“ОСКАР-2010”: РЕКОРДДОР ЖАҢЫЛАНДЫ

«Миллиондогон акчалар кадр артында калды». «Оскардын» быйылкы сыйлык тапшыруу аземине дал ушундай мүнөздөмө берсе жарашат. Прокатта акча чогултуу боюнча рекорд койгон «Аватар» «Оскардын» алтын статуэткаларына ээ боло албады.

«ОСКАР-2010дун» КҮТҮЛБӨГӨН БЕЛЕКТЕРИ

Түз алып берүүнү көргөндөрдүн саны рекордду түздү
АКШда «Оскар-2010дун» сыйлык тапшыруу аземинин түз алып берүүсүн көргөндөрдүн саны 41 миллиондон ашкан. Бул соңку жылдардагы абсолюттук рекорд. Уюштуруучулар «буга салтанаттын жогорку деңгээлде өткөндүгү себеп болду» дешсе, сынчылар башкача ойдо. Кептин баары жумушсуздукта. Жумуштун жоктугунан элдин сыналгы көрүүгө убактылары кенен.

Тарыхта биринчи жолу башкы сыйлык аял–режиссёрго буюрду
«Мыкты режиссёр» номинациясынын жеңүүчүсү болуп «Бороон падышасы» тасмасын тарткан Кэтрин Бигелоу табылды. Ага чейин мындай бакыт бир да айымга буюрган эмес. Бигелоу өз сөзүндө: «Бул сыйлыгым аскер формасын кийип жүргөн мырзалар менен айымдарга арналат»,- деди. Айта кетсек, түрдүү жылдары «Оскарга» аял-режиссёрлордон София Коппола, Жейн Кэмпион жана Лина Вертмюллер талапкер болушкан.

Сандра Буллок эң начар жана эң мыкты актриса
«Көрүнгүс жак» («Невидимая сторона») тасмасында баш каармандын ролун ойногон Сандра Буллок «Оскар-2010дун» алдында ийгиликсиз ролдор үчүн берилүүчү «Алтын малина» сыйлыгын алган эле. Эми минтип «Оскардын» «Эң мыкты актриса» сыйлыгына татыды. Актрисанын өзү бул тууралуу: «Мен жеңип алган эки сыйлыгымды бир текчеде сактап коём»,- деп убада берди.

Майрамга чакырылбаган жеңүүчү
«Бороон падышасынын» продюсери Николас Картье добуш берүүнүн жүрүшүндө Америкалык киноакадемиянын мүчөлөрүнө өзүнүн тасмасына добуш берүүнү өтүнүп, кат жолдогон. Бул жоругу үчүн жылдын башкы салтанатына чакыруу кагазынан куру калды. Ошентип жеңүүчү аталса да, буга иш жүзүндө күбө боло албады. Бирок ал тар чөйрөдө болсо да жеңишин майлап берүүгө жетишкен.

Биринчи жолу талапкерлердин саны 10го жетти
1943-жылдан бери биринчи жолу мыкты тасмага талапкер фильмдердин саны 5 эмес, 10 болду. Мындай чечим Америкалык киноакадемиянын жаңы жетекчилигинин кадамы болду. Алар талапкерлердин тизмесин узартуу менен сынакта интриганы күчөтүүнү көздөштү.

Кеп акчада эмес
6 «Оскарга» арзыган «Бороон падышасы» тасмасынын бюджети болгону, 11 миллионду түзөт. Ага башкы атаандаш болгон «Аватарды» тартууга 237 миллион доллар кеткен. Ошондой эле «Аватар» дүйнөлүк сатыкта эң көп киреше тапкан тасма болуп калса, «Бороон падышасы» сатыктан жолу болбогон (араң 16 миллион чогулта алган). Ошентип, «Бороон падышасы» (Ирактагы сапёрлор жөнүндө тасма) «Оскардын» тарыхында башкы сыйлыкка ээ болгон кирешеси эң аз тасмага айланды.

Биринчи жолу лауреаттарга апасына рахмат айтууга тыюу салынды
Америкалык киноакадемиянын жаңы президенти Том Шерак лауреаттардын ыраазычылык сөзүнө чектөө киргизди. Ал жеңүүчүлөрдүн түз эфирден бүт дүйнөгө жар салып жакындарына ыраазычылыгын билдирүүсүн маанисиз деп тапты. Кимдир бирөөгө ыраазычылыгын же сүйүүсүн билдиргиси келгендер үчүн сахна артында атайын камера орнотулган. Каалоочулар ал видеону интернеттен көрө алышат.

Саша Барон Коэндин салтанатка катышуусуна тыюу салынды
Мындай тыюу салуу чоң чыр жаратты. Уюштуруучулар мындай чечимин «Коэндин тамашалары чектен чыгып, көрүүчүлөрдү үркүтүп жибериши мүмкүн» деп түшүндүрүштү.

Биринчи жолу саундтректер жандуу эмес,
видео-роликтерде жаңырды.
Мындай кадамга баруунун себеби – убакыттан утуу болуптур. Уюштуруучулардын пикиринде, ар бир саундтректи жандуу ырдоо шоуну узартып, элди тажатып жибермек. Эмнеси болсо да, бул эксперимент ийгиликсиз болду деп эч ким ооз ачкан жок.

Сатыкта акча чогултуу жагынан «Титаникти»
артта калтырган «Аватар» кыйроого учурады
«Аватардын» режиссёру Жеймс Кэмерон өз рекордун жаңылай албады. Ал 1998-жылы «Титаниги» менен «Оскардын» 11 статуэткасын жеңип алган. Бирок быйыл ага фортуна жылмайган жок. «Аватар» болгону, 2-даражадагы 3 наамга илинди.

Базарбек Абдураимов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 384, 12-18-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан