ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 24-октябрдан 30-октябрга чейин

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада күчтүү энергияга ээ болуп, өзүңүзгө болгон ишеним өсүп, ишиңизде жакшы нерселерди жаратасыз. Үй-бүлөдө амбицияны ичке катып, алгач ойлонуп анан сүйлөө керектелет. Болбосо кежирлигиңиз менен үйдөгүлөрдүн жинине тиесиз. Апта акырында абройлуу адамдын чечими керек болгон окуяга кез келесиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта башында сапарга чыгууңуз мүмкүн. Жолдо жүрсөңүз да жакындарыңызга телефон аркылуу кеңештерди айтууңуз керек болот. Апта ортосунда бирге иштешкендер ортосунда сиз тууралуу ушак тарап, ак экениңизди далилдөөгө тырышасыз. Аптанын акырында анча чоң эмес суммадагы акча келип түшөт. Сүйүктүүңүз жылуу мамилеси менен кубандырат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Кайсы бир мелдеш же лотереядан утуп алууңуз мүмкүн. Жакындарыңыздын бири кыймылсыз мүлк жаатында нааразычылыгын айтып, сизди ойлонтот. Тапканыңыздан чыгымдарыңыздын көбөйүп баратышы кошумча акча табуу жолун издөөгө түртөт. Өнөкөт жүрөк-кан тамыр оорусу барлар врачка кайрылуусу ыктымал.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Активдүү аракеттерди жасабай туруңуз, жыйынтыгы көңүлгө толорлук болбойт. Негатив тартуулоочу адамдардан алыс болуп, бир жерде чогуу болуп калуунун алдын алыңыз. Материалдык жактан кыйналып, туугандарга кайрыласыз. Тааныштардын бири чогуу иш баштоо сунушун киргизет, анализдеп көрүңүз. Кубанычтуу жаңылык апта аягында келет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Узакка созулган маселенин туура чечилчү жообун табасыз. Келечекте жардамга кол сунчу адамдар менен таанышууңуз күтүлүүдө. Анын арты менен жашооңуз жакшы көз ирмемдерге ээ боло баштайт. Кээ бирлер билим деңгээлин көтөрүшөт же ишинде статусу жогорулайт. Документтердин ичиндеги маанисине көңүл бурбай туруп кол койбоңуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Буга чейин жетишкендиктерди кармап калууну ойлонуп, бардык жактан кылдат болууңуз кажет. Мамилеси сизге туура келбеген адамдарга көңүл бурбоого аракеттениңиз. Иште кагаздарды тактаңыз, текшерүү жүрүп калуусу мүмкүн. Жан шеригиңиз бекем тыл болуп берерине дагы бир ирет ынанасыз. Косметолог же массажисттин кызматы апта акырында керектелет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Ийгиликтерге даңгыр жол ачылат. Тер төгүп иштеп, үзүрүн көрө баштаңыз. Бирок каржы иштерине эч кимди кийлигиштирбеңиз, болбосо бир топ өкүнүп каласыз. Айрымдар ипотекалык насыя алууну чечип, документ чогултушат. Кызганычты ооздуктабасаңыз, таарынышууга туш келесиз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Басып өткөн жолуңузга кылчайып, катачылыктарды мындан ары кетирбөөгө бел байлайсыз. Жаңы иштерге киришерден мурда жакшылап эс алууну жылдыздар эскертишет. Бизнеси барлар ишкерлик чөйрөсүн кеңейтүүгө киришишет. Апта акырында балдарыңызды алып улуу муундагы туугандарга конокко барууңуз мүмкүн.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Мамилелердин көпүрөсүн бекемдеп, кыйынчылыкка туш келген досторго кол сунуу зарыл. Жакшылыгыңыз кийин кайра кайтарын унутпаңыз. Ата-эне жана балдар үчүн бир топ акча коротосуз, бирок алардын алкышына татыйсыз. Качандыр бир өткөн иш боюнча сот залына күбө катары чакырылууңуз ыктымал.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Иштеби же үйдөбү лидерликке умтулуу күчөйт. Бул майда уруш-талашты жаратат. Буга чейинки жардамыңыз үчүн таанышыңыз үйүнө чакырып, сый көрсөтүүсү ыктымал. Акча жаатында ойлонбой эле коюңуз, анткени туруктуу абал күтүлөт. Кандайдыр бир иш-чарага катышып, сыйлык утуп алууңуз күтүлүүдө.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жашооңузда өткөөл мезгил башталат. Андыктан сизге чыдамдуулук жана токтоолук зарыл. Жеке сырыңызды бирөөлөр менен бөлүшпөңүз, артыңыздан билдирбей канжар урушу мүмкүн. Жаңы алган буюмдарыңыз көңүлдөгүдөй болуп чыгып, маанайыңыз көтөрүлөт. Айрымдар досторунун чакыруусу менен сыртка барып иштеп келүүгө бел байлайт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптадагы аракетиңиз жемиштүү болот. Сиз иштерди оңой бүтүрүү жолдорун табууга жетишсеңиз андан да жакшы. Көңүл ачам деп маанилүү жолугушууну өткөрүп жибербөөгө тырышыңыз. Бөйрөк, бронхит оорусу барларга жылдыздар жылуу кийинүүнү эскертишет. Жакыныңыз той-ашка жакшылап жардам көрсөтпөдү деп нааразы болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 729, 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан