БАТИР АЛУУДА ЭМНЕГЕ КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК?

Учурда борбор калаабызда гана эмес, калган шаарларыбызда да көп кабаттуу имараттар салынууда. Ар түрдүү салынган курулуштар көпчүлүк жарандарды көп кабаттуу үйлөрдөн батир алууга кызыктырып келет. Бирок жаңы салынып жаткан имараттардан батир алууда эмнеге көңүл буруу керек? Алдамчылардын торуна кантип түшпөө кажет? Бул жана башка кызыктырган суроолорду курулуш компаниялардын башчыларына берип көрдүк.

"ҮЙ КУРУУ – БУЛ ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК"

"KG ГРУПП" курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташов көп кабаттуу үй куруу чоң жоопкерчилик экенин белгилейт.

– Учурда көп кабаттуу үйлөрдү аз гана убакытта куруп бүтүп коюшканын көрүүгө болот. Негизи мындай жаңы салынган батирлерге канча жылга чейин кепилдик берилет?
– Алгач архитектуралык, дизайндык, техникалык жагын пландаштыргандан кийин гана үй куруу иштери жүргүзүлө баштайт. Анда ар бир иштин үтүр, чекитине чейин белгилеп алуу керектелет. Техникалык кароо, сыноо, керек болсо ширетилип жаткан ар бир темирдин, куюлган бетондун сапатын атайын көзөмөлдөөчү адистер текшерип, мамлекеттик стандарттардын талабына ылайык келгенин карап турушат. Азыркы өзүбүз салып жаткан монолиттик бетон үйлөр кылымдарды карыткан үйлөр болот деп кепилдик бере алам. Себеби үй курууда ар бир кардардын алдында гана эмес, Жараткандын алдында да ак болушубуз керек деп эсептейм. Үй куруу – бул өтө чоң жоопкерчилик.

– "Бишкектеги жаңы конуштардын ордуна көп кабаттуу үйлөр салынса..." деп шаардыктар көп айтышат. Шаардын борборуна эле эмес, чет жактагы жаңы конуштарга да көп кабаттуу үйлөрдү салуу демилгесин көтөрсө болобу?
– Албетте болот. Борборубуз Бишкек – кооз, көрктүү, кенен шаар. Конокторду канча болсо да кучагына батыра алганы менен, өзүбүздүн ички миграциябыздын айынан шаардын инфраструктурасы эске алынбай, пландаштырылбаган имараттардын саны өзгөчө жаңы конуштарда көбөйүүдө. Чындыгында жаңы конуштарыбыздын санын көбөйтпөй, бардык шарттары бар көп кабаттуу үйлөрдү куруп берсек эң туура болмок. Бул жерде мамлекеттин салымы чоң болушу керек. Себеби мамлекет электр жарыгын, жаратылыш газын, канализация, суу түтүктөрүн жана башка инфраструктураларын тартып бербесе, ал жеке ишкерлердин колунан келе бербейт.

– Курулуш компаниясы куруп жаткан үйүн убагында бүтпөй, өтө эле кечиктирип жатат дейли. Андай учурда кардар эмне кылуусу керек? Курулуш компания ал төлөгөн акчаны кайтарып берүүгө милдеттүүбү?
– Ар кандай себептер менен андай учурлар болуп турат. Биз кардар менен түзгөн келишимде көргөзүлгөн шарттарды аткарып келебиз. Эгер келишимден баш тартса, ага чейин төлөнгөн акчасын да келишимдин негизинде кайтарабыз.

"ОРТОЧО 2-3 ЖЫЛДА 9-12 КАБАТТУУ ҮЙ САЛЫНЫП БҮТӨТ"

"Аалам Строй" ишканасынын башкы директору Бекболот Мукашов буларды айтып берди.

– "Азыр имараттарды бат, бирок сапатсыз курушат" деген ойлорду айтышат. Учурда курулуп жаткан имараттар канчалык сапаттуу?
– Азыркы курулуп жаткан имараттардын эң тез курулганы 2-3 жылда 9-12 кабатка чейинки имараттар бүтүүдө. Имараттардын эң негизги бөлүгү (сөөгү-каркасы) орточо 1 жылда, пайдубалы 1 айдан 3 айга чейинки убакытта салынат. Калган кабаттары ар бири 1 айдан болгондо 9-12 айда бүтүп калат. Андан тышкары дубалы, шыбагы, терезелери, электр жумушу, сантехникасы жана сыртын жылуулоо жумуштарын 1-2 жылдын ичинде толугу менен бүтүрсө болот. Жылдан жылга курулуш каражаттардын ар түрдүүсү, ыңгайлуусу чыгып жаткандыктан, үйдүн эч бир технологиясын бузбай эле бүтүрсө болот.

– Өлкөбүздө, тагыраагы, Бишкекте абдан көп имараттар курулуп жатканын көрүп жатабыз. Бирок муну менен катар курулуп жаткан имараттарда өрттүн чыгышы же курулушта иштегендердин кырсыкка кабылышы болуп келүүдө. Коопсуздук курулуш компаниялары үчүн канчалык маанилүү?
– Коопсуздук абдан маанилүү. Бирок учурда өрт коопсуздугу боюнча чындыгында эле долбоорлорубузда чийки жерлер бар. Аны өрт өчүрүүчүлөр, долбоор жасагандар жана куруучулар менен чогулуп, биздин республиканын шартында, мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша долбоорду иштеп чыгуу керек. Бул Мамлекеттик курулуш агенттиги көтөрүп чыга турган маселе. Акыркы долбоорлор көбүнчө батыш өлкөлөрүнүн жана Орусиянын шарттарына ылайыкталган. Жыйынтыгында аларда бар техникалар, камсыз кылуучу каражаттар жок болгондуктан биздин долбоорлор аксоодо. Ал эми курулуш объектилериндеги кырсыктар ар бир мекеменин ичиндеги инженердик кадрларынын билим деңгээлине жараша болуп жатса керек. Ар бир мекемеде коопсуздук инженери, энергетиги, кароолчулары болуп, алар өз иштерине так жооп бергендей болуусу зарыл.

– Өлкөбүздө эң бийик имараттар ашып кетсе 18 кабаттуу. Андан бийик курууга мүмкүнчүлүк барбы?
– Ар бир өлкөдө үйлөр жер титирөө нормаларына ылайыкталып салынат. Биздикиндей эле 7-8 баллдык жер титирөө нормалары киргизилген дүйнөдө көп шаарлар бар. Ал шаарларда 40-50 кабатка чейин имараттар курулууда. Мисалы, Японияда бир суткада 3-4 жолу жер титирөө болуп турат. Аларда деле бийик имараттар курулуп жатканын көрсөк болот. Бизде болсо жер кыртышынын толук калыптана электигинен улам өтө бийик имараттар салынбай келет. Келечекте жаңы технологиялардын өнүгүшү менен Бишкектеги имараттардын кабатына кабат кошулат болуш керек деп ойлойм.

"СЕЙСМОЛОГИЯЛЫК ТУРУКТУУЛУГУН ЖӨНӨКӨЙ ЖАРАНДАР ӨЗ АЛДЫНЧА БИЛҮҮСҮ КЫЙЫН"

"Арек Строй" компаниясынын директору Маматбек Болушев жаңы батир алууда эмнеге биринчи көңүл буруу керек тууралуу кеңеш берет.

– Жөнөкөй жарандар жаңы батир алууда биринчи кезекте эмнеге көңүл бурушу зарыл? Сейсмологиялык туруктуулугун кантип билсе болот?
– Биринчиден долбоорго, объекттин курула турган жерине, батирдин ички жайгашуусуна көңүл буруу зарыл. Сейсмологиялык туруктуулугун жөнөкөй жарандардын өз алдынча билүүсү кыйынчылык туудурат. Ал үчүн атайын адистерге кайрылуу керек. Адилеттүүлүк үчүн айта кетейин, бүгүнкү күндө жалпы эле курулуш компаниялар мамлекеттин катуу көзөмөлүндө, андыктан баары эле "Курулуш нормалары жана эрежелерине" (СНиП) туура келгендей куруп жатат деп ойлойм.

– Курулуш компаниялары шаарыбызда көптөгөн жаңы имараттарды куруп жатышса да, батир алууга жөнөкөй жарандардын чөнтөгү туура келбей калууда. Чөнтөгү жука кардарларга карата жеңилдетүүлөр каралганбы?
– Жарандарга жеңилдетүү маселеси биринчиден жердин баасына, объектти тармактарга кошуунун жөнөкөйлүгүнө, курулуш каражаттардын баасына жана сапатына, батирге төлөмүн узартып берүүсүнө тыгыз байланышкан.

– Курулушу баштала элек имараттан батир сатып, алдап кеткен учурлар кездешүүдө. Ушундайга кабылбоо үчүн сатып алуучу эмне кылуусу керек?
– Мындай окуяларга дуушар болуунун алдын алуу үчүн, биринчиден, курулуш компаниянын эл арасындагы ишенимдүүлүгүнө жана анын туруктуулугуна көңүл буруу керек. Тактап айтканда, ал компаниянын тарыхына, куруп бүтүргөн үйлөрүнө көз чаптырып көрсөңүздөр болот. Ошондой эле салынып бүткөн үйлөрдүн жашоочуларынын кеңешине, учурда канча объект куруп жатканына, өз мөөнөтүндө бүтүрүүсүнө, курулуштун токтоп калбай тургандыгына жана башка ушундай сыяктуу учурларга көңүл буруусу керек.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aytur
2016-10-17 10:19:50
Ооо биз бир сыйкыр ьолуп кеттп эле уй алып албасак уй алуу кыялы менен жашап келе жатабыз
+4
Sharipa-asia
2016-10-18 03:23:25
Жакшы маалымат экен.
0
Komrad
2016-10-23 16:30:25
Чет мамлекеттерде Новостройка деген сөз элиталык этаж үйлөр курулган районду билдирет!
0
jannat-82
2016-11-04 23:01:27
Бул уйлор капчыктуу адамдарга ылайыкталып салынып жатат, мамлекеттик кызматта иштеген маянасы аз адамдар булар салган уйго эч качан жетпейт. Анткени булар эсепти (расчетту) 1 жылдын ичинде кылууну талап кылат???
0
№ 728, 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан