БИР ИРМЕМ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Эрлан ооруканага костюм-шымчан келген экен. Ошол эле кийими менен психикалык жактан жабыр тарткандардын ооруканасына келип түштү.
– Көрдүңөрбү, эй?! Бою узун, чыкыйган костюм кийген, супсулуу жигитти алып келишти...
– Биздин жиндиканагабы?
– Ооба.
– Өзү кыялында ойлоп таап алган кызга ашык имиш. Жиндилик да. Эми көрсөңөр, сонун жигит!- ооруканада иштеген медайымдар күбүрөшүп жатышты.
А Эрлан эмне болуп жатканын түшүнгөн жок. Башы оорлошуп, уйкусу келип турду. Кайда келгенин да билбейт, ой жүгүртө албай койду. Бир убакта аны жетелеп 4 адамдык палатага алып киришти. Эрлан бош турган керебетке келип баш урду да, дароо уйкуга кетти.

ххх

– Рита Мадиевна, бул эмне болгон жигит?- көз айнекчен, жашы элүүлөрдөн өтүп калган дарыгерден андан эки эсе жаш медайым сурады.
– Супсулуу бекен?
– Жок, мен жөн гана сурадым,- медайым жалтактап кетти.
– Менимче, абдан эле келбеттүү экен. Бири кем дүйнө деп коёт. Зыңгыраган жигит, университетте мугалим, өзү окуусун кызыл диплом менен бүтүптүр. Келечекте мыкты экономист чыкмактыр, бирок тилекке каршы, акылынан айнып калыптыр. Кыялында ойлоп таап алган кызга ашык экен.
– Аны сиз карайсызбы?
– Жок, Эркайым, аны экөөбүз карайбыз. Анын ата-энесине "уулуңуздарды бир айдын ичинде кайра мурункудай кылып алып барып берем" деп убада кылдым. Аны бул жакка которгон курбум да абдан суранды. Андыктан аракет кылышыбыз керек. Сыйлыкка татыйбыз,- Рита Мадиевна жылмайып, көзүн кысып койду.

ххх

Эрлан ойгонуп, күн батып баратканын байкады. Жанында күбүрөнүп бирөө сүйлөп жатат. "Cен эмне, куйкаланып өлгүң келеби? Күн деген баарын куйкалайт. Баарын куйкалайт..." башын улам-улам ийкеп, бир чекитти тиктеп алып сүйлөнүп жаткан ак чач кишини көрүп Эрлан чочуп кетти.
– Мен кайдамын?- ага сайылган дарынын таасири таркай түшкөн окшойт.
– Эшикке чыкпа! Күн баарын куйкалайт! Өлөсүң!- буурул чачтуу киши аны жаман көзү менен карап алды. Арыда бирөө көмкөрөсүнөн түшүп уктап жаткандай. Анын жанындагы керебетте шыпты тиктеп, толмочунан келген 30дардагы жигит чалкалап жатат.
– Мен кайдамын?- Эрландын үнүнөн коркунуч байкалды. Көздөрү алайып, өң-алеттен кетти.
– Жат! Күн чыкса баарын куйкалайт!- буурул чач киши Эрланды заардуу көздөрү менен тиктеди.
– Күн келатат. Жашын!- арыда жаткан толмоч жигит үнүн бийик чыгарды. Буурул чач адам дароо үстүнө шейшебин жамынып, тынчып жатып калды.
– Жиндиканадасың...- толмоч жигит Эрланды сынай карады.
– Эмне? Кантип? Неге?
– Аны билбейм. Өздөрүнөн сура.
– Кимден?
– Булардан. Эй, бул эмнеге келди? Бул жер жиндиканабы?- толмоч жигит өзүнүн жанындагы Эрландын көзүнө көрүнбөгөн бирөөгө кайрылды. Анан башын ийкеп бир нерсени угуп жаткандай ишарат кылып турду.
– Ооба. Туура эле экен. Жиндиканага алып келишиптир, ооруп жатыптырсың.
Эрлан бек турган эшикке карай чуркады. Бирок ача албай койду.
– Эй! Ачкыла! Ким бар?

ххх

– Ай, Эркайым, сенин жигитиң ойгонду окшойт! Кыйкырып жатат!
– Аа, азыр...
Эркайым келип эшикти ачар менен Эрлан жулкунуп чыкты.
– Силер кимсиңер? Эмне үчүн мен бул жактамын?
– Коркпоңуз, баары жайында. Сизди ойгонор менен Рита Мадиевна келип кетсин деди эле. Жүрүңүз.

ххх

– Аа, Эрлан, ойгондуңузбу?- Рита Мадиевна Эрланды күлүп тосуп алды.
– Мен эмнеге бул жактамын?
– Кандай десем, ата-энеңиз дарыгерлер менен кеңешип, ушинтип чечишти. Сиз бир аз сыркоолоп жатасыз.
– Жок, жапжакшынакай элемин. Мен кетишим керек.
– Мейли. Бирок адегенде айтсаңыз, Айдай деген ким?
– Сиздин ишиңиз канча?
– Мен дарыгер катары сурап жатам.
– Менин сүйлөшкөн кызым.
– Ал азыр жаныңыздабы?
– Жок.
– Бүгүн аны көрдүңүзбү?
– Жок.
– Эрлан, кыскасы, Айдай келген соң экөөңүздөр мага келсеңиздер, анан баарын түшүндүрүп берем. Болобу?
– Мен азыр кетишим керек!
– Жок. Эч кайда кетпейсиз. Качан мени Айдай менен жолуктуруп сүйлөшөсүз, ошондо кетесиз. Азыр болсо барып жатыңыз.
Эрлан ордунан чечкиндүү түрдө сыртка карай бет алды. Дарыгердин бөлмөсүнөн чыгып эле узун коридор менен чоң каалгаларды көздөй жөнөдү. Бирок алар бек экен.
– Эй, ачкыла!- Эрлан ачуулуу кыйкырды.
– Эрлан, жүрсөңүз. Барып уктаңыз, эс алыңыз!- жигитти ээрчип келген Эркайым жооткотуп сүйлөдү.
– Телефонуңуз барбы?
– Бар,- Эркайым телефонун сунду.
Эрлан кайсы бир номурду терип чалды.
– Алло. Айдай, кандайсың? Айдай, элестетсең, мени жиндиканага алып келип коюшуптур. Сен келишиң керек экен. Сен келе калчы?! Мейли, күтөм,- Эркайым Эрландын эч кимге телефон чалбаганын байкады.
– Айдай келгенче чай ичип туруңуз. Жүрсөңүз...
– Жок, рахмат!
– Жүрүңүз. Менин бөлмөмө баралы, Айдай чала турган болсо менин телефонума чалат да. Басыңыз, чогуу күтөбүз,- Эрлан аргасы жок ээрчиди. Тамагы кургап суусап турган болчу. Медайымдын сунган чайынан баш тарта алган жок. Чайды бир-эки ирет ууртаган соң кайрадан башы оорлошуп, уйкусу келип чыкты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
tilek-x
2016-10-24 09:18:59
2чи
0
kansulu
2016-10-24 09:43:57
Учунчу
0
kansulu
2016-10-24 09:44:16
3унчу
0
miska12
2016-10-24 10:03:32
Аябай аз жазылыптыр го. Админ сиздерден сураныч кобуроок жазыныздарчы
+6
kanu
2016-10-24 11:02:11
учунчу,
0
admin_superstan
2016-10-24 15:54:59
eliza_eliza, Aral87, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөр gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
benni
2016-10-24 16:31:40
Кудай сактааа...
0
kymbat1114
2016-10-24 23:30:42
Сериалды тим эле чыдамсыздык мн кутом десенер. Кеч кирери мн балдарымды тезирек уктата коюп окуйм. Мына эми кызыгына кирип баратсам, бутуп калса болобу...
0
Aisuluu160790
2016-10-25 10:18:00
Айласы кеткен Эрлан эми кантээр экен. Эрланга боорум ооруйт достор.
0
Munar8625
2016-10-25 22:28:24
акыркы
0
secretik
2016-10-26 10:38:08
Ким биринчи окуганга приз барбы. Ичине жин кирип алыптыр да Айдай болуп
0
erjigit-e.15
2016-10-26 14:44:13
табышмак го
0
Kadyrbek09.10.2015
2016-10-27 03:32:34
Sonungo
0
Baatur7777
2016-10-27 20:52:37
Байкуш ХХХ ХХХ калыптыр
0
admin_superstan
2016-10-28 09:49:09
Baatur7777, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
0
Altynai18
2016-11-06 22:10:09
Урматтуу админ ушу сыяктуу окуяларды кайда жазса болот?
0
№ 729, 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан