Ырчы, куудул Мерген Турган мындан 2 жыл мурун "Бексултан деген 22 жаштагы уулум бар" деп баарыбызды таң калтырган эле. Эми минтип "баламды үйлөнтүп, келиндүү болом" деген ырчы тойго камылга көрүп жаткан кези.
"Балама жакшы кыздарды көрсөтсөм, "койчу, ата, азыр үйлөнбөйм" дей берчү. Өткөндө келип "ата, быйыл сөзсүз үйлөнөм" деп калыптыр. Көрсө, акын Жыпара Исабаеванын кызы Мырзайым экөөнүн жылдызы келишип, сүйлөшүп жүрүшкөн экен. Эки жаш кудагыйым экөөбүздү түшкү тамактанууга чакырып, жаңылыктарын айтышты. Мен угуп алып Жыпарадай кудагыйлуу болгонума сүйүнсөм, кудагыйым алгач укканда "шок" болду. 19-ноябрда тойду өткөрүп алсак, келиндин колунан ысык чай ичип жыргап эле калат экем да. Эми шалактабай, токтоо болгонду үйрөнүшүм керек, келинге уят болбой",- дейт кубанган Мерген мырза.