"ҮРКҮН" ТАСМАСЫ КЫРГЫЗСТАНДЫ КЫДЫРУУДА

Кыргыз элинин 100 жыл мурун башынан өткөргөн кайгылуу тарыхын чагылдырган "Үркүн" тасмасы облустардын борборлорун кыдырып көрсөтүлүүдө.

Фильмдин продюсери Мухтар Атаналиев:
– Аталган фильмдин бет ачары 12-октябрда Бишкекте болуп өтсө, андан кийин Каракол, Нарын, Токтогул, Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарларында зал толтура көрүүчүлөр менен өткөрүлдү. Тасманы көргөн элдин пикирин угуп, көз жашын көргөн соң элге тарыхты чагылдырган тасмалар керек экендигин түшүндүк. Көрүүчүлөр тасмадагы кышкы суукта тоңуп өлүп жана карышкырларга жем болгондорду, Кытай жериндеги кыйынчылыкты көрүшүп, өтө таасирленгенин айтышууда. Тасманы Кыргызстандын ар бир булуң-бурчуна, алтургай дүйнө жүзүнө көрсөтүлүүсүн сурангандар көп,- деп билдирет.
Тасмада кандай оор учур болбосун адам баласын сүйүү коштоп жүрөрүн фильмдин башкы каарманы Салман менен Эркенин образынан билүүгө болорун айта кетели.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 729, 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан