Добр: “ИТИН ДОБР ДЕП АТАГАН ЭЖЕГЕ ТААРЫНЫП...”

Биздин шоу-бизнесте эки рэпер бар. Бирин этноакын дешсе, экинчиси жаш акын аталып жүрөт. Бүгүнкү биздин каарман рэпер Добр. Бул жигит “кыргыз деген атты даңктагым келет, анткени биз улуу элбиз” дейт. Анда эмесе Добрдун маегине назар салыңыз.

– Кош келипсиң, Адилет. Же Добр деп кайрылайынбы?
– Экөөнө тең каршылыгым жок. Азан чакырып койгон атым – Адилет. Окуучулук кезде айрыкча шаардагылар үчүн лакап ат койгон мода го. 5-классымда эле Добр деген ат мага жабышты. Себеби классташ балдар “кличка” коюп алчубуз. Менин фамилиям Добранов да. Ошондон улам Добр деп алышкан. Анын үстүнө элге да Добр деген ат менен таанылдым.
– Батышта рэперлерди «көчө балдары» деп аташат экен. А бизде болсо «эки сөздү бириктирип алып, ырдамыш болгондор» дегендерди угуп калабыз...
– Көчө балдары деген бизге туура келбейт го. Анткени биздин элде рэперлер эми эле сахнага чыга баштады. Эки сөздүн башын бириктиргенге да талант болуш керек. Бизде сындамай көп. Кыйынмын деген акын, жазуучуну деле сындашат. Клиптерим, ырларым сиздердин медиа-порталда жүктөлүү да. Бирөө мактаса, экинчиси сындайт дегендей. “Жаш акын” деген ырыма бир форумчу “ушул да жаш акынбы?” дептир. Сөздүн маанисин түшүнгөн үчүн жазасың да ырды. Ыр жазган адамды бизде акын дебей анан эмне дейт? Ырдын сөзүн да, обонун да өзүм жазам. Кыскасы, сынды туура кабыл алып, кемчилигимди түздөгөнгө аракеттенем.
Ырдын сөзүн, обонун өзүң жазсаң, аранжировкасын кантесиң? Негизи эле кандай учурда ыр жаратасың?
Мурда обон жаратууда бир аз кыйынчылык-тар болчу. Башкача айтканда, айрым ырлардын минусун колдончумун. Азыр такшалып калдым. Мага көбүнчө түн бир оокумда илхам келет. Анан ал ырды компьютерге түшүрөм. Аранжировкасын тааныш байкелер жасап берет.
– Башкалар айда-жылда бир клип тартат экен, сен бир жылда көп клип тартып жибердиң окшойт.
– Туура айтасыз. Чыгармачылыкка абдан берилип кеткен окшойм. Өзүмдүн алгачкы клибим жөнүндө кеп салсам. Клип тарткым келип КТРге барсам, режиссёрго жеткичекти эле ортомчуларга көп акча бериш керек экен. А менде кайдагы акча? Өзүм студент болсом. Ата-энемден сурайын дейм, бирок аларга сюрприз кылайын дегем. Анан ойлонуп бир жылдай акча топтодум. Акчам 500 сом болгондо тааныш байкеден камерасын сурап алдым.
Ата-энемди видеого тартып жатам демиш болуп батирде жашаган жаш жубайларды тарттым. Бизге дагы бир каарман керек эле. Ал – батирдин ээси орус аял. Эми орус аялды каяктан тапмак элем. Карындашымды кемпирче кийиндирип, капталынан тартып көрсөм окшошуп калды. Ал окшошсо уста жигиттин ролун да өзүң аткар деп эркекче кийинтип, устанын да ролун ойноттум. Ошентип, “Ата-эненин баркы” деген клибимди карындашым экөөбүз үйдө тартканбыз. Өзүм тарткангабы, сапаты начар. Бирок ата-энем абдан сүйүнүшкөн. Анткени клипте алардын жаңы үйлөнгөндөгү кыйынчылыктары, кубанычтары камтылган эле.
– Ата-энең жөнүндө кеп болуп калган соң алар тууралуу айтып өтсөң...
– Ата-энем менин бардык жактан колдогон демөөрчүлөрүм жана кеңешчилерим. Эмне иш жасабайын атамдан акыл сурайм. Апам да каражаным деп кагылып турат. Атам Аксыдан, апам Нарындан болот. Эки карындашым, бир иним бар.
– Качантан бери кагаз чиймелеп, “чу-чу” деп калдың?
– Карындашым экөөбүз удаа болгондуктан ата-энебиз келгичекти үйлөрдү жыйнап, алардын мактоо сөзүн уккубуз келчү. 5-классымда эле телевизордон рэперлерди көрүп отуруп аларга кошулуп ырдай берчүмүн. Адаттагыдай үйдө отуруп эле “я люблю работу, без работы не могу...” деген саптар келе калды. Аягын улап-курап жазып алып ё-ёу деп коём. Ошентип жүрүп 7-классымда “Мектебим” деген ыр жазып, ырдап чыккам. Чынында, башка рэперлер «ё-ёу» дешет, мен сиз айткандай «чу-чу» дегенди кайырманын ордуна колдоном. Чу-чу дегеним атты алга сүрө дегендик.
– Улуу муундун өкүлдөрүнөн «ал жигит таң калтыра турган эч нерсе жасай элек, ыр саптары уйкашпаган» сыяктуу кептерди угуп калдым...
– Кээ бир ыр жазып, рэп айткандардын мазмунуна келели. Алар деле тантырак сөздөрдү жазышат. Менталитетке туура келбеген жаман сапаттарыбызды ырга салып жүрүшпөйбү. Мен болсо болушунча ырларымда кыргыз элинин жакшы жактарын чагылдырганга аракет кылам. Рэп айтуу мурда хоббим болсо азыр бирден бир чыгармачылыгым, сүйгөн кесибиме айланган. Атак-даңк мен үчүн биринчи орунда эмес.
– “Атак-даңк керек эмес” деп жатпайсыңбы. Бирок абдан популярдуу болуп кетип “жылдыз оорусуна” чалдыгып калсаң кантесиң?
– Көп ырчыларды мурда сыртынан таанысам, “Супердин” концертинен кийин жакындан билип калдым. «Шоу-бизнес кир» дешет. Чын окшойт. Анткени аз болсо да шоуго аралашып калбадымбы. Бут тосуу, бирин-бири көрө албастык өкүм сүргөндөй туюлду. Мен “жылдыз оорусуна” чалдыкпайм деп кесе айта алам. Көптөн бери кызыгып жүрөм, “жылдыз оорусуна” чалдыккан адам кандай болуп калат деп.
– «Шоу-бизнес» деген ырыңда ырчылардын баарын мактап чыгыпсың. Муну аларга жагынуу деп түшүнсө болобу?
Чындыгында, бул ырда көп ырчылардын аты аталбай калган. Аты аталгандарын болсо ырларынан чымчып, тамашалап койгом. Бул жерде эч кандай жагынуу жок.
– Күйөрмандарың менен кандай байла­ныштасың?
– Мына азыр сиздерге келатканда да бир күйөрманым таанып, машинасы менен жеткирип койду. Өткөндө бир эже телефон чалат. “Небереме күчүк алып келсек, атын Добр коём деп жатат. Эмне кылайын, балам?”деп. Эмне кылмак элеңиз, атын Добр деп коё бериңиз дедим. Чындыгында, атымды итке койгону жатканына бир аз таарынганым менен, жаш баланын да, апасынын да, шагын сындыргым келген жок. Кайра эженин уруксат сураганына сүйүндүм. Азырынча кыздар менен сүйлөшкөнгө чыгармачылыктан колум бошобой жатат.
– Негизи эле кыз сүйүп, өбүшүп көрдүң беле?
– Майда-чүйдө сүйүүлөр болгон. Бирок чыныгы сүйүүгө кабыла элекмин. Кайсы кыз менен таанышпайын андан болочок жубайымды элестетем. Мага жөнөкөй, жылдыздуу кыргыз кыздар жагат.
8-классымда бир кыз менен өбүшкөм. Эсимде бул нерсе сөз менен айткыс, башкача сезимди калтырган (күлүп). Атын атабайм, мүмкүн ал кыз турмушка чыгып кеткендир.
– Сүйүү келе элек дечи, мектепти бүтүп эле студент болдуң да. Окууларың кандай?
– Жок, мектепти бүткөн соң аскерге бардым. Аскердик милдетти Бишкектен өтөдүм. “Ал жактан ур-тепки жейсиң” дешчү, бирок мен спорт ротада болгондуктан, андай кыйынчылыкты баштан өткөргөн жокмун. Спорттун самбо түрү боюнча спорт чеберлигине эки жолу талапкер болдум. Ошондон бери самбо менен машыгам. Аскерден соң КУУга тапшыргам. Учурда экономика бөлүмүндө 2-курста окуйм. Окуум жакшы. Жетишип жатам.
– Добр, өзүң айткандай, кыргызды дүйнөгө тааныт.
– Рахмат, сиздерге да терең ыраазычылык.


Жылмайып коюңуз!

Добр менен досу капыстан алтын таап алышат. Аны кантип бөлүүнүн амалын издешет. Кантсе да самбо менен машыгам го, жеңем деген ойдо Добр:
– Кел, дос, мушташабыз, ким жеңсе алтынды ошол алат.
Экөө укмуш мушташат. Чу-чу деп Добр жинденет.
Бир маалда экөө тең чарчап отуруп калышат. Унчукпай отурган Добрга досу:
– Доке, сен алып клип тартып, ыр жаздыр, мен ыраазымын десе тиши түшүп калган Добр:
– Кой, досум, мен нукуйа кыйгыз бала, досу үчүн байына даяй!

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Адам
2010-03-12 17:24:02
Анекдотко таккыр түшүнбөдүм.
0
Melay
2010-03-12 20:22:50
Добр маладец, онорун оркундой берсин.
0
inessa
2010-03-12 23:11:02
молодец!!! талантливый парень
0
asunya
2010-03-13 10:12:56
нукура кыргыз бала
0
Aizilya
2010-03-13 10:33:05
"Анан ойлонуп бир жылдай акча топтодум. Акчам 500 сом болгондо тааныш байкеден камерасын сурап алдым."

Кантип эле бир жылда 500с топтосун, доллар деп "окшоштуруп" койгулачы кичине.


0
Ilgiz
2010-03-13 23:53:22
bolboisungo dobr azamat
0
Margosha
2010-03-14 00:17:05
super
0
kyrs
2010-03-15 11:56:52
5000 com bolso kerek gazetany pechat etkende bir nolu jazylbai kalgango, men oshentip tushundum. Kandai bolso da KRASAVCHIK Dobr.
0
Жаку
2010-03-15 12:24:49
Анын эмнеси бар экен, бир сомдон топтосо керек да.
0
Jizusa
2010-03-17 10:06:02
3 aiynda sonun eken..
0
Kemindik
2010-03-17 17:05:51
азаматсын Адилет ар дайым чу-чулап алга чыга бер
0
adiku
2010-03-19 03:39:32
Алга кыргыз!!!
0
Oimo
2012-10-19 22:21:03
Атам Аксыдан! Аксынын кайсыл жеринен?
0
№ 384, 12-18-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан