Кыргыз эстрадасынын сахна ажарлары Кундуз Канатбек кызы менен Асел Кадырбекова жакында «Самап келем» деген чыгарманы дуэт аткарып чыгышты. Экөө тең келишкен сулуу, бойдок бийкечтер. Репертуарын жаңылап дуэт сунушкан ырчы кыздардын кимиси мыкты? Аны жылдыздарга берилген суроолордон баамдап алыңыз.
Кундуз Канатбек кызы: «АСЕЛГЕ МЕНИ МЕНЕН ИШТЕШКЕН ЖЕҢИЛ БОЛГОН ЖОК ГО»
– Кундуз, Асел менен дуэт жаздыруу кимдин сунушу болду?
Кундуз: – Көп ырчылардан «чогуу дуэт жаздырбайлыбы?» деген сунуштар түшчү. Аларга «макул, көрөлү» деп эле койчумун. Аселдин сунушуна дароо макул болдум. Бирок ушунчалык тездик менен жазылып каларын билген эмесмин. Себеби Асел эртеси күнү эле «ырдын аранжировкасын жаздырууга буйрутма берели» деп чалганда аябай таң калгам. Анын сунушу катардагы эле сөз бойдон калат деп ойлогом.
– Бири-бириңерди жакшы түшүнүп эле иштештиңерби?
К.: – Менин баары идеалдуу болмоюнча өзүмдү аябай сындай берген сапатым бар. «Ырдын бул жерин өзгөртөлүчү, оңдойлучу, башкача жаздыралычы?» дей бердим. Ошондуктан Аселге мени менен иштешкен жеңил болгон жок го деп ойлойм. Ал болсо «сизге ошондой сезиле берет, жакшы болот» деп көңүлүмдү көтөрүп жатты.
– Асел, кандай максатта Кундуз менен дуэт жаздырууну чечтиң?
Асел: – Кыздар көбүнчө мырзалар менен ырдашат го, мен болсо өзгөчөлүк жаратып Кундуз эжеге сунуштадым. Анын үстүнө кыздардын дуэти аз эмеспи, андыктан жакшы жаңылык болот деп ойлодум. Кундуз эже экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош экен. Шашпай эле жүрө берет экенбиз. Учурда клип тарттыруу үчүн кийим тиктирип, образдардын үстүнөн иштеп жатабыз.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg