Голливудда жашап, атактуу болуу "Большие люди" долбоорунда Беманын ролу аркылуу таанылган Жибек Нурманбетованын кыялы болчу. Мекендешибиздин "америкалык кыялы" акырындап ишке ашып баратат. Себеби Жибек чет өлкөлүк ырчылардын клибине тартылып, бий өнөрү аркылуу ийгилик жаратууда.
– Жибек, учурда Америкада жашап, иштеп жүргөнүңдү билебиз. Сени чет өлкөлүк ырчылардын клиптеринен да көрүп калабыз. Дегеле бий дүйнөсүнө кандайча келип калдың?
– Мен башынан эле бийлегенди жакшы көрчүмүн. Кийинчерээк жакшы бийлээриме ынанып, буга олуттуу карай баштадым. Болбосо Америкага эмнеге келмек элем? Голливуддагы эл аралык бий академиясын бүтүрдүм. Бийдин башкы базасын өздөштүрүп, тарыхын окудум. Бул жакта окугуң эле келет, себеби эң сапаттуу билим алып жатып да жеке жашооңдо оюн-күлкү, көңүл ачууга убакытты кенен тапсаң болот. Алгачкы жолу дасыккан бийчи катары румыниялык ырчы кыз Андреа Баландын клибине тартылгам. Ушундан кийин сунуштар түшө баштады.
– Мурда "чет өлкөнү багынтып, атактуу болгум келет" деп маек берген элең. Бул тилегиң ишке ашып бараткандай...
– Мен азыркыга чейин кыялымдын орундалганына ишенбей кетем. Анткени оюма келбеген жерлерди чыныгы жашоомдо көрдүм. Бир күнү рэп ырчысы P.Diddy`нин хан сарайында Ашер менен карта ойносом, кийинки күнү P.Diddy`нин уулу Квинсинин «Night and day» ырынын клибине тартылдым. Жакында ага күбө болосуздар. Бир ирет америкалык ырчы Крис Браун менен да бир столдо отургам.
– Америкада жашап кетүү оор болгон жокпу?
– Жашоо – күлүк ат сыяктуу. Эгер ал сенин каалооң менен чуркап турушун кааласаң, анын тизгинин бекем кармашың керек. "Оор, кыйын" деген сөздөр менен тааныш эмесмин. Мен "каалайм жана ага жетүү үчүн эмне керек?" дегенди гана билем. Эң башкысы баарын нөлдөн баштоого эч убакта кеч эмес экенин билүү керек деген жыйынтыкка келдим. Жыйынтык болсо өзүңдүн аракетиңе жараша болот.
– Келбетиң, жүзүң өзгөргөндөй туюлду. Мурдагыдан да чырайлуу болуп калыптырсың...
– Бул жакта жашап өзгөрбөй коюу мүмкүн эмес. Ошол эле ой жүгүртүүң боюнча калсаң, анда "жоголуп" кетесиң. Миллиондогон адамдардан өзгөчө болуп көрүнүш үчүн өзүңө кам көрүп, уникалдуу болушуң зарыл. Менин таңым ийгиликтүү жана белгилүү адамдардын мотивация берген аудиолорун угуу менен башталат. Күнүм болсо мээмди иштеткен жана аны ийгилик энергиясына багыттаган китеп окуу менен жыйынтыкталат.
– "Большие люди" долбоорундагы актёрлор менен байланышып турасыңбы?
– Кээде гана кабарлашып турабыз. Досторумдун ийгиликтерин көрүп кубанам. Кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө алардын да салымы чоң деп эсептейм. Ал эми "Азия МIX" командасынын менеджери, Эльдияр Кененсаровдун жубайы Камила Абдил менен дайыма байланышып турам. Экөөбүз аябай жакынбыз. Ал мени колдоп, улуу эжемдей болуп калган.
– Инстаграмдагы баракчаңа купальникчен түшкөн сүрөттөрүңдү жүктөйсүң. Буларды туура эмес кабыл алгандар да бар...
– Алар купальникчен түшкөн жөн эле сүрөт эмес. Менин ар бир сүрөтүмдүн артында канча деген көз жаш жана чоң эмгек жатат. Бул деген күн сайын таңкы саат 5те туруп 2 саат спорт залдагы машыгуу. Жалкоолукту аттап өтүү, буга чоң эрк керек. Ошондой эле ал сүрөттөрдө өзүмө болгон ишеним жана өзүмдү аялзаты катары кабыл алуу камтылган. Эгер "эл эмне дейт?" деп тынчсыздана берсем, анда ишке ашпагандай туюлган кыялдарыма кадам таштабайт болчумун да. Мени "псевдоуялчаак" адамдар ойлондурбайт. Болгону алар өзүңдү мыкты сезип алууга жардам беришет (күлүп). Андай адамдар сүрөттөргө негативдүү комментарий калтырышса, артынан жеке кат аркылуу суктанып жаткан оюн билдиришет. Мен аларды кичине кезимде, КВНде ойноп жүргөндө эле кезиктиргем.
– Маегибизди жеке жашооңо буралы. Сени Саламат Алиевдин жубайы катары да тааныйбыз. Аны менен ажырашып кеткен деген кептер айтылып келет...
– Саламат экөөбүз 2 жыл мурун ажырашып кеткенбиз. Ортодо достук мамилени сактап калдык.
– Жибек, сөз соңунда келечекке кандай пландарың бар деп сурагым келип турат.
– Дүйнөлүк киного, телевизиондук шоу берүүлөргө тартылууну каалайм. Эталон болуп элди шыктандырып, жакшы нерселерди жасагым келет.
– Маегиңе рахмат, тилегиң орундалсын!
Динара Абдыкадырова
(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg