КАРГА ТУУГАНЧЫЛ ЖАНА КЕКЧИЛ КАНАТТУУ

"Карга карганын көзүн чукубайт", "Карга баласын аппагым дейт..." деген макалдардын жана Крыловдун атактуу тамсилинин каарманы карга эмне болгон канаттуу? Ал кээ бирөөлөр айтып жүргөндөй чындап акылдуубу? Маалымат алып көрөлү.

Жашоосунун узактыгы
– 15-20 жыл (колдо багылганы 35-40 жыл)
Мекендейт – Европа, Азия, Түндүк Америка, Түштүк Африка, Австралия
Салмагы – 460-700 грамм
Учуу ылдамдыгы – болжол менен саатына 50 чакырым
Канатынын узундугу – 27-30 сантиметр
Денесинин узундугу – 48-56 сантиметр

ЖАНА ДА...

  • Уя абдан булганып кетпесин деп заңдарын сыртка түртүп чыгарып турушат.
  • Кышында тамдын башынан жылгаяк тепкендери кездешет.
  • Ак чардактардын оозунан балыктарды жула качышат.
  • Көңүл ачуу үчүн мышык, түлкү дегендердин ачуусуна тийишет.

"АДАМДАРДАН КЕМ БЕКЕМ?!"

Каргалар жегенге жараган нерселердин эч биринен кыя өтпөйт. Мисалы, курт-кумурска, чычкан, тамак-аш таштандылары, жумуртка, кескелдирик, бака, мөмө-жемиш.
Курсактарын тойгузуу жагында өздөрү ойлоп тапкан акылдуу ыкмалары бар. Аларды көрүп "адамдардан кем бекем?!" деп жаткандай сезилип кетет. Мисалы, кычыкта такалган тамак-ашты көрсө чыбыкты таап, тиштеп келет да, аны менен чукулап чыгарат. Жаңгактын маңызын жеш үчүн аны тиштеп барып жолго таштайт да, унаа аны тепсеп кеткенде барып жеп алат. Жаңы зеландиялык окумуштуулар атайын эксперимент жүргүзүшкөн. Алардын алдына биринин ичине суу куюлган, экинчисинин ичине кум салынган идишти коюп, тегерегине ар кандай көлөмдүү таштарды, жеңил заттарды ташташкан. Каргалар керектүү өлчөмдөгү таштарды суусу бар идиштин ичине таштай беришип, акыры суу ичүү мүмкүнчүлүгүн алышкан.
Жеке жүрүп жем табууга кыйын болуп калган кезде каргалар топтолушуп аңчылыкка чыгышат.

"СЕНИБИ ШАШПА, АКЫРЫ КОЛГО ТҮШӨРСҮҢ"

Окумуштуулар каргалар мурун өздөрүнө зыян келтирген адамды таанып, ал тууралуу маалыматты башка каргаларга да таратып, акыры андан кек аларын айтып чыгышкан. Мисалы, АКШда полиция кызматкерлери каргалар көбөйүп кетти деп шаардын четиндегилерди көп кырып жиберишкен. Каргалар алардын кийимдерин эстеп калышып, ошондон кийин андай кийингендерге "кол сала" башташкан.

"АТАМ ӨЛСӨ ӨЛСҮН, АТАМДЫ КӨРГӨН ӨЛБӨСҮН"

Каргалар топтошуп жашашат. 2 жаштан баштап жетилишет. Жазында жупташуу убагында абада ары-бери кайкып учушуп, бири-бирин кубалап "үйлөнүү" тоюн өткөрүшөт да, жубу менен жашашат. Ургаачылары 3төн 8ге дейре жумуртка тууп, 25 күндө балапандарын чыгарышат. Жаштары 2-5 жылга дейре ата-энеси менен чогуу жашай беришип, үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны бир топко барып калат. Кокус ата-энелери кайтыш болуп кетсе, анда балдарды туугандары "бутуна тургузушат". Башкача айтканда, чогуу жандарында жүрүп, уяларын башка канаттуулардан коргошот.
Өлгөн карганы көрүшкөндө бир топко каркылдашып барып анан басылышат. Муну зоологдор "аза күтүү каадасы" деп аташат.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Ernis.98
2016-10-24 08:54:07
жылгаяк тепкени жакты ))
+3
Asizhan
2016-10-24 10:03:25
"Атам олсо дагы, атамды коргон олбосун" деген туура болотко бейм...
+5
kansulu
2016-10-24 12:59:29
Акылдуу болушат экенда
+2
datkayimjan
2016-10-24 19:17:26
Адамдардан оч алып жургон каргаларды элестетип коркуп кеттим. Ужас кино тартса болчудай экен
+1
tasnim
2016-10-24 21:48:16
datkayimjan,ооба ошондой канаттуу алар,менин тайэнем жайындасы бышкан кокон гиласти кооруп каргаларды таш мн кубалайт эле,эртеси тайэнем эшике чыкса бир экоосу келип башына тээп учуп кетишкен экен)))))
+1
ainura220888
2016-10-25 01:45:00
Чынында каргалар ошондойго курут жайып койсок бирден ташыйт эле карап отурсак. Ташты тиштеп чыгып тамдын башына ташташат эле эмне себептен билбейм. Оч алганыго ал бир болсо.
+2
admin_superstan
2016-10-25 10:27:54
ruslan1969, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
cico
2016-10-27 10:21:10
Карша 300 жылга чейн жашаса крк 15-20 жыл эмес
0
№ 729, 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан