«ТҮРМӨДӨ ЖАТКАН ЖИГИТТЕН ТӨРӨП АЛДЫМ»

– Жүрөктү өйүп, жүзүмдү жашка жууган окуямды кимге барып айтып, кимден жардам сураарымды билбейм. Адашкан аркардан бетер ара жолдо калганымды туйган жакын адамдарым жок, болсо да алар үчүн мен чоочун адаммын. Бул жашоодо адам атым эле болбосо, жан дүйнөм эбак муздап, сезимим сенек болуп, тирүүнүн өлүгүнө айланганыма көп болду. Тагдырдын сыноосуна баш ийип, акыркы үмүтүм, тирегим болгон баламды кучактап күн көрүүдөн башка айла жок. Балам гана мени ажалдан арачалап, келечекте жакшы жышаандан кабар бергенсийт...
Эмесе сөз башынан болсун. Мектепти жаңы аяктап, шаарга келип жогорку окуу жайлардын бирине тапшырдым. Жатаканада жашап, эл катары окуп да, иштеп да жүрдүм. Көр тириликке моюн сунуп, жигит жандап, сүйүү даамын таткан жокмун. Сөз айтып, артымдан чуркаган жигиттер болсо да, алар көңүлүмөн түнөк таба алышпады. Качан гана 3-курсту аяктап жатканда социалдык тармактардын биринен Асылбек аттуу бир жигит менен таанышып, жылдызыбыз келише түштү. Экөөбүз бет маңдай жолукпасак да, күндө 2 саатка жакын жазышпасак жарпыбыз жазылбайт. Ата-тегибизден тарта эмне тамак жегенибизге чейин жазышып, бири-бирибизди жакшы эле түшүнгөндөй болдук. Бара-бара жазышуудан телефон чалышууга өттүк. Же Асылбек "жолугалы" дебейт, мен болсо кыз башым менен аны жолугууга чакыруудан тартынам. Ошентип билинбей эле жарым жылдай өттү. Анын жүзүн көрбөсөм да сүрөтүн көрүп, коңур үнүн угуп, ага болгон жактыруу сезими ойгонду. Акыры чыдамым кетти. Намыс менен абийир экөөнү кошуп туруп жыйнаштырдым да, "Асылбек, мен сага жолуккум келет" деп жаздым бир күнү. "Азыр иштерим көп, айылда чөп чаап жүрөм, Бишкекке шашпай барам" деп койгон. Ойлондубу, айтор, ошол күнү чалып, чындыкты айтты. "Айка, мен сага таанышканда эле чындыкты айтпаганым үчүн кечирим сурайм. Мен айылда эмесмин, түрмөдөмүн!" Бирөө союл менен башка чапкансып, уккан кулагыма ишене албай турдум. "Эмнеге?" Оозума башка сөз келген жок. Дендароо болуп, көзүмдөн жаак ылдый тамчы жаш кулады. Асылбек шашпай иштин чоо-жайын түшүндүрүп жатты. Көрсө, ал достору менен чогуу балдар менен мушташып, жыйынтыгында 1 бала ур-токмоктон улам каза болуп, "адам өлтүрүү" беренеси менен соттолуп кетиптир.
Чыркыраган чындыкты билсем да, андан ары Асылбек менен мамилемди үзүп салууга кудуретим жетпеди. Тескерисинче, аны көргүм келип, жолугушчу күндү эңсечү болдум. "Качан чыгасың?" десем, "1 жыл мөөнөтүм калды" деген жообун айтты. 1 жыл. Бул мен үчүн кылымга тете эле. Акыры чыдабай бир күнү тамак жасап, ал жаткан түрмөгө бардым. Асылбек келбеттүү, шайыр жигит болуп чыкты. Тамаша аралаш сүйлөп бат эле өзүнө арбап алды. Ал жакта атайын мейманкана бар экен. Үй-бүлөлүү адамдардын аялдары келгенде жолугушчу жай. Асылбектин суранычы менен ал күнү ошол жакта калып калдым. Жаман оюм жок, жакындан таанышып отурууну каалагам. Бирок ал түнү Асылбек менин жалынып-жалбарып каршылык көрсөткөнүмө карабастан, ой-боюма койбой зордуктап салды. Бирок сүйүү адамды сокур кылат бейм, Асылбек эркиме каршы иш кылса да андан кол үзө албадым. Экөөбүз күн алыс болбосо да ай сайын жолугуп, таттуу көз ирмемдерди башыбыздан өткөрүп жүрдүк. Ал ортодо мага дагы бир турмуш чындыгы жүзүн ачты. Асылбек 1 жылда эмес, 8 жылда эркиндикке чыгат экен. Бир жолку жолугушууда "балким, мунапыска илинип калсам андан эртерээк чыгып калышым ыктымал" деди ал, менин жүрөгүмдү тиле бейкапар жылмайып. Ошол мүнөттөрдө мени алдаганы үчүн аны жек көрүп кеттим. Жок! Кечире албайм! Өзүм да күнөөлүүмүн! Оңой-олтоң тузакка түшкөн өзүмдү да жемелеп жаттым. Ошол боюнча ага кайрылып барган жокмун. Боюмда бар экенин билгенде Асылбекке айтайын деп чалсам телефонун албайт, түрмөгө издеп барсам "билгениңди кылып ал! Экинчи мага келбе, боюңдагы бала кимден экенин ким билсин?" деп койду.
Андан ары жашоомдо тозоктуу күндөр уланды. Курсагым чоңойгон сайын суук сөздөн кысынып окуумдан да чыгып калдым. Менин никесиз кош бойлуу экенимди эжемден уккан атам "экинчи босогону аттабасын, менин андай кызым жок!" деп кесе айтса, агаларым "биздин эл караган бетибизди жер каратты, экинчи бизди "ага" дебесин" дешиптир. Кээде апам байкуш тирүү болгондо, балким, күйпөлөктөп мени канатына калкаламак чыгар деп ойлоп коём. Акыры курбу кызымдын батиринде жашап жүрүп уулумду жарык дүйнөгө алып келдим. Курган жашоо улана берет экен, курбума ашыкча жүк болуп уулум торолгуча анын үйүндөмүн. Ымандай сырымды курбумдан бөлөк эч кимге айта албай, ыйлаган боюнча күндөрүм уланууда...

Айгерим

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (104)
janka-9696
2016-10-27 19:52:48
Бул дуйнодо баары адашат экен
0
Magusi
2016-10-27 21:54:16
Бул жашоодон алынган чындык болсо кыздын номерин жазыныздар мен жардам берем.Жаныма кошуп алам магада караан болот.
0
sabyrov.s
2016-10-27 22:58:46
Анда агалары башка бирөнү ушундай кылган окшойт, карындашынын башына түшүптүр эми. Агасы күнөлүү. (Тамаша) шутка деп ойлобогула
+1
begym
2016-10-27 23:59:14
Макала ойдон чыгарылган же кыз кайсы бир жерде калп айтып атат. Турмого соттолуучунун аялы экенин аныктаган документ болмоюнча туноп калуу мумкун эмес.
+1
menmindeimin
2016-10-28 10:47:00
ал бетте мен ал кызга да тушуном бирок ал кыз башка далай еле бош жургон балдардын шагын сындырса керек да егер ошо балдардын бирине турмушка чыкса мында болмок беле
0
marya91
2016-10-28 15:58:14
Кичине абийринди сактасан боло суйуу козунду кор кылат экен деп жатып албай туромушуктордун колунан Ошо иш келет да алы Ким билет даны канча нерсе жашырганы бардыр тооба Эми Сабыр берсин
0
Tairova8484
2016-10-29 10:39:48
жомок го
0
Ern
2016-10-30 00:55:59
Куноо озундо, ойлонуп иш кылышын керек эле, атанын ачуусу келет да кызы жузун жерге каратса, кыздык намысынды сакташын керек эми минтип кайгыра бербе баарибир эч нерсе озгорбойт, мындан кийин кантип туура жашаш керек экенин ойлон, сабыр сабыр сабыр.
0
NarutoUzum
2016-10-30 13:03:01
Кайсы акылын менен тюремщике ночько бардын?! И что ты ожидал от него? Турмодо жалан эркектер болсо...Кок мээ кыз экенсин,ты получила свое..Впредь будешь умнее! Эми сабыр кыл,онолуп кетет жашоон буюрса!
0
NarutoUzum
2016-10-30 13:04:50
Кайсы мээ менен бардын ага??? Жазанды алдын,эми акылдуурак болосун
0
Kuyoo_bala
2016-10-30 21:18:22
Бакиев куноолуу))
0
Kuyoo_bala
2016-10-30 21:19:50
Жакшы жомок болуптур
0
Anuca
2016-10-31 08:33:58
Кыздарга акыл берсин кыздар кайсыл Жака бара жатабыз?
0
Janyl...
2016-11-02 14:32:36
Сизди тушунуп турам... Сезимдерге чек жок журокко буйрук бере албайсын,сиз ага ишенип алган экенсиз бешенеге жазылганын коросуз кудай буйруса баардык жакшылыкты баланыздан корунуз
0
kanat_myrza
2016-12-21 11:24:25
Жакшына кыз, тарбия алган кыз, ночько турмого бармак беле, озун кайра кайра барган турбайсынбы. Башынана барбай койсон суйуун деле унутулмак. Тигил бала да акмакчылык кылган. Эркектин ою ошол да, эптеп моокумун кандырыш керек да. Тем более турмодо жатса. Эркиндикте журсо бир жон эле да. Атанды, агаларыны уят кылыптырсын, мудурулбос туяк болбойт, болоор иш болуптур да. Суйуу козунузду сокур кылыптыр.
0
№ 729, 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан