Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «БЫЛТЫР КЕЛИН АЛАБЫЗ ДЕП РЕСТОРАН ИЗДЕП КАЛГАНБЫЗ»

«Бир ирет тартуу иштери жүрүп жаткан жерге шөкүлөчөн кирип барсам Медер Кыдыршаев «Айчүрөк, жаныма турчу» деп тургузуп алып «Жар-жар» деген ырды ырдап берип, анан бул ырды эми сен ырдап жүр, сага жарашат» деп калды. Көп узабай мен ырдап чыктым. Азыр бул ыр үйлөнүү тойлордун гимнине айланды, бул ырды ырдабаган ырчы жок. Бул көрүнүш менин жүрөгүмдү жылытат»,- деген ырчы Айчүрөк Иманалиева менен өткөн-кеткени, учурдагы жашоосу жөнүндө маек курдук.

– Саламатсызбы, Айчүрөк эже? Канчалык баналдуу болбосун, маекти «эмне жаңылыгыңыз бар?» деген суроо менен баштайын.

-Рахмат. Акыркы бир жарым, эки жылдын аралыгында элге көп чыкпай, тыныгуу болду, бир аз эс алып, анча-мынча ишкерлик менен алектенүү максатында. Эми жаңы дем-күч менен жаңы ырларды чыгара баштадым. Мына, бир жума болду, «Кыз бала» деген чыгармам радиолордон тынбай жаңырып, элден да жакшы пикирлерди угуп кубанып турган чагым.

– Ишкерлик менен алектенгениңиз кызыгуу жаратты...

-Менден ишкер чыкпайт көрүнөт (күлүп). Студия менен сулуулук салонун ачуу иштери менен жүрдүм. Студиябыз иштеп жатат, ал эми салонду ачуу алдында турабыз. Башында билек түрө кириштим эле, азыр бардык иштерди балдарыма өткөрүп берип, мен ырдап эле жүрөйүнчү дедим.

– Балдарыңыз эр жетип, колуңуздан жүгүңүздү алганга жарап калган экен. Качан келиндүү кылам дейт?
-Бул Кудайдын буйругу менен гана боло турган нерсе экен. Былтыр Аргеним үйлөнөм деп чыгып, биз күзүндө той беребиз деп ресторан издеп калганбыз. Бирок кайра токтотуп коюшту. Ал тургай Арленимдин да башына биринчи сүйүүлөр келе баштады. Өткөндө Адилет Азимов менен Башкортостанга сынакка барып, биринчиликти алып келбедикпи. Ошондо ал жактан Арлендин сүйлөшкөн кызы менен тааныштым. Өзүм таң калып калдым, ал кыз ошол жакта окуйт экен. Аэлитам дагы чоңоюп келе жатат. Учурда Шубин атындагы музыкалык мектепте фортепиано бөлүмүндө 5-класста окуп жатат. Жалаң «5ке» окуйт. Абдан таланттуу. Кызыма үмүтүм зор. Келечекте бир гана Кыргызстан менен чектелбеген, дүйнөлүк масштабды багынткан талант болот деп эне катары тилеп келем.

– Жакшы тилектер орундала берсин! Балдардын чоңоюшу менен жашооңузда эмне өзгөрдү?
-Чындыгында бир топ жагынан жеңилирээк болуп калды. Балдарымдын үчөө тең өз алдынча, мурдагыдай жетелеп жүрүп иштемей жок. «Ак куу белең, айперим», «Кызыл гүл», «Сизге», «Роза гүлү» деген ырларым популярдуу болуп турган маалда ТЮЗ театрында иштеп жүрдүм. План толтурабыз деп бала-чакабыз менен Кыргызстанды түрө кыдырып кетчүбүз. Бир-эки эле жерге афиша илишкенине карабай кечкисин клубдарга эл батпай келет. Ал концерттен түшкөн каражат театрдын кассасына түшөт, биз болсо кадимки эле алган айлыгыбызды алабыз. Ошондой гастролдоп жүргөн күндөрдүн биринде 3 жашында Аргеним кайнак сууга колу-бутун күйгүзүп алган. 40 күн ооруканада жаттык. Ага карабай кечкисин концертке барып ырдап келер элем. Ошондой кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрүп балдарыбызды аман-эсен чоңойттук. Эми «чоң баланын чоң түйшүгү, кичине баланын кичине түйшүгү болот» демекчи, ал жагы да бар. Балдарыбыз чоңоюп, үйүбүздү да чоңойтуп жашообузга өзгөртүү киргизели деп 4 бөлмөлүү батирибизди сатыкка чыгарып жатабыз.

– Жогоруда айтып кеткениңиздей, сахна артында да канчалаган түйшүктөр бар. Өткөндөгү ыр талаш эмне менен аяктады? Өзүңүздүн аткарууңуздагы «Сахна» чыгармасын радиолордон алып салдыңызбы?
-Радиолордон да, сайттардан да алдырган жокмун. Өздөрүнө койдум, элге угузууга койсо да мейли, коюшпаса да каршылыгым жок. Ал ыр эми ырдалып бүтпөдүбү. Чыгармачыл инсан катары жаштарга үлгү болуп, ич ара чечип алсак болот эле. Музыкант айткандай, WhatsApp аркылуу келген таптакыр мурда угуп-билбеген ырдын минусу менен ырдап чыгуу мүмкүн эмес экендиги бардык эле сабаттуу адамга түшүнүктүү.

"Уулум Арлен жана шакиртим Милана".


Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
Maxabat8778
2016-10-25 00:41:38
Баягы эле мактанганы мактанган.
+1
Emil0211
2016-10-25 02:53:53
Экоону тен мактабайм,бирок Айчурок эже Гулнур эжеге караганда жакшыраак деп ойлойм.Жакшы аял турмуш куруп куйоого кызмат кылыш керек,кунумдук жашоо менен жашабай.
+1
anyshka
2016-10-25 13:08:26
Emil0211,ал дагы тагдыр да. Эртен озундун кызындын тагдыры кандай болот билесинби?
0
Shahrizaada
2016-10-26 00:31:48
Комменттерди окуп отуруп Гулнур, Айчурок эжелердин оздору ар башка никтен кирип арсылдашкандай сезим калтырды.))
Тушуном фанаттары отурат.
0
asylbekova
2016-10-26 00:34:56
Гулнур ажырашып кеткенсип жазыпсынарда тооба...
Гулнур эжеге жетиш учун кооп бар. Мамлекет деле жондон жон эле ме ал деп берип койбосо керек Гулнурга наамдарды?
Айчурок эже аял катары жакшыдыр бирок, ырчы катары сыйлабайм. Озунун жашына жараша журбойт.
-3
alina79
2016-10-26 01:23:11
asylbekova,кайсы бир жылы "Ысык-Колдо кадыр тун"деген фестиваль отподу беле,ошондо жюринин председатели Мурат Бегалиев "Волга-31"ушуга берип салбады беле.Ырчылардын бары нараазы болушкан,андан жакшы ырдаганга берсе болмок деп.Мен да укканымды айтып койдум да.Мен экоонун тен куйорманы эмесмин
0
Deniza88
2016-10-26 14:30:19
asylbekova, мен эч кимисине тартпайм бирок Гулнур С.кайнатасынын бир интервьюсун окугандан кийин Гулнур С.болгон коз карашым озгоргон
+2
Aijash90
2016-10-26 11:04:41
Арлен до того узун бойлубу же шакирти Милана до того кодобу
+1
tima_88
2016-10-26 17:53:40
Айчурок эженин соз байлыгы жок.гулнур эже акылдуу. Орду м.н суйлойт.
-1
vanykyrgyz
2016-10-26 22:55:11
Ээ койгулачы ушул Сатылганованарды. Жонокой эл муну сыйлабайт. Ыр талашып жер талашып такыр эле тойбогойду го
+1
UrmatbuAzambekova
2016-10-26 23:02:09
Чын журоктон баары бир улгу бололу деш керек эле булар ар ким озу биет деген заман да азыр .Кандай улуу эжелерибизде мындай корунуштор болгон эмес ошолордун жолун жолдогула силерди кийинкилер дегендей .Ошон учун жандуу ун менен ...
0
gulaza
2016-10-27 07:22:51
Айчурок эже эл сизди сыйлайт жар жарды сиз алып чыккансыз сиз гана жар жарды ырдаганга татыктуусуз Бегимай Анжеликалар ырдап алышыптыр такыр жарашбаптыр Гулнур эже элге жаман корунуп алды
+3
admin_superstan
2016-10-27 11:01:32
mamatmusakuzuraziya, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөр gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
abdykadyrova
2016-10-27 22:07:09
Айчурок эл аралык фестивальдарга катышып жюри болуп келген. Гульнур болсо Кыргызстандан башы чыкбайт. Айчурокго тенелбей эле койсо болмок.
+1
SweetLady
2016-10-28 11:44:46
Гулнур эже ыр талашып озунун абийирин кетирип алды. Минусовка анан ватсаптагы текст менен ырдап чыгышы мумкун эмес ко автор тушундуруп бербесе. Айчурок эже азамат!
0
Shat.88
2016-10-28 19:57:09
Айчурок эже озунуз айткандай мурда областарды аралап концерт коюп коп келчу элениз, биз анда кичинекей кыздар элек биздин бактылуу балалыгыбыз сиздин ырларыныз менен оттуу, сагынам ошол кездерди,кыргыз элинин керегине жаралган адамсыз, бар болунуз уй булонуз менен сизди сыйлайм жакшы кором интервью коп коп берип турунуз, сагынып калабыз.
0
nazgulyakg
2016-11-02 01:15:32
Ушу кенедей болуп да бироону бироого салгандар аявайле кобойду акыркы убакта,аларды сындаш учун алардын баскан жолун басып отуу керек вот ошондо сын таккыла отуруп алып анысы андай,тигиниси тигиндей деаей
0
berekeshka
2016-11-02 22:46:22
Ушул Гулнурду ырчы катары эмес аял катары да сыйлайбай калдым. ХХХ ХХХ ыр талашат, ХХХ ХХХ
-1
admin_superstan
2016-11-03 11:07:02
berekeshka, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган, билдирүүӊүз түзөтүлдү. Оозеки эскертүү!
0
№ 729, 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан