ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

КООМДО

Фликер
– түркүн түстүү билерик. Түн ичинде жарык бергендиктен жолдогу өтүп бара жаткан жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн эң зарыл буюм. Аны адамдын кийимине же велосипедге тагышат. Ошондой эле фликер айдоочуларга фара катары да кызмат өтөйт. Булар машинанын фарасындай эле жарык бергендиктен, 250-400 метр алыс аралыктан эле байкалып турат.

СПОРТТО

Гейнер
– англис тилинен которгондо "өсүш", "кошумча" дегенди түшүндүрөт. Өзүнүн курамына углевод, белок, минералдарды, витаминдерди жана креатининди камтыган тамак-аш кошулмасы. Өзүнө гейнерди камтыган азыктарды спортчулар же спорт көнүгүүлөрү менен активдүү машыккан адамдар колдонушат. Булар адамга күч-кубат берип гана тим болбостон, булчуңдарды да чыгарат.

КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮКТӨ

Фоамиран
– «фоам», «фом», «ревелюр» деген да аталыштары бар пластикалык замша же резина. Кол менен кармаганда жумшак жана жагымдуу келет. Формасы оңой жана тез өзгөрүп, чоюлчаак болот. Бирок кайра-кайра башка формага сала берсе сапатын жоготуп, керектен чыгат. Ал ар кандай калыңдыкта болуп, ар түрдүү түстө кездешет. Мындай буюмдан жасалган гүлдөр бир караганда кадимки гүлдөрдөн эч айырмаланбайт. Бул буюм зыянсыз болгондуктан жаш балдар да колдонушса болот.

Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 729, 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан