Учтуу шаймандарды сактоо үчүн пенопластты тактайга же дубалга бекитип туруп, анан шаймандарыңызды сайып коё берсеңиз болот.
Темирден сүрөттөгүдөй кылып ачкычтарды илчү буюм жасап койсо болот. Айла жок болсо сабы жок тырмоок деле жарай берет. Болгону тиштеринин учтарын өйдө кайрып коюңуз.
Чоң мык, кичине мык, бурама сыяктуулар ар жерде чачылбай, өз ордунда турушу үчүн аларды үстү жагы кесилген канистраларга сактаңыз.
Күрөк, кетмен, айры дегендер үчүн жакшы идея. Орун да аз сарпталат.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg