БИР БҮРКҮМ

  • Ырчы ГҮЛНАРА КАЛДАРОВА менен АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВА биргеликте ноябрь айынын башында концерт беришет.

  • Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалар фестивалында "КӨЧ" тасмасы баш байгени жеңип алды.

  • Ырчы АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА "Кыз бала" деген ырына клип тарттырууда.

  • Тамашоучу ЭМИЛ ЭСЕНАЛИЕВ казак элинин "35-штурмовая" аттуу боевик жанрындагы тасмасында роль жаратат.

  • КУНДУЗ КАНАТБЕК КЫЗЫ менен АСЕЛ КАДЫРБЕКОВА "Самап келем" деген аталыштагы дуэт жаздырышып, клип тарттыруу алдында турушат.

  • Обончу АЛТЫМЫШ КАДЫРОВДУН уулдары Талант менен Самат түзгөн "60 К" тобу эсиңизде болсо керек? Ошол жигиттердин бири Талант Кадыров кайрадан сахнага кайтты.

  • Ырчы КАЙРАТ ПРИМБЕРДИЕВДИН жубайы ЭЛЬВИРА ПРИМБЕРДИЕВА кыргыз эстрадасын багынтам деп чыгармачылыкка киришип, ырдап чыгуунун алдында турат.

  • Режиссёр БАКЫТ МУКУЛ менен ДАСТАН ЖАПАР УУЛУНУН "Ата керээзи" тасмасы "Оскар" сыйлыгынын тизмесине кирди. Кыргыз тасмасы "Жылдын мыкты чет элдик фильми" номинациясы боюнча ат салышмакчы.

  • ЭРНЕСТ УМЕТАЛИЕВ "Акнур фильм" студиясы менен биргеликте тарткан "Симулянттар" кинотасмасы 27-октябрдан баштап бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 728, 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан