8-октябрда Орусиянын ТНТ каналында "Танцы" телешоусунун кезектеги чыгарылышы көрсөтүлдү. Анда кыргыз жергесинен барган бийчилер Жан Воинов менен Темирлан Назарбеков өз өнөрлөрүн тартуулашып, кийинки турга өтүштү. Назарбековдун комуз күүсүнүн коштоосунда аткарылган бийи калыстардын мактоосуна арзыды. Эми алар калыстардын биринин командасына кошулуу үчүн күч сынашат.
Бул тууралуу Темирланга байланышканыбызда: "Телешоунун 2-туру качан болору азырынча белгисиз. Бирок биз даярбыз, 4-класстан бери бийлеп келе жаткандыктан мен бул шоунун 1-сезонунда эле катышууну каалаган болчумун. Шартка байланыштуу бара албай калып, 3-сезондо гана кыялым ишке ашты. Буюрса, ийгиликтер алдыда",- деген оюн айтты.