Медеткан Шеримкулов: «БИЙЛИГИН САКТАП КАЛАМ ДЕГЕНДЕРГЕ КЫРГЫЗ ЭЛИ ЖОЛ БЕРБЕЙТ!»

Легендарлуу парламентти жетектеген, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусуна чоң салым кошуп, бүгүн кадырлуу аксакалга айланган Медеткан Шеримкуловду маекке тарттык. Акыркы кездеги саясий абал, чокушуп жаткан "эки шумкар" тууралуу кенен-кесир сүйлөштүк.

– Медеткан Шеримкулович, Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгонуна 25 жыл болду. Айтсаңыз, биз ушул чейрек кылым ичинде өткөндөн сабак алганды үйрөндүкпү? Баш мыйзамды 9-ирет өзгөртүү алдында турабыз. Бир баскан тырмоокту кайра басканы жаткан жокпузбу?
– Биздин элибиз улуу эл. Ар түркүн мезгилдерди, ар кандай замандарды башыбыздан өткөрдүк. 1991-жылы көз карандысыздыкка ээ болуп дүйнөдөгү 200дөн ашуун мамлекеттин ичинде Кыргыз Республикасы деген аты менен таанылып отурат. Кыргыз Республикасынын түндүгүн көтөрүп, түтүнүн булаткан өз алдынча өлкө катары жарыялаган адамдардын ичинде мен да бармын. Эгемендүүлүк жөнүндөгү 1991-жылдын 31-августундагы кабыл алынган декларацияга мен кол коюп, гимнибиз, гербибиз, желегибиз, улуттук валютабыз өлкөбүздүн символдору болуп мыйзам ченемдүү жарыяланганына салымым бар. Мен үчүн өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнө 25 жыл толгону чоң майрам. Бирок буга катар ушул 25 жыл ичинде биз эмнеге жетиштик, кандай мүчүлүштүктөрдү кетирдик деп да ойлонбой коё албайм. 25 жыл ичинде Баш мыйзамыбыз 8 жолу, анын ичинде айрым убакта кээ бир гана беренелер өзгөртүлсө, 2 ирет түп тамырынан өзгөртүлдү деп айтылды. Муну чоң жетишкендик, 8 жолу өзгөрттүк деп мактанып айтчу иш катары көрө албайбыз. Конституция улам өзгөртүлө берсе – бул мамлекетте стабилдүүлүктүн жоктугу, мамлекет өз ордун таба электиги, мамлекет өз жолунда бараткан жолубуз туурабы, кандай өзгөртүү киргизсек деген ой толгоолордун ичинде жүргөндүгүн аныктайт. 1993-жылы Баш мыйзам кабыл алынганда ал кездеги президент кубануу менен: «Эми бул Конституцияга Курандай, Библиядай сый мамиле кылышыбыз керек»,- деп айтканы эсимде. Ошону айткан президент 2 жыл өтпөй өзү өзгөртүүлөрдү киргизе баштады. Акыры ошол «Конституцияны Курандай сыйлайбыз» деген сөзүнүн өтөсүнө чыга алган жок.
Бүгүнкү Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча талкууда Жогорку Кеңеште мен да өз ойлорумду билдирдим. "Эгерде азыр референдум өткөрөбүз деп жаткан чакта туура эмес жолдор менен бара турган болсоңор, конституциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жүргүзүп жаткан иштериңер процедуралык мыйзам бузуулар менен жүрө турган болсо, мен каршы чыгам" деп 7-октябрда да, 10-октябрда да айттым.

– Баш мыйзамды өзгөртүү аракетин күчтүү саясатчылар, укук коргоочулар, жарандык активдүү коом "бир партиянын бийликти бир топ жылга ээлеп алууга аракети" деп баалап жатышат. Бул иштин эртеңи кандай болот?
– Жарандык коомдун, республикадагы абройлуу саясатчылардын референдумга каршы чыгып жатканын туура түшүнүү керек. Мына, 6 жыл ичинде бири-бирин колдоп, Конституцияны референдумга чыгарган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрү, ушу күнгө чейин президент баш болуп Баш мыйзамды колдоп келишкен. Эл чындап ынанган, Баш мыйзам 2020-жылга чейин өзгөртүүсүз иштесин деп калган. Бирок капыстан эле өзгөртүүлөр киргизилиш керек дегенде элдин арасында "биздин жетекчилер бир айткан сөзүн эртең башка сөзгө буруп кетет" деген ой жаралып жатат. Жарандык коомдун пикирин душмандын сөзү катары кабылдабаш керек. Алар дүйнөдөгү цивилизациялуу жол менен баралы деген ойду айтып жатышат.
Экинчиден, Атамбаев бир нече жолу "бийликте калбайм" деп айтып келди. Анын "Конституцияга өзгөртүү киргизүү менин бийлигимди узартууга, сактап калууга багытталган эмес" деген сөзүнө мен ишенем. Бүгүнкү күндө президент болобу, башкасыбы, бийлигин өз кызыкчылыгы үчүн сактап калам дегендерге кыргыз эли жол бербейт! Эгер анте турган болсо, ага баарыбыз тең каршы турабыз!

– Бийлик элдин жашоосунун оңолуп кетпегенин Баш мыйзамга шылтап жатат. Маселе эффективдүү башкаруу болбой жатканында эмеспи?
– Эгерде өзүңдүн ишиңдин кемчилигин көрө албасаң, милдетиңди аткара албасаң, элге берген убадаңды ишке ашыра албасаң жана анын себебин Баш мыйзамдан көрсөң, бул туура эмес. Конституция мамлекеттик түзүлүштү, мамлекеттик бийликти, жарандардын укугун, ички жана тышкы саясатын аныктайт. Конституция колуна күрөк, кетмен алып жер казбайт. Ошол жер казган, унаа айдаган, мал баккан, экономиканы өнүктүрүп жаткан миңдеген жарандардын укугун аныктайт. "Баш мыйзамдын бир эле мыйзамы мага жол тосуп иштетпей жатат" десинчи. Ошол эле президент, парламент "жакшы иштейин десем Конституция иштетпей жатат" деп айтсынчы. Иш фронту кенен. Болгону рационалдуу пайдаланылбай жатат. Эмгек кылууга мүмкүнчүлүгү барларга иш түзүп бере албай жатабыз.

– "Эки шумкар таймашса, бир каргага жем болот" деп Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевди тирешти токтотууга чакырдыңыз. Бул тиреш жеке кызыкчылыктардын тирешиби? Бийликтин туура эмес кадамына каршы принципиалдуу күрөш эмеспи?
– Бул принципиалдуу каршылык. Атамбаевдин өз бийлигин сактап калуу аракети жок. Болгон күндө да бул мүмкүн эмес. Текебаевдин айткандарынын да рационалдуу жактары бар. Текебаев Убактылуу өкмөт мүчөсү катары, ошол Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү макулдашкан Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртпөш керек деген убадаларынан, ал убадага эл да ынанып калганынан улам принципиалдуу каршы чыгып жатат.
Текебаевди Конституциянын атасы деп жатышат. Эгерде ал атасы болсо анда апасы ким? Акасы ким? Үкасы ким? Тагасы ким? Жалгыз эле Текебаев жазып койгон Конституция эмес да? Бул көптөгөн юристтердин, адистердин биргелешкен эмгеги. Аны бүткүл эл колдогон. Башкалары да өз ойлорун айтсын. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү баары макулдашып кол коюшкан, референдумга чыгарышкан. Ошол 14 мүчө чогулуп, жок дегенде өз ара бир пикирге келишсинчи. Референдумдун алдында, 2010-жылдагы макулдашуубуз күчүндө калсынбы же калбасынбы деп элге ачык айтышсынчы.

– Ушунча сөздөр айтылып, ошончо фактылар келтирилген соң эки тарап жарашып алып, тынчып калышса, анда аларга болгон элдин ишеними кантет?
– Менин сөзүмө туура эмес түшүнүк пайда болуп калыптыр. "Эки шумкар таймашса, бир каргага жем болот" дегенден мурун, мына айтылар сөзүңөр айтылды, тийиштүү органдар текшерип жатат, муну токтотуп койгула, кучакташып жарашып алгыла деп чакырбайм дедим. Бирок статус-кво абалына келгиле дедим. Ушундай түшүнүк бар. Кайсы жерге келди, ошол жерден токтоткула деген сөз. Айтылган сөзүңөр текшерилип жатат, баа берилип жатат, бирок мындан ары күчөтпөгүлө деген кеп. Муну эмнеге айттым? Эл арасында ар түркүн пикир айтылып жатат. Атамбаевди колдоп жаткандар бар, Текебаевдин сөзүндө рационалдуулук бар дегендер бар, анан буга катар «атаңгөрү, ушул экөөнүн таймашы эмне менен бүтөр экен» деп, «бири-бирине көбүрөөк жаман сөз айтса экен» деп ошого кызыгып, күчөтүүгө аракет кылгандар бар. Буга жол бербеш керек. Анан дагы бир маселе, көп адамдар менен сүйлөшөм, башка өлкөлүк адамдар менен да пикир алышам. Азыр бул эки кишинин ортосундагы тиреш эмне менен бүтөт, Кыргызстанда стабилдүүлүк болобу, туруктуулукка доо кетпейби деген сөздөр башка өлкөлөрдө, өзгөчө биздин коңшу республикаларда жүрүп жатат. Ушуну эске алуу керек.

– Өнүккөн өлкөлөрдө мамлекетти жетектеп жаткан адамдардын коррупция иштерине катыштыгы бар деген шек жаралса кызматтан кетишет. АКШнын президенти Никсон кызматтык ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланды деп жаңжал чыкканы үчүн отставкага кеткен. Мыйзамды, элди сыйлоого кыргыз башчылары качан жетишет?
– Эгерде биздин башкаруучулар ошол цивилизациялуу өлкөлөрдөгүдөй боло алганда, 2 президент качпайт эле. Акаев 15 жыл отуруп алып, жок экинчи эле мөөнөттө отурам деп, академик, математик 10 менен 15тин айырмасын билбегендей жолго барбайт болчу. Бакиев элди атмак эмес. Эми кийинкилер тууралуу сөз кылбай эле коёюн. Билимдүү жаштар өсүп келе жатат. Өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлогондор баары бир алыска кетпейт.

– Азыркыларга насаатыңыз?
– Кыргыз элинин тарыхый өзгөчөлүгү сөздүн ачуусун да, таттуусун да уга билгенинде. Бирок ошондон туура жыйынтык чыгара билүү негизги өзгөчөлүк. Эл бийликти да, оппозицияны да угуп, туура жыйынтык чыгара билет деп ишенем. Оппозициянын өлкөнү жаман жолго алып барайын деген ою жок. Бүгүн бийлик башындагылар өздөрү бир кезде оппозицияда жүрүшкөн. Азыркы оппозиция да бийликке барышы мүмкүн. Ошондо "оппозицияда жаман элеңер, бийликке келип жакшы болдуңар" дейбизби? Менин каалоом, кыргыз өлкөсүнүн, элинин, эгемендүүлүктүн 25 жылдыгындагы ой-толгоолордун баарын карап, туурасын кабыл алуу.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 729, 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан