Кадыр Жарматов, тамашоучу: "МАСКАРАПОЗ БОЛБОЙ САБАГЫҢДЫ ОКУ ДЕШКЕН"

"No name" командасынын жигиттери Мурат менен Кадырдын ити чөп жеп жаткан кези. Анын далили катары бул команда өткөн айда мегажылдыз Кайрат Нуртас менен биргеликте жеке концертин беришкенин айтсак болот. "Тыныгуу жок, күнүгө той алып баруудабыз, бизди эл жаңы жылга чейин "брондоп" койгон",- деген Кадыр Жарматов келечектен көптү үмүттөндүргөн жигиттерибиздин бири.

Туулган жылы, күнү –
1988-жыл, 25-февраль
Туулган жери – Ноокат районунун Борбаш айылы
Билими – Жогорку
Кесиби – Программист
Учурда – "No name" командасынын оюнчусу, тамада
Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы

– Кадыр, "кыздардын көйнөгүн кийип чоңойгом" деген кебиң бар эле...
– Жашырганда эмне, мен кедейдин үй-бүлөсүндө кышында көмүр жок мезгилде төрөлүптүрмүн. 8 бир туугандын алтынчысымын, 5 кыз, 3 эркекпиз. Чындыгында эле жокчулуктун айынан мектепте окуганга чейин эжелеримдин көйнөктөрүн кийип чоңойгом. Эркек баланын кийимин киймек турсун, көрсөм деп эңсечүмүн. Агамдын кийими мага чоң, анан байкуш апам эжелеримдин көйнөктөрүн кийгизип "бар эми, эшикке ойно" деп чыгарып ийчү. А мен "ыңгайлуу экен" деп отура калып заара кылып, чуркап жүрө берчүмүн. Мектепке барарда гана эркек баланын кийимин кийгизишкен. Анын үстүнө 1993-жылдары буудай, нан жок, жашоо кыйындап кетпеди беле. Атам Бердибек менен апам Үлпат экөө тең жөнөкөй карапайым адамдар, кара жумушта иштеп бизди багып чоңойтушту. Ата-энем жаман баласынын элдин кызматында жүргөнүн, аздыр-көптүр жараткан ийгиликтерин көрбөй кеткенине өкүнөм. Бирок айылда "Бердибектин баласы теледен чыкты", "Бердибектин баласы той алып барат экен" деген сөздөрдү бир туугандарым угуп, мени менен сыймыктанып калышат.

– "Ааламга жол айылдан башталат" демекчи, балалыктын издери калган айылды баарыбыз жылмаюу менен эстейт эмеспизби...
– Туура айтасыз, айыл десе тандырга бышкан нандын жыты, очокко жагылган тезектер, алгачкы сүйүү, айтор, сонун көз ирмемдер эсиме келет. Ушул жерден бир окуя айтып берейин. 6-класс болсок керек эле, 28-декабрда мектеп жакка барсак мугалимдер жаңы жылдык кече өткөрүп жатышыптыр. Буфетти карасак казанда жаңы бышкан аш, эт бар экен. Балдар менен уурдап барып жеп алдык. Эртеси күнү мектепке барсак окуучулардын баарын чогулушка салып, "кечинде райондон келген конокторго аш бышырып койсок, биздин окуучулар уурдап кетиптир" деп урушуп жатыптыр. "Аны биз жедик" деп айткандан коркуп жашырып койдук. Балабыз да, мугалимдердин сыйлуу конокторго уят болгонун ойлоп да койгон эмес экенбиз.

– Бала кезинде жокчулуктун азабын көргөндөр эрте эле өз нанын таап жегенге өтөт эмеспи...
– Студенттик кезде кийимге акча жетпей, ачка калган учурлар болгон. 2-курста Мурат экөөбүз деканыбыздын үйүн шыбап берип,
6 миң сом тапканбыз. Мурат уста, мен жардамчысымын. Мен цемент аралашмасын даярдап ташып берем, ал шыбайт. Анан көчөнү карап турам, кыздар келе жатса Муратка айтам, ал жашынат, кыздар өтүп кеткенден кийин кайра чыгып иштейбиз. Ошентип тапкан акчабызды тең экиге бөлүп, мен бир шым алып, калганын атама берип кубанткам. Студенттик кездеги оор, катаал күндөрдү кыйынчылык деп эсептебейм, тескерисинче, ийгиликтердин башаты деп айтам. Анткени андай күндү көрбөсөм бүгүнкү күндүн баркына жете албайт болчумун.

– Мурат экөөң окуу жайдан таанышкан экенсиңер да?
– Мурат мага капкара, кашы калың, бою кичинекей, арык, бир караганда жиниңди келтире турган бала көрүнгөн. Кийин экөөбүз дос болуп кеттик. Мен группанын старостасы, ал оң колум эле. Мектепте да, университетте да волейбол боюнча курама командада ойночумун. Мурат спортко жок, юмор жаатына шыктуу экен. Аны спортко тартам деп өзүм КВНге азгырылып кеттим. Алгач КВНге чыкканда кыздар колдору менен бизди көрсөтүп сөз кылышса, өзүмдү башкача сезип аябай кубангам. Мурат корс, анан тың, мен жумшак, ал болбосо мен нанымды тарттырып коём. Мурат болсо бирөөнүн көңүлүн оорутуп коюшу мүмкүн. Ошондуктан ак менен кара болуп бири-бирибизди толуктап, жакшы адамдын образын жаратып келебиз.

– Ак-каранын ортосунда атаандашуу болобу?
– Албетте, чыгарма жаратууда талаш-тартыш болот, бирок жеке атаандашуу жок. Биз көбүнчө сулуулугубуз боюнча атаандашабыз. Мурат "сага караганда мен сулуумун, жылдыздуумун, кашым капкара" деп көп мактанат. "Койчу, сага караганда мен ак жуумал болуп жагымдуураак көрүнөм" десем, "ээ, досум, мейиздин карасы ширин болот" деп чычалап калат. Бирок Муратка караганда мен сабырдуумун, курсагым ачканда эле ачуум келбесе, Мураттын бардык кылык-жоругуна чыдайм (күлүп). Чындыгында "Тамашоу" болбогондо биз мынчалык деңгээлге жетпейт элек. Башында үйдөгүлөр "ата-бабаларыбыздан артист чыккан эмес, маскарапоз болбой сабагыңды оку" деп урушуп жүрүштү. Бир аз тыйын таба баштаганда унчукпай калышты.

– Тыйын демекчи, чыгармачыл инсандардын баары эле концерттен эмес, тойдон каражат таап калды окшойт.
– Азыр той менен шайлоодон акча таап калдык. Той ээси ыраазы болуп берген акча берекелүү болот окшойт. Кудайга шүгүр, тапкан акчам үй-бүлөмдү баккандан сырткары анча-мынча туугандарга жардам бергенге жетет. Мурат экөөбүз тең Ошко 2 кабаттуу үй салып жатабыз. Бул экинчи кесибимдин артынан эл көрдүм, жер көрдүм, тааныш, дос арттырдым дегендей. Жакында эле Кыргызстандын Малайзиядагы экс-элчиси Кылычбек Султановдун чакыруусу менен ал жакка барып, мекендештерге күлкү тартуулоо менен бирге эс алып кайттык.

– Экинчи кесибим деп калдың, ошондо биринчи кесибиң кандай?
– Мен Ош технологиялык университетинде информатика адистиги боюнча билим алгам. Учурда дипломум үйдө эс алып жатат. Келечекте театр болобу, филармониябы, айтор, маданият тармагында "шеф" болуп калсам керек болот деп музыкалык билим да алып жатам.

– Келечектеги "шефтин" үй-бүлөсү тууралуу билгим келип турат.
– Келинчегимдин аты Каныкей, Баткендин кызы. Бир көрүп жактырып, 2009-жылы "Сулайман тоо мырзасы" деген сынакка катышып сезимимди билдиргем. Негизи сынакта "Аялзатына сүйүүсүн билдирүү" деген тапшырма бар экен. Сахнада жай музыканын ыргагында "араңарда бир инсан отурат, анын аты Каныкей. Каныкей, билесиңби?.." деп сүйүү темасында жаттаган кара сөз, ырларды айткам. Кечинде сынактан кийин жолуксам "мен дагы деле өзүмө келе албай жатам" дегени эсимде. Ошентип 2 жарым жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошуп, учурда Барсбек, Альбина аттуу уул-кызыбызды тарбиялап жатабыз. Үчүнчүсүн күтүү режиминдебиз.

"Болгон байлыгым үй-бүлөм. Алгачкы жолу ата болгонумда сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибере жаздагам".


"Малайзиядагы эс алуу учурунан көз ирмем. Биз түшө электе суу аябай тунук болчу, биз чумкуганда эле суу дароо өңүн өзгөрттү".


"Көрдүңүздөрбү, жаныбар болсом да Мураттан кутула албайт экем. Аны аяш энем мен үчүн төрөп берген окшойт".


Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
optimistka
2016-10-17 15:32:30
массалык маалымат булактарынан түшпөй эле калдыңарго. Теледе,радиодо,гезитте,социалдык тармактарда. Дегеле бардык жакта. Эмгегиңер элге сиңген,дайыма биз сыймыктанган байкелерим болуп жүрө бергиле... аттак экөөң тең нечегосуңар. красавчик братандарым.
+7
azim14
2016-10-17 17:53:04
зынк
+3
gulperi.kg
2016-10-17 19:45:50
Молодец
+3
Aziyat
2016-10-17 20:57:06
Бактылуу болгула ылайым! Универсал командасынан дагы интервью Алсанар Жакшы болот эле.
+3
gulu1991
2016-10-17 21:59:28
Алга
+3
zarlyk2211
2016-10-18 03:53:15
Бактылуу болгула. Ишиңерге ийгилик!
+4
Bak.taalai
2016-10-18 14:35:27
Ото жонокой, орундуу суйлогон бала экен. Ишине ийгилик!
+4
Zire12
2016-10-18 16:47:13
Көйнөк кийгени жакты да:-)
+3
Nurkyz1977
2016-10-18 20:00:51
Жашоодо кыйналган адам жашоонун баркын билет окшойт,бактылуу бол.
+3
dr_atabek
2016-10-19 13:16:53
Азаматсын, Кадыр. Сени менен сыймыктанабыз. Биздин кочодогу, айылдагы мыктылардан элен мектеп куракта. Эми мынтип буткул мекенибизге атактуу болуп жатасын. Иштеринде мындан ары ийгиликтер боло берсин. Уй-булон менен бактылуу бол!
+1
Zynk.kg
2016-10-19 17:51:30
Ээ брат зынк!
0
aitieva-0000
2016-10-20 13:33:00
Мыкты жигит.
0
azder19
2016-10-20 19:47:05
молодцы ))
0
meri.kg
2016-10-20 22:04:04
Кыйынчылык кимдин гана башына келбейт дейсиз. Кадыр байке жонокойлугунуз абдан жакты.Ушунунуздан жазбаныз.
0
Nur_5555
2017-08-06 01:32:18
Азаматтар
0
№ 728, 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан