КООМДОГУ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ КӨРСӨТКӨН СОЦИАЛДЫК ЖАРНАМАЛАР

Таасирдүү социалдык жарнамалар адамдын көңүлүн өзүнө бурдуруу менен гана тим болбостон, көпкө чейин эсте сакталып, аны менен катар коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдү "көзгө чукуп" көрсөтүп, кулак кагыш кылып, аны чечүүгө үндөйт. Бул ирет сиздерге дүйнөдөгү таасирдүү деп эсептелинген социалдык жарнамалар топтомун тартуулайбыз.

"ТЕЛЕФОН ДУБАЛЫ"


Пекиндеги "Ogilvy" компаниясы гаджеттин биздин жашоодогу ордун көрсөтүп, жарнаманын ураанын "Интернетте канчалык көп баарлашсак, ошончо биз аз баарлашабыз" деп аташкан. Албетте, бул көйгөй бүткүл дүйнөгө кулачын жайып баратканын тана албайбыз. Мисалга алсак, биздин өлкөдө деле интернеттен башы чыкпай, керек болсо балдары менен иши жок, айлана-чөйрөнү, чыныгы жашоону унутта калтыргандар аз эмес.

"УНЧУКПАЙ КОЙБО ЖАНА КОРКПО"


Социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө чакырык жасаган жарнамалар бизде деле жок эмес. 2013-жылы Бишкек шаарында зомбулукка кабылган кыз-келиндердин көйгөйүн чечүү максатында сүрөт көргөзмө уюштурулган. Долбоордун автору Айгүл Аджиеванын айтымында, айымдарга зомбулук көрсөтүү маселеси көпчүлүк учурда коомчулукта айтылбай кала берет. Андыктан долбоордун аталышы "Унчукпай койбо жана коркпо!" деп аталган. Бул көргөзмөгө фотограф Дмитрий Галькевич тарткан бир топ белгилүү айымдардын жана долбоордун авторунун кордук көргөн кыз-келиндерди элестеткен сүрөттөрү коюлган.

"ИЧТИҢБИ? ТАНДА!"


Исландиялык социалдык жарнама алкоголь ичимдиктерин ичкен адамдарга "Ичтиңби? Кайсы транспортту тандайсың?" деген суроо узатат. Ичкен адам такси, полиция, "Тез жардам" же сөөк салуучу бюро кызматынын унааларынын бирин тандашы керектигин эскертет. Акылдуулук жана чекит. Айта кетсек, жер шарында жыл сайын орто эсеп менен
1 миллиондон ашуун адам жол кырсыгынан көз жумат. Ал эми Кыргызстанда 2015-жылы жол кырсыгынан 1059 киши мерт болгон. Анын 96сы жаш балдар.

"ТАШТАНДЫНЫН ДА ҮЙҮ БАР"


Таштандыдан тазалануу үчүн дагы бир социалдык жарнама "Баары бир" долбоорунун алкагында Орусияда жасалган. Анда көчөлөргө таштанды таштабоого чакырат. Дүйнөдө күн сайын 3 жарым миллион тонна таштанды чыгарылат. Өзгөнү коюп өзүбүзгө келсек, борбор калаабыз Бишкекте эле күн сайын орто эсеп менен 6 жарым тонна таштанды чыгарылып, шаар четиндеги "Таштанды тоо" же "Өчпөс от" аталган таштанды төгүүчү "үйгө" жеткирилет.

"ЛАЙКТАР ЖАРДАМ БЕРБЕЙТ"


Бул сүрөт Сингапурдагы "Publicis" социалдык жарнама агенттигинин "Лайктар жардам бербейт. Волонтёр бол, жашоону өзгөрт" аталышындагы жарнамасы. Чындыгында азыр социалдык тармактарда "лайк" басуу модага айланууда. Керек болсо "Баланча киши өлүптүр" деген жаңылыктарга да "лайк" баскандар бар. Социалдык тармактарда жардамга муктаж адамдардын жардам сурап кайрылганын күн сайын көрүүгө болот. Аларга "лайк" баскандар чыныгы жашоодо канчалык деңгээлде жардам берери белгисиз.

Асхат Субанбеков,
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Juma.Nusupbek
2016-10-24 09:57:39
Кайсыл социалдык тармакка кирсен эле апаңды жакшы көрсөң класс бас,мусулмансыңбы класс бас деп турган болот.Апаңды жакшы көрсөң барып жакшы көрүшүңдү айт класс баспай.Мусулмансыңбы барып намаз оку класс баспай
+25
datkayimjan
2016-10-24 18:58:36
Алкоголик деген сыяктуу эле "интернетик" деген диагноз коюп дарылай турган денгээлге жетип калабыз жакында. (Кудай сактасын деп коёлу)
+2
№ 729, 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан