордубузда олтуруп ар нерсени суйлоп кыйын болбой, келгиле пикетке чыгып бетине айталы, коробуз да анан эмне болору барыбыздын башыбызды алып сала албастыр?
0
Acia
2010-03-18 22:38:36
Пикетке чыгып эл эмнеге жетти?
Ушул эле корунуш кайталанат да дагы...
мамалекет деген эле аты бар.Эл озун озу багып жатат.Алар элге салыкты кобойтуп,бирин -бири чукулап,кутурган иттей элдин ырыскысын болушо албай чабышып,атышкандан башка эч нерсеге жарабаган адамдар да...
Мындай корунуштор кайталана берсе мамлекетибизди жоготуп алабыз го...
0
№ 384, 12-18-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан