КСДПнын депутаты Кыянбек Сатыбалдиевдин ордуна ИРИНА КАРАМУШКИНА мандат алды. 5-октябрда Сатыбалдиев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалган болчу.
Кыргызстан АЛТЫНДЫН ЗАПАСЫ БОЮНЧА 100 өлкөнүн ичинен 83-орунга ээ болду. Рейтингди Эл аралык эксперттик уюм чыгарган.
Мамлекеттик ишмер ИСХАК РАЗЗАКОВГО "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы жана "Ак шумкар" төш белгиси берилди. Сыйлыкты кызы Элмира Раззакова алып, үй музейге өткөрдү.
Бишкекте 14-октябрдан тарта үйлөрдү ЖЫЛЫТУУ башталат. Былтыр жылытуу сезону 20-октябрда башталган.
"Save the Children" ("Балдарды коргоо") уюмунун маалымдашынча, 18 ЖАШКА ЧЫГА ЭЛЕК кыздардын турмуш куруусу боюнча Кыргызстан 144 өлкөнүн ичинен 59-орунда турат. Казакстан 30-орунда.
Улуттук банктын маалыматына караганда, ушул жылдын январь-август айларында МИГРАНТТАР Кыргыз мамлекетине 1 миллион 260 миң доллар которушту. Бул көрсөткүч былтыркыдан 143,6 миң долларга көп.
Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматы боюнча, Кыргызстан КООПСУЗ 141 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.
Депутат ЖАНАР АКАЕВ педагогикалык адистиктерде окуп жаткан студенттердин стипендиясын 2 эсе көтөрүүнү сунуштады. Муну ишке ашыруу үчүн бюджеттен 31 миллион сом кошумча каражат керек болот.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.