ӨМҮР САКЧЫЛАРЫНЫН ТАЙМАШЫ

Ушул жылдын 14-октябрында өлкөбүздөгү тоо-кен куткаруучуларынын ортосунда жыл сайын өткөрүлүүчү мелдеш болуп өттү. Анда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен «Кыргызалтындан» бирден команда, «Кумтөрдүн» кен аймагынан «Кумтөр 1», «Кумтөр 2» жана компаниянын Балыкчы шаарындагы өткөөл базасынан «Балыкчы» командалары күч сынашты.

ӨЛКӨДӨГҮ КУТКАРУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫН АРТТЫРГАН БИРИНЧИЛИК


Катышуучулар таң эрте ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун машыгуу талаасына чогулушту. Коргоочу кийимдер жана каражаттар менен толук камсыздалган оюнчулар мелдешке кызуу даярдыкта келишкен. Иш-чара «Кумтөрдүн» колдоосу менен төртүнчү ирет аталган жайда өткөрүлүп жатканын маалымдаган борбордун жетекчисинин орун басары Камчыбек Айтымбетов: «Оюн тапшырмалары бизде иштелип чыгат жана тараптар менен макулдашылат. Бардыгы татаал. Анткени жумуш учурунда кырдаал канчалык татаал болбосун куткаруучу тапшырманы так аткарууга милдеттүү»,- дейт.
Оюн 3 этаптан туруп, алгачкы тилкеде легенда боюнча жарылуудан пайда болгон аммиак сакталуучу резервуардын тешигин бүтөө, жер астында түтүндө калган адамдарды куткаруу жана баалуу жүктү чыгаруу каралган. Мында газ жана өрткө каршы атайын кийимдер, жабдуулар менен иштөө оюнчуларга кошумча оорчулук жаратты. Ал эми жерде жаткан жабырлануучуга 4 кабаттуу имараттан төмөн түшүп, аны үчүнчү кабатка чыгаруу, керме тростор аркылуу башка имаратка жеткирүү экинчи тилкеде орун алды. Бул тапшырманы аткарууга негизинен бир саат каралса, буга «Күмтөр 2» командасы 55 мүнөт гана сарптап, ыкчамдыгын көрсөттү. Үчүнчү тилкедеги лабиринтте атайын жабдуулардын жардамы менен темир тосмолорду кесип, бетондорун тешип куткаруу иштерин аткарышты. Анын ичи кууш болгондуктан бирден сойлоп өтүү жана жабдууларды ташуу түйшүктүү болду. Бирок ар бир тапшырманы кеч болсо да так аткаруу шарт. Атайын кийимдерди туура кийүүдөн тартып, жабдуулар менен иштөө, жабырлануучуга биринчи жардам көрсөтүү, бийиктикте өзүн алып жүрүү эрежелерине чейин калыстар көз салды. Ар бир катага биатлон спортундагыдай айыптар убакыт түрүндө белгиленген.
Жыйынтыгында биринчи орунду ӨКМдин командасы, экинчи орунду «Кумтөр 1» жана үчүнчү орунду «Балыкчы» командалары багындырышты. Алдыңкы үчтүк эстелик кубоктору, медалдар менен сыйланышты жана бардык катышуучулар менен калыстарга баалуу белектер ыйгарылды. Ошондой эле мыкты оюнчулар арасынан мыкты куткаруучу, мыкты калыс аныкталып, кошумча сыйлыктар тапшырылды.

«КОМПАНИЯБЫЗДА КООПСУЗДУК БАШКЫ ОРУНДА»

Таймашта үчүнчү орунду ээлеген «Кумтөрдүн» Балыкчыдагы өткөөл базасынан келген команданын мүчөсү Союзбек Абдылдаев оюн мыкты деңгээлде уюштурулганын белгилейт. Мелдештеги жана ишканадагы машыгуулардын пайдасы күнүмдүк турмушта да кереги тиерин айткан ал: «Компаниябыз коопсуздукту башкы орунга коёт. Эрежени бузган адам жумуштан четтетилет. Себеби өндүрүштө коопсуздукту сактабасаң башкалардын өмүрүнө да зыян алып келишиң мүмкүн. Андыктан бизде бул багытта бардык кызматкерлерге дайыма окутуулар жана машыгуулар өткөрүлүп турат. Анын пайдасы иш учурунда гана эмес, үйдө, көчөдө жүргөндө да тиет. Мисалы, жумуштан сырткары жүргөндө унаа кырсыгына кабылгандарды куткарган учурларым болду»,- дейт.

Башкы орунду багынткан ӨКМ командасынын мүчөсү Таалайбек Абдраев бардык катышуучулар мыкты даярдыкта келишкенин айтып, буларга токтолду:

-Куткаруу кызматы биздин негизги кесип болгондуктан оюндагы көнүгүүлөрдү дайыма аткарып жүрөбүз. Андыктан тапшырмаларды кыска убакытта аткарууга үлгүрдүк. Башка командалар да жакшы даярдыктарын көрсөтө алышты. Өзгөчө “Кумтөрдөн” келген команда тапшырмаларды кынтыксыз аткарып, мүчөлөрү ишти ынтымактуу жасап жатышканын байкадым.

ИШ-ЧАРАНЫН МААНИСИ ЗОР

Мелдешти өткөрүүнүн максаты – тоо-кен куткаруучуларынын даярдыгын текшерүү жана тажрыйба алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүү. Мындан улам компания 2000-жылдан бери аталган кызматтагы командалар арасында мелдеш өткөрүүнү салтка айланткан. Алсак, 12 ирет өткөрүлгөн биринчилик «Кумтөр» кенинде уюштурулуп, ага ӨКМдин, «Кыргызалтын» ААКсынын, Монголиядан келген командалар жана компаниянын өздүк командалары катышып, күч сынашышчу. Акыркы 4 мелдеш ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунда орун алып келет. Бул туурасында белгилеген «Кумтөр» компаниясынын эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Жусупов: «Өзгөчө кырдаалдар учурунда куткаруучу командалар кандай аракет көрүшөрүн дал ушундай мелдештерде сынай алабыз. Кемчиликтер болсо эске алып, машыгууларда аларды жоюуга аракет жасалат. Жигиттер күч сынашууга спортчулар сыяктуу эле жыл бою даярданышат. Андыктан бул иш-чараны кичи Олимпиада десек да болот»,- дейт.

«КУМТӨРДҮН» КУТКАРУУЧУЛАРЫ КОЛ СУНУУГА ДАЙЫМ ДАЯР!

Таалайбек мырза маалымдагандай, «Кумтөрдө» кен ишкана ачылгандан тарта куткаруу кызматы иштеп келет. Учурда ыктыярчылардан түзүлгөн 4 команданын үчөө кен аймагында болсо, бирөө Балыкчыдагы өткөөл базада. Топтогу куткаруучулардын негизги жумуш орундары башка. Бири электрик болсо, бири оператор, дагы бири алтын ылгоочу фабрикада эмгектенет. Кызматкерлер арасында командага кошулууну каалагандар көп болгондуктан бош орунга сынак жарыяланат. Куткаруучулардын даярдыктарын арттыруу максатында апта сайын өзгөчө кырдаалдар боюнча түрдүү машыгуулар жана мелдештер үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.
Белгилей кетсек, соңку жылдары чыккан мыйзамга ылайык, тоо-кен ишканаларында куткаруучулар командасы болуусу шарт. Мындан улам компания ӨКМдин куткаруучуларды даярдоо борборуна 27 кызматкерин жөнөтүп, 2 апталык курска катыштырган. Курстан билим алган кызматкерлер атайын күбөлүктөргө жана мамлекеттик сертификаттарга ээ болушкан. Атап айтканда, «кумтөрчүлөр» дүйнөнүн 56 өлкөсү кирген Жарандык коргонуунун эл аралык уюмундагы куткаруучулар корпусунун толук кандуу мүчөсү катары зарыл учурда кол сунууга дайым даяр! Жакында компаниянын кызматкери Абдурахим Мамбеталиев эс алууда жүрүп, Жети-Өгүз районундагы кырсыкта 9 адамды сууга чөгүп кетүүдөн сактап калган. Бул окуяны эске алсак «Кумтөр» кадрларын бардык жагынан мыкты болууга даярдап келери мактоого аларлык.

Мелдештин ар бир этабы оңой болгон жок.


Мелдеш соңунда бардык командалар эстеликке сүрөткө түшүштү.


Айтемир Аскеров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 729, 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан