"Дом-2" теледолбоорунун мурунку катышуучусу Элина Камирен аталган долбоор анын интимдик видеосун телеэкрандан кетиргени үчүн долбоордун жетекчилигинен 1,5 миллион рубль талап кылууда. Орусиялык маалымат каражаттары билдиргендей, Камирен телефонунан хакерлер тарабынан уурдалган видеосун долбоордун анонсунан көрүп калып, сотко берүүнү чечкен.
"Долбоордун жетекчилиги эфирден видеону алып салышты. Абийири ойгонуп, соттошуудан да коркушса керек. Мен алардан 1,5 миллион рубль талап кылып жатам. Учурда мени баары жаман көрүп, шылдыңдап жатышат. Мунун айынан мурунку жарандык никедеги жолдошум Саша Задойнов да мени менен сүйлөшпөй, кызынан кабар албай калды",- дейт Элина Камирен.
Айта кетсек, аталган видео интернетке жайылып кеткен. Ал видеодон Камирендин энеден туума жылаңач болуп алып күзгүнүн астында бийлеп жатканын көрүүгө болот.