"Жубайыма" деген ыры менен эл оозуна алынган ырчы Турдакун Ниязалиев 10-октябрь күнү кырк жылкылуу болду. "Кызым 3 килограмм 800 грамм салмакта төрөлдү. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Балдарымдын улуусу уул, экинчиси кыз болгондуктан үчүнчүсү ким болсо да аман-эсен төрөлсүн деп тиледим. Кудайга шүгүр, ширин кыздуу болдум. 4 күндөн бери кызыма татыктуу ысым таба албай кыйналып жатам",- дейт кубанычы менен бөлүшкөн ырчы мырза. Ымыркайдын бешик боосу бек болуп, ыймандуу кыздардан болсун!