Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен 12-октябрда Грузия жана Арменияга кетти. Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 11-октябрда президенттин бул иш сапарын сынга алды. "Атамбаев Армения менен Грузияга расмий иш сапары менен барат экен. Бул өлкөлөр менен биздин соода-экономикалык кызматташтыгыбыз ар дайым кичинекей болгон, жакында өнүгүп кете турган түрү жок. Ал жакка баруунун максаты эмнеде? Түркия менен жаңжалдашып жатсак, президент Москвада жатып алып Түркия мамлекет катары тааныбаган Кипрди Эгемендүүлүк күнү менен өчөшүп куттуктады. Эми Кудайдан бир тилегеним, армяндар геноцидинин эстелигине гүл койбосо эле болду. Андай болсо, түрктөр менен биротоло кол үзүшөбүз",- дейт Текебаев.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg