МИНИСТР КЫТАЙ КОМПАНИЯСЫНЫН УНААСЫН МИНИП ЖҮРГӨН

Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров кытайлык "Сhina Road and bridge corporation" компаниясына тиешелүү Лексус LX 570 үлгүсүндөгү жол тандабасты пайдаланып жүргөн. Белгилей кетсек, аталган компания Кыргыз өлкөсүнүн ири буюртмаларынын аткаруучусу, тагыраагы, Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоодон өткөрүп, учурда альтернативдүү түндүк-түштүк жолун куруп жатат. Курулуш бүткөн соң аталган министрлик кытайлык компаниядан жолду өткөрүп алат. Дал ушундай жагдайдан улам 100 миң доллардын тегерегин чапчыган кымбат баалуу унаага байланыштуу ишти коомчулук коррупция катары кабыл алды. "Ачык бюджет" порталынын маалыматы боюнча, 2011-жылдан бери аталган компания мамлекеттик бюджеттен 1,1 миллиард сомдон ашуун каражат алган. "Жол курууга байланыштуу бир канча тендерлерди утуп алган компаниянын автоунаасын колдонууну коррупциялык схема деп баалоого болот",- дешти "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаттары.
Мындай купуя маалыматтын ачыкталышына министрдин айдоочусу жана министрликтин Коомдук кеңешинин мүчөсү Айнура Абдраеванын ортосундагы чыр себеп болду. Айдоочу кызматтык унааны сүрөткө тарткан Абдраеванын колунан телефонун тартып алып, сүрөттү өчүрмөкчү болгон. Натыйжада сыр ачыкка чыгып, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаттары териштирүү иштери бүткүчө министрди жумуштан четтетүүнү талап кылды. Мындай чырдан улам 10-октябрда автоунаа компанияга кайтарылды. Окуя автоунааны кайтарып берүү менен эле аяктап калуусу мүмкүн эмес.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 728, 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан