SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы “Күнсереп” рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

6-октябрь:

«АТА МЕКЕНГЕ» ЧАБУУЛДУН ЭКИНЧИ ТОЛКУНУ БАШТАЛДЫ

Бийликти сындагандарга каршы чабуулдардын экинчи толкуну башталды: бийликке жан тарткан басылмалардын бири «ата мекенчилер» Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов «Мегакомдун» айланасындагы жаңжалдар менен тыгыз байланыштуу жана бул компанияда үлүштөрү бар, бул үлүштөрү Максим Бакиевдин атына катталган оффшордук компанияларда жайгашкан» деген маалымат таратты. Текебаев, Салянова жана Шыкмаматов үчөө тең бийликти активдүү сындагандар жана Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып жаткан күчтүү саясатчылар. Аларга каршы ушул сыяктуу шектүү маалыматтар тараары күтүлгөн эле нерсе. Шыкмаматов жогорудагы макалада «ата мекенчилер» тууралуу маалымат жалган» деп билдирди. «Бул баягы «матрёшка-гейттин» эле экинчи сериясы болуп калды. Биз кайрылган тараптардан тиешелүү жооптор келип, маалыматты төгүндөгүчө убакыт өтөт. Эл ишенчээк да. Ушул убакыт аралыгында элди ишендирип калалы деген эле аракеттери»,- деди Шыкмаматов. Бүгүнкү парламент жыйынында эки КСДПчы депутат Мээрбек Мискенбаев менен Анвар Артыков аталган макаладагы маалыматтарды териштирүүнү суранышты. Балким, алар «ата мекенчилерден» тынчсызданып баштаарын күтүшкөндүр. Бирок Аида Салянова бул маселе боюнча өкмөттүн маалыматын парламентте угууга чакырганда, эки КСДПчы унчукпай отуруп калышты. Бул арада «Ата Мекен» партиясы макаланы жазып чыккан сайтты сотко берери белгилүү болду. Саясий уюмдун мындай чечкиндүү кадамга барганы, тагылган күнөө боюнча тез арада жооп берип жатканы басылманын макаласындагы маалыматтары чын экенинен күмөн жаратат...

7-октябрь:
ДЕПУТАТТАРДЫН ЖАМБАШЫНА КИМ «СПОНСОР» БОЛДУ?

Жогорку Кеңештин депутаттары акыры жаңы креслого жетишти. Парламенттин жыйындар залына 120 кресло сатылып алынганын бүгүн
SUPER.KG порталына парламенттин басма сөз кызматынан тастыкташты. Креслолор эл аралык уюмдардын биринин акчасына сатып алынып, бюджеттен бир тыйын каражат жумшалбаптыр. Ошол эле учурда басма сөз кызматы кайсы уюм креслолорду алып бергенин айта алган жок, тиешелүү документтерди да көрсөткөн жок. Көпчүлүктүн эсинде, мындан туура 1 жыл мурун – 2015-жылдын 8-октябрында жаңы шайланган Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарына 2 миллион 682 миң сом сарптап жаңы 120 кресло сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. 120 кресло тендери коомчулукта катуу сындалып, олуттуу нааразычылыктардан кийин парламент бул тендерди жокко чыгарууга аргасыз болгон. Бирок депутаттардын элге капачылыгы ичинде калганы, эски отургучтарга отургусу келбей жатканы көп өтпөй ачыкталып, эл өкүлдөрүнө баары бир жаңы кресло сатып алынарын былтыркы жылдын 4-ноябрындагы парламент жыйынында спикерликке талапкер Асылбек Жээнбеков билдирген. «Депутаттар отуруп алып айланып-тегерене турган эмес, жөнөкөй, отуруп иштей турган креслолор алынышы зарыл»,- деген экс-спикер. Бирок жаңы сатып алынган креслолор деле айланып-тегерене турганы көрүндү, депутаттык жеңилдиктерге, комфортко көнүп бүтүшкөн мыйзамчылар жөнөкөй отургучка алымсынбайт сыягы. Мамлекеттин карызы
4 миллиард долларды чапчып турганда «спонсорлордун» ошол акчасы казынабыздын тешиктерин бүтөөгө жумшалганы эп болмок. Бекер акчага депутаттардын ордун жумшактап, казынада мектеп курууга каралган акчаны оюн-зоок уюштурууга, референдум өткөрүүгө жумшап жаткан бийликке элдин алкыш айтпасы белгилүү. Ошол эле учурда өлкөдө донорлордун каржылык колдоосуна муктаж жарыксыз же таза суусуз айылдар көп. Элдин добушу менен парламентке келгендер өзүнөн мурун элди жылуулоого, жумшактоого качан көңүл бурушар экен?..

10-октябрь:
БИЙЛИК ОППОЗИЦИЯ МЕНЕН ЭМЕС, ТЕРРОРЧУЛАР МЕНЕН КҮРӨШҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ

Америка Кошмо Штаттары менен Улуу Британиянын элчиликтери Кыргыз Республикасындагы аталган өлкөлөрдүн жарандарын сак болууга чакырышты. Дипломатиялык мекемелердин билдиришинче, октябрь айында чет элдик дипломаттарга карата террордук чабуулдар жана аларды барымтага алуу фактылары болуп кетиши мүмкүн. Мындан улам аталган эки мамлекеттин элчиликтери жарандарын сак болууга, эл көп топтолгон жерлерге барбоого, коомдук жайларда коопсуздукту сактоого чакырууда. АКШ менен Улуу Британиянын терроризм менен күрөшүү боюнча тажрыйбасы Кыргыз мамлекетиникине салыштырмалуу күчтүү. Бул мамлекеттерде буга чейин ири теракттар орун алган. Аларга өлкөбүздүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билбеген террордук уюмдардын пландары белгилүү болушу мүмкүн. Албетте, мындай коркунучтуу билдирүүдөн кийин бир гана америкалыктар менен британиялыктар эмес, жалпы өлкө тургундары сак болушу керек. Бирок мындайда бир топ суроолор жаралат. Эмнеге террордук коркунучтар боюнча элчиликтерде болгон маалыматтар УКМКда жок? Бул окуя УКМК бийликтин оппоненттери менен эмес, террорчулар менен күрөшүүсү зарылдыгын дагы баса көрсөттү...

11-октябрь:
АЛБЕК ИБРАИМОВ АТАМБАЕВДИ АКТАЙМ ДЕП КАЙРАДАН СОККУГА КОЙДУ

Албек Ибраимовдун эл алдындагы актануусу тескери эффект алып келди. Максим Бакиевге арналып «Дастан» мамлекеттик ишканасынан алынган жер кандайча Алмазбек Атамбаевдин ээлигине барып калганы боюнча Бишкектин шаар башчысы жергиликтүү маалыматтык агенттиктердин бирине кеңири маек берген эле. Бүгүн «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын өткөрүп, шаар башчысынын маегин узун-туурасынан жиликтеп, «Ибраимов Атамбаевди актайм деп, тескерисинче, кайрадан соккуга коюп берди» деп жарыялады. Өзүнүн маегинде Албек Ибраимов «Манас» Эл аралык аэропортун жетектеп турганда борттогу тамак-ашты даярдоо боюнча цехти
12 миллион долларга президенттин кат жүзүндөгү уруксаты менен сатып алганын билдирген. Текебаев: «Президенттин аэропортко кандай тиешеси бар? Эмне үчүн президент менен макулдашышы керек? «Президент менен макулдашты» деген сөз, «ал буйрук берди, калганы аткарды» дегенди билдирет. Президент өзүнүн конституциялык укугунда жок нерселерге аралашып, бийликти узурпациялап келгендигин далилдеп жатпайбы? Президентти ошол металлоломду, анын жапжаңысын
3 миллионго курса болот,
12 жарым миллионго сатып алган шектүү операцияга катыштырып коюп жатпайбы?»
- деп ойлонууга дагы жем таштады. Бул маалымат согушу тереңдеп бара берсе абал оорлойт. Андыктан президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыргыз мамлекетинин социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн белгилүү инсандарды сыйлоо аземинде чукулашууну токтотуп, кечиримдүү болууга чакырды...

12-октябрь:
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТА АКАЕВ-БАКИЕВДИН ДООРУН ЭСКЕ САЛДЫ

Референдум өткөрүүгө бийликке дагы бир жашыл жарык күйдү. Жогорку Соттун Конституциялык палатасы Конституцияны өзгөртүү боюнча бийликтин аракетин колдогон чечим чыгарып, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр демократиялык мамлекеттин принциптерине каршы келбесин, адам укуктары менен эркиндиктерин кымындай да чектебей турганын билдирди. Кыскасы, «Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси мыйзамдуу, андагы жаңы нормалар Конституцияга шайкеш келет» деп корутунду чыгарды. Муну менен бийликке 2016-жылдын 11-декабрында референдум өткөрүүгө жол ачылды. Конституциялык палатанын мындан башкача чечим чыгарышы мүмкүн эмес болчу. Ошентсе да жарандарда азыраак үмүт бар эле. Бул – судьялардын арасында адилеттүү, мурунку эки бийликтин Конституциялык реформаларынан сабак алгандары бардыр деген үмүт. Палатадагы 10 судьянын ичинен бирөөсү – Эмил Өскөнбаев гана каршы пикир билдирген.
Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Конституциялык сот бийликтин Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы корутунду берген учуру дээрлик болгон эмес. Конституциялык палатага бүгүн «Баекованын тушундагыдай бойдон калыптыр» деген сын айтылууда, бул дагы бекеринен эмес. Чолпон Баекова президент Акаевдин тушунда 14 жыл өлкөнүн Конституциялык сотунун төрайымы болуп иштеп, акаевдик референдумдарды өткөрүүнү «мыйзамдаштырып» турганы айтылып жүрөт. Баш мыйзамга алгачкы «кол салуу» аракеттери Баекованын тушунда башталган. Бакиевдин тушунда да алмашты, бирок бардык конституциялык реформалардын кесепети өлкөдө бийлик алмашуунун бирден-бир себепкери болуп, убагында «мыйзамдуу» делген чечимдер мыйзамсыз болгонун убакыт тастыктап жатат. Эркинбек Мамыров жетектеген бүгүнкү Конституциялык палатанын корутундусуна тарыхый баа берүүгө да мезгил жетет. Укук жаатындагы эксперттер дал ушуну айтып жатышат. Жөн эле айтышкан жок, судьялар өздөрү казган аңга бир күнү өздөрү түшөөрүн эскертип жатышат. Демек, бүгүнкү корутундуга катылган миналар эртеби-кечпи жарылышы толук мүмкүн. Ошентип көз карандысыз делген Конституциялык палата деле эски бийликтин изи менен бараткансыйт.
2014-жылы Жогорку Кеңеште Конституциялык палатага туура эмес чыгарган чечимдерин кайра кароого укук берүү демилгеси көтөрүлгөн. Мыйзам долбоорун колдогондордун башында депутат Өмүрбек Текебаев турган. Бүгүнкү кырдаалды карап, мактагандык эмес, Текебаев ошондо эле бир нерсени сезгенби деген суроо жаралат. Анткени парламенттеги 120 депутат кетирген катаны Конституциялык палата оңдоп турушу керектигин айткан депутат: «Конституциялык палатадагы 9 адамдын 5-6сы жаңылбайт деп айта алабызбы? Тарыхтан көрдүк, Бакиевдин тушунда Конституцияны өзгөрткөндө дүйнө эли таң калды го. Эртең бирөө Конституциялык палатадагы 5 кишиге миллион доллардан берсе, алар Убактылуу өкмөттүн декреттери мыйзамсыз экен, Конституциясы да туура эмес экен десе эмне кылабыз?»- деген эле. Демилге колдоо тапкан эмес. Бүгүн талаштуу жагдай түзүлдү, экинчи тарап жогорудагыдай корутундуга макул эмес, ал эми Конституциялык палатада өз чечимдерин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү жок.
2010-жылы жаңы Баш мыйзам кабыл алынганда Конституциялык сот жоюлуп, 2013-жылы Конституциялык палата түзүлгөн. Маалыматтарга таянсак, 2016-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Конституциялык палата 5 гана иш караган. Бул аталган палатага кайрылгандар жокко эсе дегенди билдирет. Ушул жана башка себептер айтылып, аталган органды жоюу демилгеси көтөрүлүп, кол топтоо башталды...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 728, 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан