СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

Жаңы сериал

Кыш түндөрүнүн биринде муздак абаны жарып, жүрөк толкуткан муңдуу аваз жаңырды. Дирилдеген өксүк кайрыктар кандайдыр бир белгисиз кусалыкты, белгисиз арманды баяндап жаткандай. Ким бул? Мынчалык неге муңканат?
Муздак дубалдардын ортосунда кыл кыякта ойноп отурган жаш жигиттен башка эч ким көрүнбөйт. Ал эми жүрөктү титиреткен мукам кайрык бөлмөгө толуп, айланага тарап жатты. Сыбызгыган кайрыктар бирде кымбатын жоготуп таба албай жүргөндөй сыздаса, бирде тагдырына баш ийгенсип муңканат. Кайрадан шаңшый оболоп, жашоого болгон кумар жөнүндө айтып, кандайдыр бир улуулукка сыйынып жаткандай. Кусага, арманга толгон кайрыктардын артында бир адамдын бүтүндөй бир тагдыры жаткан эле. Жигит тынбай ойной берди. Өмүрүнүн ар бир мүнөтүн текке кетирбей, жүрөгүндөгү сезиминин баарын күүгө салып, ошону менен сооронгусу келди.
Улуу музыка, улуу тагдыр, улуу сүйүү...
Балким, качандыр бир кезде­ сүй­үүнүн бул сонатасы кайра жаңы­рар...

***

Көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жалгыз аял терезеге башын жөлөй, ойлуу отурду. Шаар тегиз уйкуда. Бир гана аялдын жүрөгү түрсүлдөй согуп, тынчсыз тыбырчылайт. Ар бир добушка элеңдей кулак түрүп, кимдир бирөөнү чыдамсыздык менен күтүп жаткандай. Ооба, ал өзүнүн күйөөсүн күтүп жатты. Күйөөсүнүн кеч келишин билсе да, тамагын жасап коюп күткөнү-күткөн. Мына, жыйырма жылга чукулдап калса да, Иман келмейинче башын жаздыкка коймой жок. Сааттын жебеси он экиге чамалап калды. Түпсүз ойго чөмүлгөн аялдын жалгыздыгына эрмек болоюн дегенсип, саат бир калыпта тыкылдайт. Жалгыздык... Жан дүйнөсүн кемирген жалгыздыктан канча жылдан бери кутула албай келет. Жадап да бүттү. Көкүрөгүн ээлеген боштук, толсо наристе күлкүсү, наристе жыты менен гана толмок. Бирок аттиң...
Аялды кейиштүү ойлорунан алаксыткан эшиктин коңгуроосу болду. Селт чочуган аял шаша-буша туруп эшикти ачты. Маңдайында кучагы толо гүл көтөрүп турган күйөөсүн көрүп, бактылуу жылмайып алды.
– Келдиңби?
– Келдим,- деп Иман аялынын эрдинен акырын өөп, кучагындагы гүлдөрдү сунду.
– Сага!
Аялдын маңдайы жаркый сүйүнө кетти.
– Талантыңызды кадырлаган айымдар көбөйгөн го... Мынча гүлдү кайда батырам? Ай-ий, жыты аңкыйт го... Деги концертиң кандай өттү?
– Алынча, байбиче,- деп Иман чарчаңкы чечинип, бутуна жеңил тапичке сала ары басты.
– Азыр, курсагың ачкандыр, тамак даяр, жылыта коёюн,- деп гүлдөрдү коё сала ашканага баскан аялын Имандын үнү токтотту.
– Жөн кой, Гүлнара. Мен тамак ичип келдим. Убара болбочу.
– Атайылап сага жасаган элем. Өзүң жакшы көргөн шорпо...- деп Гүлнара жалдырап жиберди.
Арнап жасаган тамагы ичилбей каларын ойлоп, ичи ачышып кетти. Ал аялынын сөзүн укпай калгансып карап да койбостон, алыскы жылдыздарды карап, өз дүйнөсү менен алек болуп тура берди.
– Иман,- деп Гүлнара акырын үн катты.
Иман укпай калдыбы же көңүл бурбадыбы, эмнегедир жооп бербеди. Анын көз алдында өзүнүн концерти, сахна ийгиликтери, жарыша айтылган куттуктоолор, кызыга караган көз караштар... Бул элестер көөдөнүн өрөпкүтүп, кыялы оболоп жаткан эле. Ушул калыбында көпкө турду. Өзүнөн-өзү бир нерсени эстегенсип жылмайып да алды.
– И-и де... Ошондой дечи,- деп бийик үн сала галстугун чечти. Көңүлү жай болгондо ошентип алмай адаты бар. Гүлнара унчуккан жок. Иман аялын эми эстегендей шашыла карады.
– Эмне болду?!
Дагы эле үнсүз.
– Гүкү дейм!
Гүлнара алыска-алыска телмире тиктеп тура берди.
– Гүлнара!
Иман эми катуу унчукту. Жалт карай бергенде Гүлнаранын көзүнүн чарасына толуп турган жаш мөлт дей түшүп, жаак ылдый кулады.
– Дагы эмне болду?- деп Гүлна­ранын чачын назик сылады.
Гүлнара башын Имандын ийинине жөлөй муңканып жиберди.
– Мен чыдабай кеттим. Сен... Сен болсо өзүңдүн дүйнөң, өзүңдүн кесибиң менен алексиң. Мен төрт дубалдын ортосунда отуруп эмнелерди гана ойлобойм! Думугуп, жалгыздыктан тажап бүттүм, Имаке! Тамыры куураган дарактай өтүп кетебизби, бул дүйнөдөн?!
– Эмне кыл деген турасың?!
Имандын үнү алсыз чыкты.
– Билбейм, билбейм. Бир айла тапчы. Сен акылдуусуң го... Мен жакында жинди болуп кетем. Мурда да ишке алаксычу экенмин. Азыр болсо эмне кыларымды билбей, сен келгенче капастагы чымчыктай тыпырай берчү болдум.
– Эмне кыл дейсиң?!
Иман жаалданып кетти.
– Болдучу, ушул темадан тажап бүттүм! Эмне, мага эле жеңил дей­сиңби?! Менин эмне, бала ээрчитип көчөгө баскым келбейт дейсиңби?! Менин да ата деген бал сөздү уккум келет. Же мен темирден бүтүп, таштан жаралыпмынбы?! Айтчы, Кудай жалгагыр, өз жарабызды неге өзүбүз ырбатабыз?!
Үн-сөзсүз эмне деп бирин-бири жооткоторун билбей туруп калышты. Имандын заматта гүл жайнаган дүйнөсүн бирөө сууруп алып, ордуна муздак дүйнө кучактатып койгондой, жан дүйнөсү аңгырай түштү.
– Кечир, бир айла болобу деп... Өткөндө Түштүк тарапта бир бакшы...
– Токточу, бакшыдан көңүлүң калбады го, кургурум! Баары бир Кудай ыраа көрбөгөн баланы Меккеге беш барсаң да таппайсың!
Гүлнара күйөөсүнүн сөздөрүнө ызаланып, жалт карады. Жүрөгүнүн дартын таба албай жатканда, Имандын сөздөрү ага октой тийди. Кей­иштүү үнү жүрөгүн мыкчып, кө­ңүлү сынып турду.
– Эмне, мен гана күнөөлүү бекем?! Балким, кептин баары сендедир?..
– Эмне?!
Безге сайгандай ыргып турган күйөөсү чаап жиберчүдөй колун көтөрүп барып, бирок эрксизден дубалды муштагылап жиберди.
– Эмне анча күйүктүң?! Чын эле сен күнөөлүү болуп жүрбө?..
– Мына сага!
Эми ал өзүн токтото албай, бар күчү менен жаакка чаап калды.
– Мына сага, мен күнөөлүү экенмин да ээ, сага?! Мен ээ?!
Жинине буулугуп, жаш толгон көзүнөн каар чачырап, Гүлнараны туш келген жерге койгулай берди. Алдында өзүнүн суйкайган Гүлнарасы экенин унутуп койгондой, буулуга кыйкырып да, уруп да, сүйлөй да берди.
Акыры жини тарап, чөгөлөй отуруп калды. Муздаткычтын ичинен арак алып чыгып, оозунан эле жутуп кирди. Бөлмөдө жасана кийинген эки адам канаты сынган бүркүттөй эки бурчта отуруп калышты. Экөө тең өз күйүттөрүнүн күүсүн чертип, үңкүйүп отурушту. Кунарсыз бөлмөнүн кутун ого бетер учуруп, сааттын чакылдаганы басылбайт. Иман чакчалекей түшкөн бөлмөдө чаржайыт жаткан розаларды карап турду да, аялын тиктеди. Солуктай ыйлап, кара түндөй чачтары апакай ийинине жабылып, ай талаада калган карыптын кейпин кийген аялын карап, жүрөгү сыйрыла аяды.
Азыр кыркка барып калган аялы эмес, жыйырма жыл мурунку сеңселе ыргалган, толукшуган Гүлнара отургандай сезилди. Бирок жанына барып кадимкисиндей жашын сүртүп соороткусу келбеди. Аракты жутуп коюп, тамекинин түтүнү менен күйүтүн басып отура берди. Көпкө отурушту. Гүлнара жашын сүртө акырын өйдө болду.
– Болду эми, эртең жумушка барасың.
Имандын колундагы бөтөлкөнү акырын алып столго койду.
– Тамак ичесиңби?
– Жок.
Иман энесиндей бөпөлөп турган аялына эреркеп кетти. Чөгөлөй калып тизесин кучактап, өпкүлөп жиберди.
– Кечир жаным, кечирип кой мени! Мен айбанмын, мен итмин! Сенин кыйналганыңды сезбей жүрөм дейсиңби?! Сени бактылуу кылам деп шорго малганымды билбейт дейсиңби?!
– Койчу Иман, антип айтпа, мени бактысыз деп ким айтат?

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 384, 12-18-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан