Голливуд жылдыздары Бен Аффлек менен Женнифер Гарнер ажырашып жатышканын бир нече ай мурун билдиришкен. Буга Аффлектин жеңил ойлуулугу себеп болгон. Актёр 3 баласын караган бала багуучусу, 28 жаштагы Кристина Узунян менен интимдик катнашка барган деген маалыматтар бар. Жакында актёр кайрадан жубайы жашап жаткан Лос-Анжелестеги үйүнө көчүп барды. Жылдыздардын жакындарынын айтымында, түгөйлөр балдары үчүн баарын унутуп, кайрадан чогуу жашоону туура көрүшкөн.