2 ЖОЛУ КАЗЫЛГАН БАПТИСТТИН СӨӨГҮ ЖАШЫРУУН ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ

Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында 76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиева 13-октябрда көз жумуп, анын сөөгүн аталган айылдын көрүстөнүнө коюуга айылдаштары каршы чыгышкан. Буга маркумдун баптист экени себеп болгон.

"АЛ БАПТИСТ ЭМЕС, БОЛГОНУ БИБЛИЯ ОКУП КОЙЧУ"

Маркумду өз айылынын көрүстөнүнө коюуга каршы чыгышкандан кийин туугандары анын сөөгүн коңшу жайгашкан Өрүктү айылына коюшкан. Сөөк коюлган соң аталган айылдын тургундары да сөөктүн коюлушуна каршы чыгып, кайра казып алышкан. Андан соң маркумдун сөөгү төркүнү Чаткал районуна коюлмак. Бирок жергиликтүү бийликтегилер Ала-Бука районунун борборунда жайгашкан христиандардын көрүстөнүнөн жер бөлүп берип, ошол жерге коюлган. Тилекке каршы, кайра анын сөөгүн казып чыгарып салышкандыктан 18-октябрда жашыруун көмүлгөнү айтылды. Аты-жөнү белгисиз калышын каалаган маркумдун тууганы окуяны мындайча айтып берди:
– Каныгүл эже кадимкидей эле айылдагы адамдар менен аралашып, той-топурда чогуу эле жүрчү. 2 кызы бар. Жакында эле небере кызын турмушка узатып, элдин баары үйүнө келип, той болуп жаткан. Өзү болсо ооруп жүргөн, анан минтип каза болуп калды. Ал баптист эмес, жахаба эмес, болгону Библия окуп койчу. Эң негизгиси адамдарга жамандык кылып, террорчу болгон жок да, туурабы?
Ал каза болгондо эл келип мал союлуп, Оштон, Бишкектен да туугандары келишти. Апасы каза болор алдында кызы молдо чакыртып, дем салдыртыптыр. Эже каза болгондо дин өкүлдөрү келишип, кызына келме айттырып, "кайра ислам динине кайт" деп жатышкан. Бирок ал кайра эле китебин көтөрүп чыгып, "мен ушул аркылуу бейишке чыгам, апамды эмне кылсаңар ошо кылгыла" деп айткан. Мен да Иса пайгамбарга сыйынам, биз кыргыз машаякчыларыбыз. Мага да жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз дешти, макул болбой койдум.
Бул окуядан кийин биздин бардык туугандар жаманатты болуп калдык, жадакалса мектептен балдарыбыз ыйлап келип жатат. Адам укугун сактоо дегенди билбейт экенбиз.

"АПАМДЫН СӨӨГҮ КАЙДА КӨМҮЛГӨНҮН МЕН ДА БИЛБЕЙМ"

Маркумдун кызы Жылдыз Азаева менен байланышканыбызда ал буларды айтып берди:
– Апам тирүү кезинде болгону "Инжил", "Тоорат" деген китептерди окучу. Аны молдолор деле окуп жүрүшөт. Ал китептерди мен да окугам. Ал китептер болгону адамдарды акылдуулукка, адептүүлүккө, ата-энени сыйлоого чакырат. Апам деле аны элге айтып, туура эмес үгүт иштерин жүргүзгөн эмес. Анан эле баптист деп айтып жатышат. Ал эмне экенин мен да түшүнбөйм. Өзүм Кудайга гана ишенем.
Апам каза болгондо ак кепинге ороп, акыркы сапарга узаталы деп ойлогонбуз. Бирок молдолор буга болбоду. "Жаназасын да окубайбыз" дешти. "Эгерде кызы сөөктү көрүстөнгө койсо, динге өзү кирбесе анда таш бараңга алабыз, же болбосо сөөктү короосуна көмүп алышсын" деп эл айтыптыр. Сөөктү экинчи жолу казып алгандан кийин азыр кайда көмүлгөнүн билбейм. Айтпай да жатышат.

"МАРКУМДУН БАШКА ДИНДЕ ЭКЕНИН ЖАШЫРАЛЫ ДЕГЕНБИЗ"

Ала-Бука районунун имамы Шумкар Чыналиевге байланышсак, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Таш бараңга алабыз деген сөз болгон эмес. Биз маркумдун үйүнө барганда анын кызы "мен түшүнбөй башка динге өтүп кетиптирмин, кечирип койгула" деп ыйлаган. Эл андан "эмне үчүн башка динге өтүп кеттиң же сага акча керек болдубу?" деп сурашканда, ал "мен билбестик, түшүнбөстүк кылдым. Бул динде жүргөндөргө айтар элем, артка кайткыла. Адам өлгөндө ушундай маселенин болорун билбептирмин" деген. Биз маркумдун сөөгүн бир жакка көмөбүз же көмбөйбүз деп чечим чыгарган жокпуз. Тескерисинче, колдон келишинче анын башка динде экендигин элден жашырганга аракет кылдык. Жергиликтүү калк ага болгон жок, сөөктү айылдын мүрзөсүнө коюуга каршы чыкты. Жаназасы да окулган жок, анткени эл келбей койду.
Шариятта ар бир адам көмүлүүгө укуктуу деп айтылат. Негизинен мусулмандын жанына башка диндеги адам көмүлгөн болсо, анын кыйналганына жанындагылар чыдай албайт.

КИМ КАЙДА КӨМҮЛӨРҮН МУФТИЯТ ЧЕЧЕБИ?

Ушул окуя боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактыяр Токтогазы уулу атайын фатва чыгарышканын айтты:

– Бизде ата-бабабыздан бери сакталган бир эреже бар да. Анда ар бир дин өкүлдөрү өзүнө тийиштүү жерлерге көмүлүшү шарт. Эгерде мындай учурлар болуп калса, анда башка диндеги маркумду көмүү үчүн өзүнчө жер бөлүү зарыл. Мүрзө мусулмандыкы же башка диндегиники деп жергиликтүү эл жана айыл өкмөтү чечип алышы керек. Бул окуядан кийин биз башка диндеги адам каза тапса, мусулмандар мүрзөсүнө коюлбасын деген атайын фатва чыгардык.

"ЭЛ АЛ АДАМДЫН КӨМҮЛҮШҮНӨ КАРШЫ БОЛДУ"

Ала-Бука районунун акиминин орун басары Калчабү Үсөнбаевага кайрылып, жооп алдык:

– Окуяны угарым менен ошол эле күнү аталган айылга бардым. Барсак маркумдун жакындары "сөөктү башка жакка алып кетүүгө шартыбыз жок, ушул гана жерге коёбуз. Кандай болсо да жерге берели, сөөгү талаада калбасын" деп ыйлашкан. Бирок айылдаштары такыр эле баш тартып туруп алышты. Анан райондун борборунда христиандардын көрүстөнү бар, ошол жерге берүүнү чечип, сөөк ошол жакка коюлган. Ал көрүстөн мусулмандардыкына жанаша жайгашкандыктан ал жерден кайра казып чыгарып салышкан соң сөөктү жашыруун көмүүгө аргасыз болдук. Биз бул окуя боюнча жыйындарды өткөрүп, алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.


Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына ылайык, эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес жана дин мамлекеттен ажыратылган. Эч ким жынысы, этноско таандыктыгы, туткан дини жана башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес. Ал эми жер Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат. Муфтияттын "башка диндеги адамдын сөөгү мусулмандар мүрзөсүнө коюлбасын" деген фатвасы, дегеле окуянын мындай тартипте өнүгүүсү өлкөдөгү мүрзөлөрдүн дээрлик бардыгы мусулмандык болуп калабы деген суроонун жаралышына түртөт. Мүрзөлөр жайгашкан жер тилкелери менчик да эмес, дин кызматкерлериники да эмес, мамлекетке караштуу. Дин маселелерин көзөмөлгө алган мамлекеттик органдар кайсы жакты карап отурушат? Тутунган ишенимине жараша жаңжал чыкса, анда ага ким жооп берет?

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (86)
muke.kg
2016-10-25 18:33:00
Имам Шумкар сен баптист деген созду билесинби же доллардын бетинде баптистердин КУДАЙ БИЗ МЕНЕН деген соз бар ошондуктан ким мусулманбыз ИСЛАМбыз дегендер долларды колунарга кармабагыла куноого батасынар Европанын Россиянын киймин бензинин тамагын жебегиле алар хиристяндар Ашканага чогу тамак ичпегиле куноого батасынар Имамдар элди угутогон силерге Шумкарга уят.Баптистер кудайга эле сыйынат Ислам дининдей эле артыкчылыгы аялсын деп болбойт чогу кудайга эркин сыйынышат акчага сатылбайт.
+1
muke.kg
2016-10-25 18:59:38
Имам Шумкар сен биринчи БАПТИСТ деген созду изилдесен болмок бул баптист деген соз кудайга эркин сыйууну деген соз.Шайтанга эмес Кудайга эле сыйынат ИСА пайгамбарды кудай деп эсептебейт бирок Иса пайгамбар МАШАЯК аркылуу биз бейишке барабыз Иса аркулу акыркы кыяамат кайымда соттолобуз бир кана Иса машаяк соттойт муну КУРАНДА да жазылган.2016 жыл Иса пайгамбардын туулган жылынан башталат Жаны-Жыл бул Иса пайгамбардын туулган куну бут дуйно жузу белгилейт Арап олкосун да Христяндар тейлейт.
+1
inspektor.kg84
2016-10-25 21:09:20
кудайым озу сактасын ушундай корунуштордон
+2
muke.kg
2016-10-27 23:45:15
inspektor.kg84,Кудайым жанакы олгон кемпирди мазактаган дин бузар молдолорду-Имамды Сары-Талаа элин тозоктон сактасын.
-1
Nestana95
2016-10-26 13:55:53
Баптист деген озу кандай неме...коп эле жолу уккам тиги баптист экен..булар уй булоосу м.н баптистке кирип кеткен деп......бирок биздей эле журот го жакшылык жамандыкта...туура эмес сурасам кечиресиздер!?
-1
muke.kg
2016-10-27 23:37:14
Nestana95,Баптист деген бул Иса-пайгамбар машаяк дейбиз крестке мык кагып олтургондон кийин кудай алдында адамзаттын куноосун озуно алып олуп кайра тирилип асманга кудайдын жанына кеткен.Олгонго чейин ал элдерди асманда бир эле кудайга сыйынгыла деп угутогон.Баптистер Библянын жаны осуяты ИНЖИЛДИ Иса-машаяк жазылган китепти курандай кылып окушуп Иса аркулу кудайга сыйынат Исанын жолун жолдошот.Жаны-жылда Исанын туулган кунун белгилейт Иса-пайгамбарга 2016 жашка толду Куранда да жазылган.
-1
mirbek99
2016-10-26 14:46:05
Умар Алхам Бисмиллаахир
рохмаанир рохиим.
Мусулман эместерди
мусулмандардын мазарына
койсо болобу? Же
мусулмандарды
кайрыдиндердин кабырына
койсо болобу?
Абу Нуьейм, Ибну Минда Азирети
Абу Хурайрадан (1), Ибн Асаакир
даьииф санад менен Азирети Ибн
Масьуудтан (2), Ибн Асаакир
жана Маалийний Азирети
Алийден (3) болгон риваятта
Пайгамбарыбыз алайхис салам
айтат:
"ﺍﺩﻓﻨﻮﺍ ﻣﻮﺗﺎﻛﻢ ﻭﺳﻂ ﻗﻮﻡ ﺻﺎﻟﺤﻴﻦ، ﻓﺈﻥ ﺍﻟ
-1
tuigan.
2016-10-26 15:35:46
Шумкар байке эн туура айтат.мусулмандан жанына башка диндегини коюга болбойт
0
muke.kg
2016-10-26 22:51:05
Шумкар байкен мусулман менен христяндын айырмасын билип алсынчы буларга ИМАМДАРГА окмот бекер эле акча коротуп айлык берип жатат. Кыргыздын олгон кемпирин кыргыздын мурзозуно койгула мурзодо Атейистер комунистер намаз окубагандар деле кыргыз эли алпештеп топурак салып комгон биздин салты жактырбагандар койнок-дамбал кийип Арап олкосуно кумга комулгуло Кыргыз элин арапташтырбагыла биз эркин элбиз кудайга кандай сыйынабыз озубуз билебиз кыргызча эле сыйынабыз Кудай кыргызча деле тушунот.
+1
muke.kg
2016-10-26 23:16:30
Шумкар олгон адамдын кыйналганын кордун беле же кайсыл курандан окудун далилдеп берчи жана Баптист эмне шайтан экенин эмне жамандык кылганын айтып берчи.Баптист Иса Пайгамбардын суротун карап чокунбайт крестке сыйынбайт Кудай деп эле сыйынат далилдейм Библянын эски осуятын жаны осуятын окугула коркунуч нерсе же кудайды жамандаган создор жок.Менин айтарым Ыйык-китептерди коп окугула ушака ишенбей.
0
Shahrizaada
2016-10-27 00:49:13
muke.kg баптистмин дениз!))
+2
muke.kg
2016-10-27 23:11:04
Shahrizaada,Мен Баптист эмесмин бирок Ыйык китептерди коп окуйм бир кана куран китеп менен токтолуп калган жокмун.Менин ачуум келгени кыргыздын каза болгон кемпирин билими жок имамдардын-молдолордун мазактаганы жакпай калды.Ошондо да асманда тынч отурган кудайды аралаштырып жалган суйлоп жатышат.Адам баласы кайдан жаралганын билишпейт. Пайгамбарлардын тарыхын билбейт эгер тушунуктору болсо минтпейт эле.
-1
Shahrizaada
2016-10-27 00:52:22
Элге тан каласын, ушул кемпир той кылса келип,_ торуно отуруп тамагынан жеп, жакшылыгына кубок болуп, анан эле олгондо жаманаттыга чыгарганын. Ушунчалык жээрисе тоюна неге келишет?
Тируу кезинде неге жакшы жолго угуттошпойт, ошол эле молдо-кожолор.
Олгон адамга кучубуз жетип калган экенда.
+3
Asedullah1996
2016-10-27 07:03:54
Калк айтса калп айтпайт дейт.эл билет да Жазасын Аллахым бул дуйнодо эле бериптир акыр эти кандай болот????????жогорку коменттерди карасам динден тушунууго жок адамдар Молдолорго асылып жатышат.Өздөрү даарат алганды билишсе гана динден тушунугу жок тайкылар.Уялбайсынарбы???Ата бабаларыбыз карманып келген ИСЛАМ ДИНИ АКЫЙКАТ ДИН
-1
muke.kg
2016-10-27 22:54:09
Asedullah1996,Кудайга шылтаба ал кечиримдуу кудай.Муну кылып жаткан динди чала билген дин бузар молдолор. Аллахым аны жерден эмес асмандан бейиштен орун берип тозуп алат дин деп кыргыздар болунбогуло
+1
aidaika91
2016-10-27 13:26:33
Москвада иштеп журуп айылга кетиш керек болуп калды ордума бир эже келди,ага бардык нерселерди уйроттум.Жакшы эсимде калбады эртен дагы келип корсот деди,озум уборкада иштечумун жумуш оной.Ошентип эртеси келдим негедир маанайым жок эле тиги эже маанайын жок болсо кудайга сыйыналы мен Иса пайгамбарга сыйынам деди эле ошо жерден ал менен урушуп кеттим.Кийин айылга кеттим,келсем жанагы эже жок иштен айдап жиберишиптир.Кеткендеда жон кетпей шкафтарга китеп салып кетиптир.
0
muke.kg
2016-10-27 22:43:06
aidaika91, Сизди шайтанга сыйыналы деп айткан жокпу Соз:- бул жерде кудайга сыйыналы деп жатат сага боору оруп жатат.Таштаган китептеринде эгер окуп корсон кудай жана пайгамбарларга арналган китептер. Окубай эле ал аялды куноолоп жатасын.
-1
teletz-1987
2016-10-28 16:02:57
Христиандар, буддисттер мусулмандар озулорунун мурзосуно комушот дин боюнча, неге баптисттер жаназа окуп бергиле, мусулмандар кумбозуно койгула деп талап кылышат
+1
Shokoladka94
2016-10-28 22:38:08
Кудай сактааа ислам динин жамандагандар арабызда коп экен го. Аман эле болгулачы динин саткандар.
0
windows.kg
2016-10-30 12:27:14
Эмне эле мусулмандар деп эле Имамдарга Муфтиятка асылып калдыңар жакшы окусаңар Кристиан мазарынан да алып салыптыр деп жазылып турат. Ошолорду да критикалагыла. Орус мазарга баткызбаптырго муну мусулмандар кылбаган чыгаар.
0
windows.kg
2016-10-30 12:30:56
Айсалкын Качкынбекова адам укуктары салталыш керек бирок 85%мусулман кыргыз жарандарынын укугу кандай болот акыры адам бир позицияда болуш керекго. Мен мусулман болгондон кийин динимди бурмалабай толук сактаганга укугум бар чыгаар.
0
№ 729, 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан